Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Кызмат үчүн соттошкон "погончондор"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тогуз-Тородогу башаламандыктан кийин иштен кеткен Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы кызмат ордун калыбына келтирүү максатында соттошуп жатат.

Жогорку соттун кароосунда турган ишти буга чейин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору карап, мурдагы жетекчинин пайдасына чечим чыгарышкан.

Буга нааразы болгондор маалымат жыйыны аркылуу президентке, өкмөткө кайрылып, иштеги кемчилиги үчүн кызматтан алынган жетекчини кайра ордуна кайтарууга жол бербөөгө чакырды.

Милициянын ардагери Муктар Исмаилов Жалал-Абадда атайын маалымат жыйынын уюштуруп, анда облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Акылбек Мамасеитовдун сот аркылуу кайрадан кызматка келишин айыптады:

Муктар Исмаилов.
Муктар Исмаилов.

- Кандайдыр бир "саткын" соттордун айынан кайра кызматка келе турган болсо, нааразылык жаралышы мүмкүн. Урматтуу президент Сооронбай Шарипович, өкмөт башчы жана Кашкар Астаханович! Канчалаган мыйзам бузууларга жол берген жетекчини кызматка дайындоону карап коюңуздар. “Президент мага фактыларды бергиле, күнөөлүү болсо жоопко тартылат” деп жатат. Мамасеитовдун ишинде мындай фактылар толтура. Тогуз-Тородогу окуяда иш бөлмөсүнөн чыкпай жатып алган адам, моралдык жоопкерчилигин сезүү ордуна кайра орган кызматына келем деп жатканы туура эмес. Эгер андай болсо Индира Жолдубаеваны, Абдил Сегизбаевди да кызматка алып келгиле.

​Милициянын полковниги, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Акылбек Мамасеитов бул кызматка 2017-жылы апрель айында дайындалган. Ал Тогуз-Тородогу тополоңдон кийин 2018-жылдын апрель айында кызматынан алынып, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Көп узабай эле бул кызматтан да алынган.

Акылбек Мамасеитов өзү кызматтан алынышы боюнча чыгарылган чечимдерди мыйзамсыз деп эсептейт.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси жана ИИМдин алдындагы Байкоочу кеңешинин мурдагы мүчөсү Азиза Абдирасулова буларга токтолду:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Биринчиден, соттошуулардын баары ИИМде кесиптик кошуундун жоктугунан келип чыкты. Айрым учурларда министрликтин юристтери жетекчилигине каршы тура албай, туура эмес чыгып калган буйруктар бар. Бир топ кызматкерлер негизсиз эле тартиптик жазага тартылып, жумуштан бошогон фактылар арбын. Аскер тармагы менен ички иштер органдарында кесиптик кошуундун жоктугу кедергисин тийгизип жатат. Акылбек Мамасеитов боюнча айтсак, сот кандай чечим кабыл алса, жетекчилик ошого жараша иш алып барат. Эгерде ал облустук ички иштер башкармалыгында иштеп турган убакта кызматтан негизсиз алынганын айтып жатса, анда ошол орунга тең башка кызматка дайындалышы керек. Жумуштан бошогон күндөн тартып, азыркыга чейинки маянасы да толук төлөнүп берилет.

Ал арада облустук милициянын мурдагы жетекчисине кызматкерлерге курулган 100 батирлүү турак жайдын 27син мыйзамсыз бөлүштүргөн деген кине коюп жатышат.

Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери үчүн курулган үй.
Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери үчүн курулган үй.

Мындай тыянакты Ички иштер башкармалыгынын алдындагы турак жай комиссиясынын жаңы курамы чыгарганын комиссиянын мүчөсү Муктар Исмаилов маалымат жыйында билдирди:

- Үйлөр мурдагы жетекчинин жакындарына, туугандарына, досторуна берилип кетиптир. Турак жай кодексинин беренелеринин талаптарына ылайык келбесе да берилген фактылар бар. Батир бербештин жолун изилдеп чыгып, үйгө муктаж адамдарды башка жакка которуп жиберишкен. Мисалы, Сузак районундагы Калил аттуу участкалык кызматкерди Ала-Бука районуна которушкан. Ал батир берилип бүткөндөн кийин өзүнүн жумушуна келип отурган. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен муктаждыгы жоктор деле батирге ээ болуп алышкан. Азыркы курам 27 батир мыйзамсыз берилип кеткенин аныктап, баяндамага түшүрүп бүтүп калдык. Министр Кашкар Жунушалиев жана облустук милиция башчысы Кылыч Жолдошовго беребиз. Андан кийинки кадам алардын аракеттерине жараша болот. Үйлөрдүн туура эмес берилип кетишине ошол кездеги жетекчи Акылбек Мамасеитовдун күнөөсү бар.

Ички иштер министрлиги өзүнүн облустук бөлүмүндөгү батир бөлүштүрүүгө, комиссиядагы өзгөрүүлөргө жана чечимдерге байланыштуу комментарий бере элек.

Муну маалымат кызматы облустук милициянын мурдагы жетекчисинин кызмат ордуна байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатканы менен негиздеди.

Ал эми Акылбек Мамасеитов өзүнө коюлуп жаткан дооматтардын баарын четке какты:

Акылбек Мамасеитов.
Акылбек Мамасеитов.

- Мага карата кызыкдар тараптардын каралоосу жүрүп жатат. Алар Мамасеитовду бул системага келтирбештин аракетин көрүүдө. Менин жумуштан кеткениме сегиз ай болду, ошол учурда артымдан 12 жолу текшеришти. Бир да начальниктин артынан мындай текшерүү болгон эмес. Кызматка келгенимде, мурда иштеп кеткен жетекчи Жеңиш Жоробековдун артынан жаман сөз айттырган жокмун. Ким каралоо жүргүзүп жатса, демек кызыкдар адамдар бар деп ойлойм. Эгерде текшерүү учурунда бир катачылык табышса, мага иш козголмок. Эгерде мен туура эмес иш жасасам, кайсыл убак болбосун жооп берүүгө даярмын жана жоопкерчиликтен качпайм. Менин иштерим боюнча ички коопсуздук кызматы эмес, прокуратура юридикалык баа берет. Бирок батир бөлүштүрүүдөгү иштерди прокуратура карап чыгып, кылмыш курамы жок деген бүтүм чыгарган.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Акылбек Мамасеитовдун доосу Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунда канааттандырылган. 21-январда Жогорку сотто да каралат.

Мамасеитов облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган убакта анын ишмердигине нааразы тараптардын президентке кайрылуусун “Азаттык” чагылдырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG