Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Милиция соттун чечимин аткарбай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү соттун имаратты бошотуу чечимин аткарбай жатат. Жогорку соттун чечимине ылайык, имарат Ысык-Көл экологиялык коргоо фондуна карайт.

Түшүнүктүү болушу үчүн алгач Сокулук райондук ички иштер бөлүмү жайгашкан имараттын тарыхына азыноолак кайрыла кетели.

Cокулук районунун Фрунзе, 132 көчөсүндөгү 1,5 миң чарчы метрди түзгөн имарат совет мезгилинде ар кандай тиричилик кызматтарын тейлөө мекемеси болгон.

Өлкө эгемендик алгандан кийин, башкача айтканда 1992-жылдары менчиктештирүү шарапаты менен Мамлекеттик мүлк фондунан Ысык-Көл экологиялык коргоо фонду сатып алган.

Бирок ошол тапта имараттын дагы бир ээси чыгып, келишим менен Сокулук милициясына өтүп кеткен.

Ошондон тартып Ысык-Көл экологиялык коргоо фонду өз имаратын алуу үчүн соттошо баштаган. Ысык-Көл экологиялык коргоо фондунун өкүлү Марат Мергенов буларга токтолду.

«Милициялар мыйзамсыз кирип алган деп фонд сотко кайрылган. Соттор менчикке ээ болгон документтерди бир топ изилдешти. Сот бир нече жолу артка тергөөгө жиберип, кайра каралган учурлар болду. Акыры соттор Сокулук милициясы мыйзамсыз кирип алган деген чечим чыгарышты».

​2012-жылы Чүйдүн район аралык соту имаратты Ысык-Көл экологиялык коргоо фондунун пайдасына чечип берген. Бирок Сокулук райондук ички иштер бөлүмү, Башкы прокуратура имаратты милицияда калтыруу боюнча бир нече доо арыз жазышкан.

Соттошуу уланып, акыркы 2016-жылы Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын имарат Ысык-Көл экологиялык коргоо коруна тийиштүү жана милиция аны бошотушу керек деген чечимди колдогон. Анткен менен ушу күнгө чейин Сокулук райондук милициясы имаратты бошотуп бербей келет. 2018-жылы милициянын райондук бөлүмү фонд менен беш айга ижара келишимин түзүп, 50 миң сом төлөп берген экен.

«Убактылуу кармоочу жайдагы адамдарды, куралдары каякка алып барабыз деп чыкпай жатышат. Бул жөн эле шылтоо деп эсептейбиз. Анткени, сот аткаруучулар алдын ала билдирүү жөнөтөт. Ошол билдирүүдөн кийин чыгууга даярданыш керек болчу» – деген Ысык-Көл экологиялык коргоо фондунун өкүлү Марат Мергенов эми сот аткаруучунун талаптарын аткарбай жатат деп прокуратурага арыз жазышарын кошумчалады.

Чүй облустук соту Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратын Ысык-Көл экологиялык коргоо фондуна бошотуп берүү боюнча соттун чечими келгенин ырастады.

Сокулук райондук сотундагы сот аткаруучулар буга чейин чечимди аткаруу үчүн бир нече жолу барышкан. Чүй облустук сотунун басма сөз кызматкери Байыш Байгазы мындай деди.

«Сот чечимин аткаруу үчүн процессин башка күнгө жылдырышыптыр. Буга чейин эки-үч жолу барышкан экен. Эми бул эки министрликтин ортосундагы иш болуп жаткандыктан азырынча ушул эле маалымат бар».

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Назира Имангазиева административдик иштер боюнча Ички иштер министрлигинин аппараты жооп бере турган маалымдады. Ички иштер министрлиги бул боюнча кийин маалымат берилерин айтуу менен чектелди.

Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Чүйдөгү ири райондордун бирин караган Сокулук милициясынын имаратынын маселесин чече албай жаткан Ички иштер министрлигин сындады.

Эл өкүлү учурунда мамлекетке караштуу имараттын жеке менчикке сатылып кетиши туура эмес болгон деп эсептейт.

«Министрдин жетекчилигине айткам, райондо ушундай маселе болуп жатат деп. Алар "сотто чечишип жатабыз" деген. Депутаттар айтып чыкса, өкмөт жаман көрөт. Бир жыл мурун айтылган маселе болчу. Сот башка кишилерге чечип бериптир. Эми миңдей милицияны кайда алып барабыз түшүнүксүз».

Ысык-Көл экологиялык коргоо фонду экологиялык маселелер боюнча иш жүргүзөт. Фонддун түзүүчүлөрүнүн бири, Эл акыны Омор Султанов эсептелет. Ошентип имарат мыйзамдуу ээсине өткөрүлсө, Сокулук райондук ички иштер бөлүмү көчөдө калганы турат. Ички иштер министрлиги Сокулук милиция бөлүмүн кайсы имаратка көчүрөт азырынча белгисиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG