Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Эми аткаминердин чыгашасы да текшерилет


Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кирешелери менен чыгашалары көзөмөлдөнөт.
Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кирешелери менен чыгашалары көзөмөлдөнөт.

Кирешеси менен чыгашасын жашырган мамлекеттик жана муниципалдык аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Бул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр парламенттин Коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде жактырылды. Ошондой эле кирешелерди легалдаштыруунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аткаминерлердин бирдиктүү декларациясындагы кирешелер менен чыгашалар текшерилип, жалган маалымат бергендер үчүн жоопкерчилик чарасы иштей баштайт.

Киреше менен чыгаша дал келбесе...

Саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар менен алардын жакындарынын кирешелери тууралуу маалыматтарды жарыялоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Ага ылайык, эми аталган тараптар кирешеси менен кошуп, чыгашасын дагы көрсөтүүгө милдеттүү болот. Бул өзгөртүүлөрдү сунуштаган мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев муну коррупцияга каршы чаралардын негизгиси катары мүнөздөдү:

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгашасын көзөмөлдөө маселеси 2013-жылы Коргоо кеңешинин жыйынында каралган. Анда бирдиктүү салык декларациясын киргизүү аркылуу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кирешелери менен чыгашаларын натыйжалуу көзөмөлдөөнү камсыздоо жагы бул мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн. Эл аралык тажрыйбада мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын көзөмөлдөө системасы коррупциянын индикаторлорун ачыкка чыгарган маалыматтарды издөөгө багыт берет. Мисалы, расмий көрсөтүлгөн кирешелерге чыгашалардын шайкеш келбегени.

Жалган маалымат жоопкерчилиги

Буга чейин парламент тарабынан аткаминерлердин мыйзамсыз киреше аркылуу байуусун ооздуктоо боюнча Кылмыш кодексине атайын берене киргизилген. Анда аткаминер 300 миң сомдон жогорку кирешесинин каяктан келип чыккан тегин түшүндүрүп бере албаса, анда ага жаза чарасы каралган. Бирок бул берене 2012-жылдан бери иштебей турган. Анткени кирешени легалдаштыруу боюнча башка бир мыйзамда көрсөтүлгөн эки жылдык мөөнөт быйыл гана аяктайт.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу аткаминерлердин кирешеси менен чыгашасы текшериле баштагандан тартып, мына ошол кылмыш беренеси ишке кире турганын айтты:

- Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер жумушка киришип жатып, өзүнүн кирешесин жана чыгашасын ачык жарыялоого милдеттенме алат. Биз ошонун негизинде текшере баштайбыз. Ал декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар канчалык чындыкка туура келет же келбей турганы мына ошол текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чыгарылат. Жаңы киргизилген берене мына ушул жагдайда ишке киришип, бул боюнча кылмыш иштери козголо баштайт.

Маалымат "караларга" жетпейби?

Парламентте аткаминердин кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтарды ачык жарыялоонун коопсуздугу боюнча да маселе көтөрүлдү. Анткени депутат Турат Мадылбеков жеке мүнөздөгү андай маалыматтарды башка бирөөлөр кылмыштуу максатка пайдаланып кетпейт деген кепилдик барбы деп сурады:

- Мына азыр бардык маалыматтарды сайтка ачык эле жазып, көрсөтүп жатасыңар. Бирок ал маалыматтарды уюшма кылмыш топтору алып, өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланса, анда кандай болот? Муну мен негизи текшерүү мыйзамдын жана моралдын алкагында жүргүзүлсө деген эле ойдо сурап жатам. Болбосо бул өтө опураталдуу иш. Ага этият мамиле кылуубуз керек.

Мыйзам демилгечилери декларациядагы мүлктүн дареги жана кимге жазылганы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун кепилдиги бар экенин белгилешти. Декларацияда толук эмес же туура эмес көрсөтүлгөн маалымат үчүн аткаминерге акчалай айып салынат. Аткаминер жалган айтып, кирешеси менен чыгашасынын ортосундагы айырмачылыкты так түшүндүрө албаса, анда ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Аталган мыйзам долбоору коррупцияга каршы ийгиликтүү жыйынтык чыккан Сингапур сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алынган.

XS
SM
MD
LG