Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Өкмөттүн курамы өзгөрө баштады


Кыргыз өкмөтүнүн структурасы өзгөргөндөн кийин курамы да өзгөрө баштады. Азырынча өзгөрүү үч министрликте болду. Ош облустук жана Ош шаардык милициясы бириктирилип, Башкы башкармалык болуп түзүлдү.

Жапонияга сапарынын алдында президент Алмазбек Атамбаев кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу бир нече жардыктарга кол койду. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, өкмөттүн структурасындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу премьер-министрдин сунушу менен Алиясбек Алымкулов жаштар жана эмгек министри кызматынан, Маданият жана туризм министрлигинен Ибрагим Жунусов бошотулду.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш өкмөттүн структурасына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү өкмөт башчынын сунушун колдоп берген. Ага ылайык, мына ушул эки министрлик өзгөртүлгөн. Жаштар жана эмгек министрлиги Эмгек, Миграция жана жаштар министрлиги деп аталып калса, Маданият министрлигине маалымат саясаты менен алектенүү кошуп берилген. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, министрлердин кызматтан бошотулушу өкмөттүн структурасындагы өзгөрүүгө байланыштуу болду.

Бул эки министр кызматынан алынганга чейин ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Абдулда Суранчиев дайындалган. Ал эми Шамил Атахановдун Ички иштер министрлигинен бошотулушу, анын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу болду деп кабарланган.

Кыязы өкмөттө да өзгөрүүлөр болот. Анткени премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылдагы өкмөттүн ишинин жыйынтыгы боюнча министрликтердин ишине баа берилет, мына ошондо кадрлар боюнча чечимдер кабыл алынарын билдирген:

- Министрлердин баарына өзүнүн баасы берилет. Март айында жылдын жыйынтыгын чыгарабыз, мына ошондо алышат. Сөзсүз алышат. Анткени мен баарын сактап калам деп жаткан жокмун. Жакшы иштегендерине рахмат айтам, жаман иштегендери эгерде иштен бошотуу керек болсо, бошотом.

Өкмөттүн жаңы структурасында дагы бир вице-премьер-министр кызматы пайда болгону маалым. Ал чек ара жана коопсуздук маселесин тейлейт.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун маалымдоосуна караганда, бул кызматка кимди дайындоо боюнча кеңешүүлөр жүрүп жатат:

- Эми азыр ар тараптуу жана ар түрдүү кеңешүүлөр жүрүп жатат. Ошонун ичинде сөзсүз түрдө фракциялар менен биргеликте кеңешүүлөр болот.

Вице-премьер-министрлик кызматка Бусурманкул Таабалдиевдин, Шамил Атахановдун, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун да ысмы аталып жатат.

26-февралда кечке жуук өкмөт башчынын чечими менен Алиясбек Алымкулов эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу, Кожогелди Кулуев маданият, маалымат саясаты жана туризм министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ички иштер министрлигине Абдулда Суранчиевдин келиши менен Ош милициясында өзгөрүүлөр болду. Маалыматка караганда, Ош шаардык жана облустук милициясы бириктирилип, Башкы башкармалык деп аталып калды. Анын башчылыгына Сүйүн Өмүрзаков дайындалды. Башкы башкармалык ички иштер министрине түз баш ийет. Ошондуктан ички иштер министринин түштүк регион боюнча орун басары Курсан Асановдун жетегинде Жалал-Абад жана Баткен облусу калганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG