Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Шарк: жаңы мектеп окуучуларды күтөт


Өткөн жылы июндагы коогалаңда өрттөнүп кеткен Толстой атындагы мектептин жаңы имараты ишке берилгени турат. Бир жылдан бери чатырда окуп келген Кара-Суунун Шарк айылынын окуучулары эми 2 кабаттуу мектепте билим алышмакчы.

Кара-Суунун Шарк айылынын кичинекей тургундары жаңы окуу жылына даярдык көрүшүүдө.

Лев Толстой атындагы бул мектептин имараты былтыркы кандуу окуяларда өрттөнүп кеткен болчу.

Буга чейин чатырда окуп келген окуучулар жаңы окуу жылын эми жаңы имаратта тосуп алышмакчы.

1-класска келип аткан Абдыманаптын кубанычында чек жок:

- Мен 1-класскка келдим. Эми жакшы окуйм. Жалаң 4-5ке окуйм. Мектебибиз жаңы, сонун экен. Сабак мага жагып жатат.

Мектептин курулушуна Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 36 млн. 600 миң сом жумшады.

Окууга ылайыктуу бардык шарттары менен салынган мектепке окуучулар гана эмес, мугалимдер да сүйүнүп турушат.

Болгону окуу процессине керектүү китептер быйыл Шарктын окуучуларында жетишсиз болчудай.

Директордун окуу иштер боюнча орун басары Алтынай Бадалова:

- Өткөн жылы мектебибиз өрттөнгөндө базабыздагы 20 миңден ашык китеп өрттөнүп кеткен.

Азыр мектептерден, ар түрдүү уюмдардан китеп жагынан жардам берилип жатат. 4 миңге жакын китеп топтоп алдык. Бирок бул болгону окуучулардын 40% гана камсыздайт. Калган 60 пайызына китеп жетишсиз.


Толстой атындагы орто мектепте 700дөн ашуун окучу бар. Бирок өткөн жылкы окуялардан кийин ата-энелер 250дөй баланы мектепке жөнөтпөй коюшкан эле.

“Баары калыбына келтирилгендей кийин эми алар да келишсе керек” деп үмүттөнөт мектеп жетекчиси Мурадылжан Мойдунов:

- Азыр көп окуучулар кайтып келүүдө. Мугалимдерибиз элди аралап тизмелеп чыкты, кетип калгандардын көбү келишиптир. Эми куда кааласа 700гө жакын окуучу келет деп күтүп атабыз. Менимче балдардын аң-сезими калыбына келип калды. Баары жакшы.

Шарк айылынын тургуну Арзыкан Асанбаева да балдарды мектепке жөнөтүүдө кооптонууга эч кандай негиз жоктугун айтууда:

Июнь айындагы коогалаңда өрттөнүп кеткен мектеп.
- Мектепти оңдоп, куруп беришти. Ыраазычылык билдиребиз. Азыр кырдаал былтыркыдай эмес. Баары дурус.

Балдар ээн-эркин эле барып келип окуй беришсе. Мектепте орус, кыргыз, өзбек болуп окуй беришет. Негизгиси тынчтык болсун.


Ошко болгон иш сапарында өлкө башчысы Роза Отунбаева да Шарк айылынан кыя өткөн жок. Президент жаңы мектептин шарттары менен таанышып, мугалимдердин билимдерин өркүндөтүү керектигин белгиледи:

- Мектептин имараты калыбына келтирилди, эми балдардын аң-сезими калыбына келиши керек. Ал үчүн мугалимдерди да ар кандай тренингдерден өткөрүп, квалификациясын жогорулатыш керек.

Толстой атындагы орто мектепте жаңы окуу жылында атайын кыргыз класстары да ачылганы турат. Мектеп жамааты бул ата-энелердин өтүнүчү менен болуп жатканын айтышты.

Мугалим Мехриман Хакимованын айтымында, балдар арасында да кыргыз тилин үйрөнүүгө далалат кылгандар көбөйүүдө:

- Жаңы окуу жылына балдардын маанайы жакшы. Ата-энелер атайын бир кыргыз классын ачтырышты. Анда балдар жалаң кыргыз тилинде окушат. Буга балдардын өздөрү да кызыгып атышат.

Маалым болгондой, өткөн жылкы кандуу окуяларда Ошто 2 мектеп өрттөнүп кеткен болчу. Толстойдон башка шаарда жайгашкан Хамза мектебинин окуучулары жакын жайгашкан башка мектептерге барып окушмакчы.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG