Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Казакбаев: Коалиция ыдырашы ыктымал


Кыргыз парламенти
Кыргыз парламенти

Соңку убакта парламенттеги коалициянын боосу бошоп, таркап кетиши мүмкүндүгү тууралуу айтыла баштады.

Ушул маселенин тегерегинде саясий серепчи Марат Казакбаев “Азаттыкка” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”:
Коалициянын ичинде ачык эле тирешүүлөр башталды. Мындай тирешүүлөр эмнеге алып келиши мүмкүн?

Марат Казакбаев:
Кайра чыр чыгат. Баары үчүнчү революцияга келип калат. Кайра саясий дестабилизация болот. Өкмөт мүчөлөрү эң негизгиси саясий туруктуулук болсо, экономиканы көтөрүп кетүүгө болоорун дайыма эле айтып жүрүшөт. Бирок азыр эң биринчи фактор “Ата-Журт” партиясы болуп турат. Алардын шайлоого бара тургандыгын спикер Акматбек Келдибеков айтып кетти. Ошондо, “Ата-Журттан”,балким, Ташиев чыгат деп айтылып калып жатат. Ошондон ыдыроо башталып, колициядан чыгуу аракети көрүнө баштады. Менин оюмча, ушул нерсе дестабилизацияга түртөт. Бул өтө жаман негативдүү фактор. Чоң, башкаруучу коалиция бир эле талапкерди чыгарыш керек да. Менин оюмча, Атамбаев болмок. Бирок “Ата-Журт” ага каршы болуп жатат. Ушундай учурда коалиция жок болуп калышы ыктымал.

“Азаттык”: Негизи ошол коалиция жаңыдан гана түзүлүп жатканда эле бир катар талдоочулар анын келечегине ишенбей тургандыктарын айтышты эле. Анда алардын божомолдору туура чыгып жатабы?

Марат Казакбаев: Ооба, азыркы коалиция “Ата-Журттун” мүдөөсү башка, аларга каршы экенин, Бакиевдин күчтөрү экендигин айтып эле жатышкан. Азыр деле ушул ой бар. Бирок ошентсе да алар биригип калды. Бирок баары бир аны эч ким союздаш катары эсептебейт. Баары бир ыдыроо башталмак. Менимче, СДПК менен “Ата Мекен” барса болот эле. Бирок болоору болду. Эми коалиция көп деле иштей албайт. Марттан баштап эле ажырашат. “Ата-Журт” кетет. Анан кайра башынан коалиция түзө албай, чыр болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Демек сиздин көз карашыңызда бул президенттик шайлоонун алдындагы аракеттерби?

Марат Казакбаев: Айтса болот. Мен ага кошулам. Шайлоодон жаңы эле өтпөдүбү. Бизде Акаев учурунан баштап канча шайлоо өтсө, артынан чоң конфликттер башталат. Бул шайлоону негизи кийинки жылы өткөрсө болмок. Мына эми азыр шайлоо менен кошо дестабилизация башталат. Бул оюндар негизи шайлоого карата башталганын баары эле айтып жатышат. Шайлоо быйыл болбогондо коалиция, балким, иштеп кетмек.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, коалициянын иштеп кетүүсүнө шайлоо эле тоскоол болуп жатабы?

Марат Казакбаев: Эң биринчи себеп ушул шайлоо. Экинчиден, СДПК “Ата-Журт” менен тил табыша алган жок. Анткени “Ата-Журттун” идеологиясы башка. Көбүнчө Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы болуп жатат да. Бул коалиция биригип жакшы иштей алган жок.

“Азаттык”: Бирок ошол эле учурда коалиция башынан эле ар башка көз караштагы күчтөрдөн түзүлгөндөн кийин парламентте мындай саясий күрөштөрдүн болуп турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш, мындан көп деле трагедия кылбаш керек деген пикирлер да айтылып жатат?

Марат Казакбаев: Трагедия кылбаш керек. Бирок азыркы ахыбалда саясий оюндарды, интригаларды, амбицияларды коюп, коалицияга киргенден кийин иштеш керек да. Эл качан өкмөт, парламент иштейт деп күтүп жатат. Ар бир саясатчы же саясий топтор өздөрүнүн саясий интригаларын аткарып жатып, эч кимиси мамлекетти, элди ойлобой жатат да.

“Азаттык”: Мына жаз келип калды. Саясий окуялардын бардыгы ушул мезгилде башталат. Быйыл дагы ушундай бир митинг, пикеттер болушу мүмкүнбү?

Марат Казакбаев: Азыр координациялык күч жок. Бирок азыр жаш уюмдар, “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” деле эгер коалиция иштебей калса, нааразычылык акциялары болушу мүмкүндүгүн айтып эле жатышат. Көбүнчө чыкса деле коомдук уюмдар чыгат. Бир жылдын ичинде өкмөт жыйынтык көрсөтө алган жок. Ошондуктан ушундай абалга келип жатабыз.

“Азаттык”: Аптанын ортосунда "республикачы" Өмүрбек Бабанов менен "атамекенчи" Өмүрбек Текебаевдин ортосунда талаш чыкты. Бабанов Текебаевдин сындарын коалицияны бузуу аракети катары баалады. Айтсаңыз, Текебаев коалицияны кандайча бузушу мүмкүн?

Марат Казакбаев: Бузушу мүмкүн. “Ата Мекен” аракет кылып жатат да. “Ар-намыс” деле. Негизи “Ата-Журт”, “Ар-намыс”, “Ата Мекендин” лидерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн. Ошондо башка коалиция түзүлүп калышы ыктымал.

“Азаттык”: Демек, азыркы аракеттердин бардыгы жаңы коалицияны түптөө максатында жасалып жатат деп ойлойсузбу?

Марат Казакбаев: Мен ошентип ойлойм да.

“Азаттык”: Сырткы күчтөрдүн таасири кандай болушу мүмкүн?

Марат Казакбаев: Бизде эң биринчи Орусия таасир этет. Көбүнчө биздин саясатчылар Орусияга барышат. Орусия өзүнүн көрсөтмөсүн берип, акча берип жатканын түшүнүү керек.

“Азаттык”: Рахмат маегинизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG