Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Журналисттер "азуусун" көрсөтүүдө


Бүгүн журналисттер Жогорку Кеңеш имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

Акция уюштуруучуларынын жүйөсүндө, айрым эл өкүлдөрү журналисттерге өз милдетин аткарууга тоскоолдук кылып, алардын маалымат алуу укугун чектеп жатышат.

“Парламентке азуубузду көрсөтөбүз” деген аталыштагы акцияны журналисттер парламенттин жыйынына катышууга тыюу салынган НТС каналынын кабарчыларына тилектештик билдирүү максатында уюштурушту.

Акциянын уюштуруучуларынын бири, журналисттердин кесиптик кошуунунун жетекчиси Мэри Бекешованын айтымында, буга чейин депутаттар журналисттердин өз милдетин аткарууга тоскоолдук кылып, маалымат алуу эркиндигин чектеген учурлары катталып келген. Ушундан улам мындай көрүнүштөргө каршы журналисттер биригип, митингге чыгууну чечишкен:

- Акциянын негизги максаты - парламенттин жыйынынан эч себепсиз чыгарылган НТС каналынын журналисттерине тилектештик билдирүү. Эртеңки акцияда журналисттик коомчулук чогулуп, аларды колдоого алып жатат. Ал жерде журналисттердин күнөөсү жок болчу, алар өз милдетин аткарып жатышкан. Бирок кайсы бир саясий шылтоо менен аларга депутаттар тоскоол болушту. Эгер мындай нерсе улана берсе, бул бир эле ушул каналдын эмес, бардык ЖМКнын башына келе турган маселе.

27-сентябрда апрель окуясынан соң Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноого тиешеси бар делип, тергөө абагында отурган Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүн териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өткөн. Мына ушул жыйынды чагылдыруу үчүн барган НТСтин журналисттерин депутаттар жыйынга киргизбей коюшкан.

Каналдын жаңылыктар кызматынын башкы редактору Айдай Ивакованын “Азаттыкка” билдиришинче, кабарчылардын жыйынга катышуусуна “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү каршы чыккан:

- Юсуповдун айткандарын териштирген комиссия иштей баштагандан тартып эле “Ата Мекендин” депутаттары тарабынан бизге начар мамиле жасала баштады. Биздин кабарчыларды да жыйынга катыштырбоого Бакыт Калмаматов менен Наталья Никитенко каршы туруп алышыптыр. Бирок комиссиянын иши “Ата Мекенге” эле тиешелүү эмес, бардык кыргызстандыктарды кызыктырган маселе болчу. Анан биз аны чагылдырып, өз көрөрмандарга маалымат берип, милдетибизди гана аткарып жатканбыз.

Апрель окуясынан кийинки талап-тоноочулук боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов менен уюштурулган интервьюну НТС каналы август айынын этегинде көрсөткөн эле. Интервьюда айыпталуучу талап-тоноо иштерин уюштурууга "Ата Мекен" партиясынын төрт депутатынын тиешеси бар деп билдирип чыккан. Бирок каналдын кылмышка шектелген адамдын “Ата Мекендин” лидерлерин каралаган берүүсүнүн улам-улам чыгарылышы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, бейтарап маалымат таратпаганы сынга алынган болчу. Атүгүл Аскер прокуратурасы атайын иш козгоп, НТСтин кабарчыларынын Юсупов менен маегинин мыйзамдуулугун иликтеп жатат.

Эркиндик жана жоопкерчилик

Мына ушул окуядан соң каналдын бейтарап маалымат таратарынан күмөн санаган “Ата Мекен” фракциясынын өкүлдөрү журналисттердин комиссия жыйынынан чыгарылышы боюнча өз жүйөсүн келтирүүдө. Бул тууралуу фракциянын төрагасы Өмүрбек Текебаев төмөнкүлөрдү билдирди:

- НТС каналы Бабановдун колундагы курал болуп жатат. Аны Бабанов басып алып өз мүлкүн, байлыгын жана эркиндигин сактап калыш үчүн пайдаланып жатат. “Ата Мекен” фракциясы эч кандай маалымат каражаттарынын укугун бузган жок. Ал комиссиянын жыйынына НТСтен башка эч бир канал келбейт. Ошондуктан депутаттар жыйынды чагылдырса, КТРК да, ЭЛТР жана башка каналдын баары келип чагылдырсын, эмне үчүн НТС гана муну чагылдырыш керек деген маселени койду. Себеби комиссиянын айрым мүчөлөрү НТСти атайын чакырып коюп, эшиктин жанында ар кандай чыр-чатактарды кылып, Бабановдун көрсөтөбүз деген айла-амалдарын жасап жатат.

Ал эми аталган комиссиянын төрагасы, "Ата Журт" фракциясынан депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, комиссиянын жыйынына бир да телеканал атайын чакырылган эмес:

- Бизге “Ата Мекендин” мүчөлөрү “НТСти чакырдыңар, башкаларды чакырбайсыңар” деп доо коюп жатпайбы. Биз эч бир каналды чакырган эмеспиз. НТСтин журналисттери башка интернет каражаттарынын өкүлдөрү сыяктуу эле жыйынды чагылдырууга келишиптир. Башка телеканалдар келсе деле аларга ушундай шарт түзүлмөк. Негизинен биз баары ачык өтсүн, журналисттер кирсин деп эле жатабыз. Өткөн жыйында болсо “Ата Мекендин” мүчөлөрү каршы чыккан үчүн журналисттерди чыгарууга мажбур болдук.

НТСтин айланасындагы чыр парламент менен медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы биринчи талаш эмес. Былтыр Жогорку Кеңеш 5-каналга бир жактуу маалымат таратып жатат деп кине коюп, каналдын журналисттерин парламентке киргизүүдөн баш тарткан. Анда да журналисттер муну сөз эркиндигине кол салуу деп баалап, нааразылыгын билдиришкен эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG