Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

"Эл үнү" - жаңы оппозициябы?


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды.

1-декабрда Бишкекте ондон ашык оппозициялык маанайдагы партиялардын жана уюмдардын өкүлдөрү жыйын куруп, “Эл үнү” коомдук саясий кыймылы түзүлгөнүн жарыялашты.

Оппозициялык уюмдардын Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн жыйынын мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саячатчы Азимбек Бекназаров ачып, бир катар уюмдардын өкүлдөрү “Эл үнү” коомдук саясий кыймылын түзгөндүгүн жарыялады.

- “Бул кыймыл “авторитаризмге жол жок”, “саясий куугунтуктоолор токтосун”, “элдин байлыгы элге, Кумтөр келишими денонсациялансын”, “Акаев, Бакиев, биликтен кет”, “коалициялык саясий коррупциялык схемалар менен иштеген Жогорку Кеңеш тарасын”, “коррупциялык схемаларга жол жок”, “Бийлик бир адамга жана партияга эмес, элге, мамлекетке кызмат кыл” деген ураандар менен түзүлдү. Буга “Эл үнү” кыймылына биригебиз деген саясий партиялар кол койду.

Кыймылга “Ата Журт”, “БЭК”, “Эгемен Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”, "Жашылдар”, “Кайран эл”, “СССР”, “Дыйкандар”, “Асаба”, "Кыргызстан", "Коммунисттер" партиялары, ошондой эле “Манастын урпактары”, “Апрел баатырлары” сыяктуу коомдук уюмдар киргени айтылды.

"Азаттыктын" архивинен алынган сүрөт, 12-май, 2010-жыл
"Азаттыктын" архивинен алынган сүрөт, 12-май, 2010-жыл
Мындан тышкары Өмүрбек Суваналиев, Топчубек Тургуналиев, Бабырбек Жээнбеков, Нурлан Мотуев, Мамбетжунус Абылов, Оморбай Нарбеков жана аймактардан келген өкүлдөр болуп, жалпысынан 300гө чукул адам катышты.

“Эл үнү” коомдук кыймылы президент Алмазбек Атамбаевди Баш мыйзамдын чегинде гана иш жүргүзүүгө, ошондой эле президентти, өкмөттү жана Жогорку Кеңешти Кумтөр боюнча 2009-жылы кабыл алынган келишимди жокко чыгарууга чакырды. Айтылган талаптардын дагы бири - “Ата Журт” партиясынын депутаттары - Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Нариман Түлеевди 5-декабрдан кечиктирбестен үй камагына чыгаруу болду.

Жыйын чатак менен коштолду

Анткен менен Кыргызстан патриоттук партиясынын жетекчиси Назарбек Нышанов өз сөзүндө, "бийликке каршы чыгуудан мурда өзүбүз тазаланышыбыз керек" деп чыкты.

- Революция биринчи адамдардын аң-сезиминде башталат. Анан жүрөгүнөн, тазалануудан башталат. Биринчи кезекте өзүбүз кокту колоттуктан, трайбализм, регионализмден арылышыбыз керек. Анан түз, таза жана адилеттүү адамдарды өзүбүздүн ана башыбыз кылып көтөрүшүбүз керек. Мурдагыдай эле акчасы бар деп Бабановду, акчасы бар деп Келдибековду, акчасы бар Бекназаровду, Топчубек Тургуналиевди, дагы башка Акаевдин, Бакиевдин куйруктарын ээрчигенди токтотушубуз керек.

Нышановду сөзүнүн акырына чыгарбай, трибунадан түшүрүү аракети башаламандык менен коштолуп кетти. Президиум отурган сахнага агылып чыгып, жулмалаша кеткен жаштарды тартип коргоо органдары сүрүп түшүрүүгө мажбур болду. Кыймылдын башчылары Назарбек Нышановду чагымчы деп атаса, аны колдогондор да болбой койгон жок. Азимбек Бекназаров:

- Элдин атынан сүйлөгөндү токтоткула. Мен бул жерде чагым кылгандарды бийликтин адамдары деп эсептейм.

Саясий куралга айланган Кумтөр

Социал-демократтар партиясынын депутаты, Кумтөр боюнча түзүлгөн парламенттеги комиссиялардын биринин жетекчиси болгон Эркингүл Иманкожоева “Азаттык” менен маегинде, Кумтөр маселесин саясатчылар курал катары колдонуп жатат деген ойдо.

- Акыркы күндөрү Кумтөрдү бетине кармап, өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөндөр көбөйүп кетти. Бийликке келбей калса эле, же бийликти тартып алуу максатында Кумтөрдү көтөрүп чыккан туура эмес.

Иманкожоева президент, же КСДП бийликти бир колго топтоп, авторитаризмге ооп баратат деген дооматтарды да четке какты. Ал Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги кеңири жайылып жатат дейт.

- Булар баарын алып алды дегенге мен макул эмесмин. Мурдагы бийлик менен азыркы кезди салыштырып көрсөңүздөр, асман менен жердей айырма бар. Эркиндик деген ушул да. Бара-бара баары өз калыбына келет деп ойлойм.

Жыйын соңунда “Эл үнү” коомдук кыймылы резолюция кабыл алып, талаптарды аткарууга бийликке 10-декабрга чейин убакыт беришти. Алардын ичинде Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум жарыялоо шарты да Жогорку Кеңеш депутаттарына жолдонгон.

XS
SM
MD
LG