Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Ошто күйүүчү май кескин кымбаттады


Ошто кара май 39 сомго чыкса, бензин 43-44 сомго чейин көтөрүлдү. Мунун себебин май ташуучу компаниялар Ош-Бишкек жолунда май ташыган унаалардын өтө албай жатканы менен түшүндүрүүдө.

Айдоочулар арасында нааразылык жараткан май тартыштыгы аймакта жол киренин жана продукциянын да наркын жогорулатышы мүмкүндүгү айтылууда.

Оштогу май куйуучу бекеттердин айрымдарында унаалар кезек-кезек болуп калды. Кымбаттыгы аз келгенсип, айдоочулар үчүн бензин же солярка табуу да өзүнчө кыйынчылык жаратууда. Ал эмес, бир канча май куйуучу жайлардын жабык экенин да көрүүгө болот.

Өзүн Аваз Султанов деп тааныштырган таксист майдын жетишсиздиги айдоочулардын эле эмес, жүргүнчүлөрдүн да нааразычылыгын пайда кылганына токтолду:

- Күндөн-күнгө кымбаттап, 1 сомго кошулуп баратат. Кээ бир жерлерде 43 сом 90 тыйын, 44 сом, айрымдарында 44 сом 50 тыйынга чейин жетти. Эми 50-60 сомго чейин чыгат деп жатышат. Андай болсо биз кантип жашайбыз? Жалаң такси менен жан бакан адамдар кыйналышат го. Элге "бензин кымбаттады, жол акыны да көбүрөөк бергиле" десең түшүнбөйт экен.

Бензин 43-44 сом болуп турган чакта кара май 39-40 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылууда. Ошол себептүү автобустардын жол акысы жана азык-түлүктүн баасы кымбатташы мүмкүн деген да кептер чыгууда. Кичи маршруттук автобустун айдоочусу Алмаз Алмабашев:

- Жолдун жабылышы менен күйүүчү май кымбаттаганын түшүнүп атабыз. Бирок бийлик ушуну алдын алыш керек болчу. Бул жакта бензиндин көп запасын сактоо керек эле. Эми тилекке каршы карапайым адамдардын эле чөнтөгүнө оорчулук келүүдө. Минтип отурса жол акы да кымбаттайт, азык-түлүктүн да наркы көтөрүлөт.

Ал эми май ташуучу компаниялар май таңсыктыгынын себебин Ош-Бишкек жолунда май ташыган унаалардын өтө албай жатканы менен түшүндүрүүдө. Май куйуучу жайдын кызматкери Адилет Токтобаев:

- Бизде эмне күнөө? Келген нерсени, бар нерсени сатып жатабыз. Жок болуп атса кымбаттайт да. Жол жабык болсо, самолет менен ташып келмек белек? Жакын арадан баштап кайрадан келип калат деп жатат биздин жетекчилер. Ошондо кайра арзандай баштайт.

Рустам Маматов
Рустам Маматов
Ош - Бишкек жолунда май ташыган айдоочулардын бири Рустам Маматов жолдун жабыктыгынан улам 10 күндөн бери Ошто жатканын айтууда. Ал буга чейин унаасы менен 3-4 күндө бир жолу 40 тоннадан күйүүчү май алып келип турган:

- Бул жерде биз 10-15тен ашык айдоочу жатабыз. Ар бирибиз 30-40 тоннадан ташып келгенибизде да мындай кымбатчылык болмок эмес. Жол жабык болсо кайда бармак элек? Минтип отурса абал дагы оорлошот.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күйүүчү майдын запасы дагы 10 күнчө убакытка жете турганын билдирүүдө.

Маалым болгондой, 28-ноябрда жолдун ачылышы менен жолдо калган 150дөй май ташуучу унаанын 40 чактысы Ошту карай жөнөп кеткен. Бирок дагы кар көчкү түшүү коркунучунан улам 29-ноябрдан 1-декабрга чейин жол кайрадан жабылганы кабарланды.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG