Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Шайлоонун эртеси да болду


Бишкектеги бир дорбушканадан. 25-ноябрь, 2012.
Бишкектеги бир дорбушканадан. 25-ноябрь, 2012.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боюнча байкоочулар, партия өкүлдөрү өз пикирлерин билдире баштады.

Алардын арасында добуш берүү бурмаланды деп бийликчил партияларга доомат арткандар бар. Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгонун, бирок алар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпей турганын айткандар да болууда.

Ал аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептеп, алдын-ала жыйынтык чыгаруу алдында турат. Маалыматтарда Социал-демократтар партиясы шаардык кеңештер боюнча шайлоодо алдыда баратат.

КСДП 11 шаарда алдыга чыкты

26-ноябрь, кечки саат алтыга карата борбор калаа Бишкекти эске албаганда, шайлоо болуп өткөн калган бардык шаарларда добуштар алдын-ала саналып бүттү. Ага ылайык, Социал-демократтар партиясы 11 шаарда, “Республика” партиясы 4 шаарда, ал эми “Замандаш-Современник”, “Өнүгүү”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата-Журт” партиялары экиден шаарда алдыга озуп чыгышкан. Бишкек шаарында ушул сааттарга карата добуштардын 85 пайызы саналып бүтүп, Социал-демократтар партиясы 32 пайыз менен биринчи, анын соңунда болсо, 18 пайыз менен “Республика” партиясы баратат.

Андан кийин 10 пайыздай добуш менен куйрук улаш келаткандар “Замандаш-Современник” жана “Ата Мекен” партиялары болууда. Бирок булар азырынча алгачкы гана жыйынтыктар.

БШК мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, алдын-ала маалыматтар боюнча Бишкек шаар кеңешиндеги 45 мандат 7 пайыздык босогону өтүшкөн ушул төрт партияга добуштарына жараша бөлүнөт.

- Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 4 партия өтөт. Булар КСДП, “Республика”, “Замандаш-Современник” жана “Ата Мекен” партиялары.

Ал аралыкта шайлоого байкоо салган бейөкмөт уюмдар өз тыянактарын жарыялай баштады.“Таза шайлоо” ассоциациясынын аткаруучу директору Айнура Усупбекова добуштарды сатып алуу, административдик күч колдонуу сыяктуу мыйзам бузуулар болгондугун белгилеп, бирок алар массалык түрдө болбогондуктан, шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт деп эсептейт. Анткен менен ал бул көрүнүшкө көз жумуп коюуга да болбой турганын эскертүүдө.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо салган “Демократия жана жарандык” коом үчүн коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова болсо, бул шайлоодо добуш берүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар катары төмөнкүлөрдү атады:

- Эң негизги көйгөй - бул шайлоочулардын тизмесинин сапатынын начардыгы. Андан тышкары жарандарды каттоо маселеси. Ушул эки нерсе шайлоочуларга өз добуштарын берүүсүнө тоскоолдук жаратты. Биздин оюбузча, мыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизиш керек.

“Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы мыйзам бузуулар эң көп катталды деп Бишкек, Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларын тапкан. Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн арыздардын баары тыкыр иликтене турганын убада кылууда.

Партиялар эмне дейт?

Шайлоо жыйынтыгы боюнча өз пикирлерин шайлоого катышкан партиялар да билдире баштады. “Ата-Журт” партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов добуш берүү калыс жүргөн жок, административдик ресурс бийликчил партиялардын пайдасы үчүн иштеди деп санайт. Андай пикирди “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев да “Азаттыкка” маегинде белгилеп, Бишкекте КСДП үстөмдүгүн көрсөттү дейт.

- Маркировканы өчүрүп салып, айланып добуш берүүгө шарт түзүлдү. Кыдырып добуш берүү менен ар бир райондон бирден мандат алганда деле төрт райондон төрт мандат алды.

Ал ортодо “Ар-намыс”, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, Элдик демократиялык партия, “Республика” жана “Эгемен Кыргызстан” партиялары Бишкектеги добуш берүүнүн жүрүшүн айыптаган билдирүү таратты. Анда добуш берүүдө шаар бийлиги олуттуу мыйзам бузууларга жол бергени, административдик ресурс, ыплас ыкмалар колдонулганы айтылат.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга макул болбой, аны атаандаштарынын кезектеги куру дооматы деп баалады:

- Мындай дооматтардын башталганына ар жагы үч-төрт, бери жагы эки ай болду. Биз башында чын эле алардын кооптонуп жатканы болсо керек деп ойлогонбуз. Көрсө бул атайын жүргүзүлгөн технология экен. Эгер утулуп калсак деп, аны акташ үчүн алдын-ала жасалган кадам экенин көрдүк. Эгер биз админресурсту колдонсок, анда шайлоого катышкандардын саны мындан да эки эсе көп болмок. Мурдагы бийликтердин тушунда кандай болгонун жакшы билесиңер.

Ал эми шайлоонун жүрүшүндө каржы ресурсунун кыйла таасири жүрдү деп санаган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кандай болгон күндө да бул алдыга, келечекке карай кадам болду дейт.

- Ар кандай партиялар биринчи орунду ээледи. Биринчи болгондордун баары эле бийликтеги партиялар эмес. Коммунисттер, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” жана "Замандаш" сыяктуу партиялар кээ бир шаарларда алдыга чыгышты. Демек муну жаңы системанын ийгилиги катары бааласак болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө шайлоого барып добуш бергендер орто эсеп менен 48 пайыз болду. 25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жалпысынан 25 шаарда жана 416 айылдык округда болуп өттү. Алардын расмий жыйынтыгы 10 күндөн кечикпестен чыгары айтылууда.

XS
SM
MD
LG