Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 21:24

Шаштыны кетирген шайлоо мыйзамдары


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун кооптуу жагдайлары жана бир нече депутаттар сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорлору талкууга алынды.

Анда шайлоочулар партияны гана эмес, партиянын тизмесине кирген адамдарды да өзүнчө тандоо укугуна ээ болушу керек деген пикирлер айтылды. Бирок айрым саясатчылар жана коомдук ишмерлер азыркы бийлик шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө шашылбай турганын айтып, депутаттардын демилгелери парламенттен да, бийликтин башка бутактарынан да колдоо таппай калышы ыктымал экенин эскертишти.

«Шайлоо-2020: кооптуу жагдайлар» аттуу талкуунун катышуучулары.
«Шайлоо-2020: кооптуу жагдайлар» аттуу талкуунун катышуучулары.

Учурда президенттин жумушчу тобунан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү төрт депутаттык топ көздөп жатат. Алардын арасынан бүгүнкү талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров жана Исхак Масалиев катышып, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу түшүндүрмө берип, жарандык коомдун жана юристтердин сын-пикирлерин укту.

Исхак Масалиев президенттин жумушчу тобу парламентке алып келген мыйзам долбооруна олуттуу деле өзгөрүү кирбегенин айтып, бийлик шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө кызыкчылыгы жок экенин кескин айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ алып келген мыйзам долбоорунда көп нерсе бар, бирок чечкиндүү өзгөртө турган эч нерсе жок. Депутат кантип шайланат, кантип келет деген принцип өзгөргөн жок. Биз кызматташым Жанарбек Акаев экөөбүз сунуш кылып жаткан мыйзам долбооруна ылайык шайлоочу партияны гана тандабастан, анын ичиндеги саясатчыга да добуш бере алат. Шайлоодон кийин тизмени өзгөртө турган болсо, партия лидерлери өзүм билемдикке салбайт. Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорлору деле ушул принциптин тегерегинде. Бирок Жогорку Кеңештин жетекчилигинин максаты - президенттин жумушчу тобунун мыйзам долбоорун өткөрүү».

Исхак Масалиевдин айтымында, эгер төрт мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө макулдашуу комиссиясы түзүлүп, төрт мыйзам бир долбоорго бириктирилет.

Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров коомчулукта мажоритардык системага кайтып келүү тууралуу көп сөз болуп жатканын белгиледи. Ал Баш мыйзамды өзгөртпөстөн добуш берүү принциптерин өзгөртүү зарыл экенин билдирди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Биздин мыйзам долбооруна ылайык шайлоочулар 13 округга бөлүнөт. Алардын 12си Кыргызстандын аймактарына таандык болсо, дагы бир округ деп биз Кыргызстандан тышкары жүргөн мигранттарды алып жатабыз. Ал эми 12 округ аймактарга ал жактагы шайлоочулардын санына жараша конкреттүү квоталар менен бекилет. Бул шайлоочулар менен талапкерлерди жакындатып, бириктирет. Мисалы, Ысык-Көл облусу бир округ деп таанылып, ага кайсы партиядан келбесин, 11 мандат бекилет».

Айрым саясатчылар Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан төрт долбоордун бирөө да өтпөй калышы мүмкүн экенин айтып, муну келерки шайлоодогу кооптуу жагдайлардын бири катары көрүп жатышат.

Талкууга катышып жаткан коомдук ишмер, саясатчы Кубатбек Байболов эгер 2020-жылдагы парламенттик шайлоо азыркы мыйзамдар менен өтө турган болсо Кыргызстан туңгуюкка кептелерин эскертти:

Кубатбек Байболов.
Кубатбек Байболов.

«Азыр беш долбоор сунушталып жатканы айтылбадыбы. Алардын бирөө да кабыл алынбай калсын деген аракеттер бар. Эң жакшы дегенде макулдашуу комиссиясы түзүлүп, ар кайсы долбоордон олунуп-чолунган институттар киргизилип, өпөң-чычаң болуп азыркыдай акыбал калып калабы деген коркунуч өтө олуттуу. Округдарга бөлүү жана жеке тизме менен добуш берүүгө жетише алсаңар силер тарыхта каласыңар».

Чогулгандар партиялардын шайлоодогу тогуз пайыздык чегин да кызуу талкууга алып, аны жети же беш пайызга чейин төмөндөтүш керек экенин баса белгилешти. Мирлан Бакиров чекти 7 пайызга чейин түшүрүүгө каршы эмес экенин билдирип, бул көрсөткүч Түркияда гана 10 пайыз, ал эми калган Европа өлкөлөрүндө беш, үч же эки эле пайыз экенин айтты.

Коомдук талкууну уюштурган «Адилеттик үчүн» комитетинин өкүлү Равшан Жээнбеков бүгүнкү талкууда мыйзамдар 2020-жылкы парлменттик шайлоого даярбы же жокпу деген суроого жооп алганын айтып, кийинки талкууларда шайлоодогу соттордун ролу тууралуу сөз болоорун айтты:

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

«2020-жылдагы шайлоо оор, балким кандайдыр бир чатактарга алып келе турган шайлоо болуп калышы мүмкүн. Ошол максатта биздин комитет тегерек үстөлдөрдүн сериясын өткөрүп жатат. Коркунучтардын бирөө ушул - шайлоого барганда «мыйзамдарыбыз, эрежелерибиз даярбы» дегенде, бүгүн баарыбыз көргөндөй даяр эмеспиз. Кийинки талкуубузда «Соттордун шайлоого тийгизген таасири кандай болот?» деген суроого жооп издейбиз. Чатак чыгып, талаш-тартыштар чыга турган болсо, соттор калыс чечим чыгарганга жөндөмдүүбү же жокпу? Үчүнчүдөн, «УКМКнын шайлоодогу ролу кандай болот? Ал мурдагыдай эле шайлоого кийлигишеби же калыс болуп четте карап турабы?» деген суроого да жооп издейбиз».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Азыркы мыйзамга ылайык парламентке жалпы шайлоочулардын 9 пайыздан ашык добушун, ал эми ар бир аймакта 0,7 пайыздан көп добуш алган партиялар гана өтөт. Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Касым Рахманкулов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG