Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Партияларды "демөөрчүдөн" алыстатуу демилгеси


Ак үй. Кыргызстан.
Ак үй. Кыргызстан.

Кыргызстанда саясий партиялардын чет өлкөдөн каржыланышын тыюуну күчөткөн мыйзам долбоор парламентке жөнөтүлдү.

Юстиция министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоор өлкөнүн эгемендигин бекемдөө максатын көздөйт.

Кыргызстанда шайлоолордун алдында ар кыл саясий партиялар чет өлкөлөрдөн демөөрчү издеп, каржылык жардам алганы айтылып келет. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мындай көрүнүш өлкөнүн саясий системасы үчүн көнүмүшкө айланганын билдирүүдө. Депутаттын айтымында, муну мыйзам аркылуу тезирээк жолго салбаса, өлкөнүн коопсуздугуна шек туудурушу мүмкүн:

- Тыюуну кеңейтүү зарыл, анын механизмдерин да тактоо керек. Себеби, бизде шайлоо алдында партиянын лидерлери чет өлкөгө каттап, акча алып келген учурлар болуп эле келет. Кытай, Орусия же АКШ үчүн бир партияга 20 миллион доллар берип коюу кеп деле эмес. Бирок бул каражатты алып, аны менен парламентке келген партияга ар кыл буйруктарды берип, улуттук кызыкчылыкка каршы келген мыйзамдар кабыл алынып жатпайбы. Бул улуттук коопсуздукка шек келтирүүдө.

Орусиянын президенти Д.Медведев менен "Ар-намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов. Москва, 22-сентябрь
Орусиянын президенти Д.Медведев менен "Ар-намыс" партиясынын лидери Ф.Кулов. Москва, 22-сентябрь

Юстиция министрлиги киргизген “Саясий партиялар" жөнүндө мыйзамга толуктоолордо депутат айткан маселелерге көңүл бурулган. Ага ылайык, саясий партиялардын чет өлкөлөрдөн каржылануусуна тыюу салынат. Ал эми сырттан алган каржылык колдоосу мыйзамсыз экени аныкталса, ал каражат мамлекеттик бюджетке чегерилмекчи. Юстиция министрлигинин өкүлү Эмир Зулпуевдин айтымында, партияларды тыштан каржылоого мурда эле тыюу салынган. Бул ирет ал чыңдалып, сырткы кийлигишүүнүн алдын алуу чаралары күчөтүлдү:

- Мыйзамда көрсөтүлгөн чектөөлөр Кыргызстандын эгемендигин, ички туруктуулугун камсыздоого багытталган. Ал өлкөбүздүн ички иштерине чет өлкөлөрдүн жана чет өлкөлүк жарандардын кийлигишүүсүнүн алдын алат. Негизи партиялардын сырттан каржыланышына тыюу салган жобо мурун эле бар болчу. Бул ирет аны конкреттештирип, кандай чектөөлөр болушу мүмкүн экенин тактап жаздык.

Мыйзам долбоордо диний, тартип коргоо, аскерий уюмдар тарабынан жана кайрымдуулук иретинде берилген каражатты алууга тыюу салынат. Мындан сырткары “Саясий партияларга аудит жүргүзүү” беренеси киргизилүүдө.

Негизи бул мыйзам долбоор сентябрда коомдук талкууга чыгарылган. Эми болсо ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Ошондой эле жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, саясий партиялар өлкөдөгү чет элдик жарандарга таандык ишканалардын көмөгүнөн баш тартуусу абзел. Бирок жакында парламенттин бир катар депутаттары саясий партиялардын банктардан насыя алышына уруксат берген мыйзам долбоорду сунушташкан эле.

Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Саясий эксперт Шерадил Бактыгулов бул эки мыйзам бири-бирине каршы келерин билдирүүдө:

- Эки ай мурун депутаттар саясий партиялардын банктардан насыя алууга уруксат берүү боюнча сунуш киргизген. Бирок өлкөдөгү банктардын көпчүлүгү Орусия, Казакстан, Түркия же Ирандан келген ишкерлерге караштуу. Бул жагынан алганда партиялар дароо мыйзамды бузган болуп калат. Ошондуктан, Юстиция министрлигинин мыйзамды толуктаганы жакшы иш болду.

Анткен менен саясий партиялардын насыя алуусуна уруксат берүүнү сунуштаган депутат Абдыжапар Бекматов тескерисинче, мындай жол партияларды ар кыл күчтөргө көз каранды болуудан куткарат:

- Юстиция министрлиги сунуштаган мыйзамда шайлоо өнөктүгүнө чет өлкөдөн каржылоого тыюу салып жатпайбы. Биздин мыйзам долбоор шайлоо алдындагы убакытка тиешелүү эмес. Партиялар банктардан насыя алуу менен каржылык маселелерин чечип, чет өлкөлөргө көз каранды болбой калышат.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 200гө жакын саясий партия бар. Бирок анын 20 чактысы гана активдүү ишмердик жүргүзүп, шайлоого катышуу дымагын билдирип келет. Партиялар чет өлкөлөрдөн каржылык жардам алышпаса да, шайлоо алдында башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, алардын колдоосуна ээ экенин шардана кылууну адатка айландырышкан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG