Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Кутулар ишенимди кайтарабы?


Ош шаарында милиция ишеним кутуларын орнотту. Күч органдарына түз барып айта албай, же аты-жөнүн билдиргиси келбегендер эми арыз-муңун ушул жол аркылуу жеткирсе болот.

Тартип коргоо органдары бул аракет элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу аракетинин алгачкы баскычы дешет. Бирок ошол эле кезде айрым шаар тургундары мындан жыйынтык чыгарынан күмөн санашууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттыкка" кабарлашынча, шаарга орнотулган ишеним кутулары милицияга жетпей жаткан көп маселелердин бетин ачышы мүмкүн:

- Ишеним кутулары милицияга Ош шаарындагы коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлгө алууга жана жарандардан айрым бир маалыматтарды алып турууга көмөктөшөт. Ошондой эле элден алынбай калган курал-жарактар тууралуу да анонимдүү маалыматтар түшүп калат деп күтүп атабыз. Кутуларда шаардык ички иштер башкармалыгынын ишеним телефондору жана электрондук даректери да жазылган. Тургундар ушул жолдор аркылуу каалаган маселелерин, милиция кызматкерлерине нааразылыктарын же ыраазылыктарын кат жүзүндө салса болот.

Ишеним кутулары шаардагы калктуу 6 жерге жайгаштырылды. Сыдыковдун белгилешинче, аларга түшкөн ар бир кат шаардык милициянын башчысынын колуна тиет:

- Кутулар менен гана элдин ишенимин кайтарып алабыз деп айтуудан алыспыз. Бул болгону ошого карай аракет кылып жатканыбыздын белгиси. Эл менен милициянын жакындаштырсак, бири-бирине болгон мамилесин оңдосок деген ниет. Элдин толук ишенимине кирүү бул күч органдарында иштеген ар бир милициядан көз каранды. Алардын ар бири жүрөгү менен берилип, таза иштесе гана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Милициянын бул иш аракетин шаардыктардын көбү колдоого алганы менен, андан жыйынтык чыгаарынан күмөн санашууда. Оштун тургуну Расул Маматов:

- Менимче бул абдан жакшы саамалык. Себеби элдин арасында милицияга түз барып айта албай, же кайрыла албай жүргөн адамдар көп. Бир нерсени кабарлап койойун деп, бирок өзүмдү таанып калбасын деп корккондор бар. Өзгөчө баягы коогалаңдан кийин мындай адамдар формачандарды көрсө эле качып калышты. Болгону маселе ошол жакка жазылган ар бир маалымат каралып, анан жыйынтыгы чыгып турабы дегенде болуп атат. Эгер жыйынтык жок болсо, бул көргөзмө курал сыяктуу эле кызмат кылат.

Шаардын башка бир жашоочусу Изаттулла Рахматуллаев милициянын ишеним кутуларына үмүт артып жаткан экен. Анткени карапайым эл кайсы бир маселеде өз аты-жөнүн айтуудан кооптонот:

- Милициянын, прокуратуранын же Улуттук коопсуздук кызматынын кайсы бир кызматкерлерине нааразы болуп, же алардын үстүнөн арыз жазууну каалагандар бар. Бирок алар ошол эле күч органдарына барса, аларды ошол жерден таанып калып, ар нерсе кылышы мүмкүн. Ошол себептүү коркутуп-үркүткөндөргө карата чара да колдонулбай келген. Бул эми ошолорду аз-маз болсо да ооздуктайт го.

"Бирок милиция калк менен ачык диалогго келбесе, элдин ишеними ошол бойдон эле кала берет" деп кошумчалайт Рахматуллаев:

- Милиция өзүнүн милиция деген атына татыктуу болбосо, эл баары бир ишенбей кала берет. Бул жерден аларга кайрылуу маселеси гана эмес, формачан адамдардын элге кылган мамилеси башкы орунда туруп жатат. Ар бир адамды сыйлап, укугун коргоп, урматтап, мыйзам чегинде мамиле кылса гана эл аларды колдойт. Азыр эми аларга ишенич жок.

2010-жылкы апрель жана июнь окуяларынан кийин калктын күч органдарына болгон ишеними бир топ төмөндөп кеткендиги айтылууда. Ошол себептүү коомчулук менен милициянын ортосундагы байланышты жакшыртуу жана бекемдөөнү тездетүү керектиги белгиленип келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG