Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Депутаттар эл эсебинен Малайзияда жүрүшөбү?


Эл өкүлдөрү “Кыргызстан” авиакомпаниясынан “Боинг-737-400” учагын айдатып кетишкен.
Эл өкүлдөрү “Кыргызстан” авиакомпаниясынан “Боинг-737-400” учагын айдатып кетишкен.

Төрага Ахматбек Келдибеков баштаган ырасмий делегация Малайзия, Индонезияда жүрүшөт. Бул иш сапарга 200 миң доллардан ашык акча корогону айтылат.

Бир катар депутаттар иш сапарга кеткендерди "казынанын акчасын обу жок коротушууда, максатсыз иш сапарда жүрүшөт"» деп айыптап чыгышты.

Жогорку Кеңештин он беш депутатын баштап, жалпы 36 кишинин коштоосунда төрага Ахматбек Келдибеков Малайзия, Индонезия өлкөлөрүндө иш сапары менен жүрөт. Бул сапар 10-июлдан 16-июлга чейин созулмакчы. Ал үчүн эл өкүлдөрү “Кыргызстан” авиакомпаниясынан “Боинг-737-400” учагын айдатып кетишкен. Парламенттин айрым депутаттары бул сапар үчүн 10 миллион сомдон ашык каражат коротулганын айтып, нааразылыгын билдирүүдө.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, депутаттык сапар аты аталган эки өлкөнүн парламенттери менен кызматташтыкты арттыруу максатында мурдагы иш сапарга жооп катары жасалууда. Анткени ушундай эле иш сапар менен 2009-жылы Малайзиядан 9 депутат Кыргызстанга келип кеткен.

Аскар Бешимов
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Аскар Бешимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, учурда 36 адамдан турган делегация Индонезияда экендигин, алардын сапары 15-июлда аяктап, 16-июлда Бишкекке барып калышарын билдирди.

Элчи мырзанын айтымында, эки жыл мурда Малайзиядан тогуз депутат Бишкекке барып, алардын чыгымын Кыргызстан көтөргөн. Малайзияда да жооп катары азыр 9 адамдын чыгымын толук көтөрүүдө. Ал эми калгандары казынанын эсебинен жүрүшөт:

- Бул баягы кайтарма иш сапар. Кыргызстанда эки жарым жыл мурда кайсы форматта тосуп алып, мейманкана ж.б. баарын төлөгөн болсо, Малайзия да ошол сыяктуу бардык чыгымдарды көтөрүп атышат, тогуз адамдыкын. Калгандарыныкы мамлекетибиздин эсебинен...

Сапар чыгымын баары эсептеп жатышат

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, бул делегациянын курамында ал дагы болгонун, бирок салык төлөөчүлөрдүн акчасына максатсыз жер кыдыруудан баш тартканын билдирди. Анын айтымында, бул иш сапарга бери эле дегенде казынанын акчасынан 200 миң доллар коротулду:

- Кыргызча айтканда бул айылчылап кетишти деген эле сөз. Эч кандай биздин Малайзия, Индонезия менен соода-сатык алакабыз жок. Эми кат менен кайрылып, “бизди чакырып койгула” десе ар бир эле мамлекет чакыра берет. Биз мындай сапарларды канчалык мамлекетибизге пайдалуу, канчалык натыйжалуулугуна жараша пайдаланышыбыз керек. Эгер ошончолук эле керек болсо, төрага жанына беш фракциядан бирден депутат эрчитип алып, алты киши барып келишсе деле болот эле да, жөнөкөй жүргүнчүлөр түшкөн учак менен. Бирок кырктай киши учуп кетиптир. Мени делегацияга кошушкан экен, мен болсо баш тартып койгом. Ал жакта кыларга жумуш жок. Инвесторлорго бул жактан шарт түзсөк эле келишет.

Кубанычбек Өмүралиев
“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун директору, серепчи Кубанычбек Өмүралиевдин пикиринде, эгерде иш сапар жупунураак болгондо эч ким буга кайрылбайт болчу. Андыктан парламенттик делегацияга кырктай адамды кошуп албай, азыраак адам жүргүнчүлөр учагына түшүп барышса деле болмок:

- Негизги суроо, ошол 36 адамдын баары барыш керек беле? Ушул болуп атат. Мисалы, төраганын бир оператору, сүрөтчүсү, маалымат катчысы деп жүрөт. Ушуну 1 киши эле айкалыштырса болот эле да. Андан башка эле керексиз адамдар жүрөт. Бизде эле эмес, Норвегия, Швеция сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде бир гана парламент төрагасы эмес, премьер-министрлери да кээде чоң жыйындарга барганда жүргүнчүлөр менен кошо учакка түшүшөт.

Төрага менен кошо анын жубайы Аида Токтоматова да жүрөт. Ошондой эле төраганы жеке дарыгери, сүрөтчүсү, оператору, котормочусу, маалымат катчысы баштаган жардамчылары коштоп жүрөт. Андан тышкары делегациянын курамында Социал демократтардан 4 депутат, “Ар-намыстан” 5 депутат, “Республикадан” 3 депутат, “Ата Журт” менен “Ата Мекенден” бирден депутат бар.

Жакыр өлкөдө шаан-шөөкөт көп

Жогорку Кеңеш 30-июнда эле эс алууга тараган. Азыр парламент депутаттары ырасмий түрдө эс алууда жүрүшөт. Андыктан төрага баштаган депутаттар эс алып жүрүшөбү же ырасмий сапардабы деген суроо да көтөрүлүүдө. Эгер эс алып жүрүшкөн болсо, эмне себептен салык төлөөчүлөрдүн эсебинен? Эгер иш сапарында болсо, эмне себептен эс алуу маалында жөнөп кетишти? Парламенттер аралык кызматташуу боюнча сапарга 5-6 депутат жүргүнчүлөр учагына отуруп барса болбойт беле?

Кыскасы, экономикалык жагдай абдан оор болуп турган чакта аткаминерлердин шаан-шөкөттүү иш сапарлары, жашыруун сапарлары, алар бюджеттен короткон акчалар талаш-тартыштарды жаратып келатат.

Мындан мурдараак ушул эле төрага А.Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Жаныбек Бакчиев экөө байлар минчү “Челленжер” учагын алдыртышканы, Орусияны кыдырып келишкени тууралуу маалымат тараган. Эки жетекчинин маалымат кызматы болсо, “бул алардын жеке иши” деп жооп беришкен.

XS
SM
MD
LG