Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Алекс Меликишвили: «Атамбаевдин салмагын көбүртүп жатышат»


Алекс Меликишвили.
Алекс Меликишвили.

Кыргызстандагы соңку окуяларга чет өлкөлүк талдоочулар да көз салууда.

«Азаттык» Париждеги «IHS Markit» маалымат борборунун улук талдоочусу Алекс Меликишвилини кепке тартты. Талдоочу азыркы окуяларды саясий кризис деп сыпаттоодон алыс. Ал Алмазбек Атамбаевдин саясий салмагын жана таасирин ашыкча баалабаш керек экенин айтты.

«Азаттык»: - Алекс мырза, айрым жергиликтүү саясатчылар Кыргызстандагы азыркы кырдаалды «саясий кризис» деп сүрөттөшөт. Сиз ошондой бир кризистин белгилерин байкап жатасызбы?

Алекс Меликишвили: - Менимче, бүгүн болуп жаткан окуяларды кризис деп атоо аша чабуу болуп калат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев май айында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан кеткен. Демек ушул тапта, менин түшүнгөнүмө караганда, эч кандай кызматты ээлебейт.

Албетте, Атамбаевдин колдоочулары бар, өзгөчө өзү туулган Чүй облусунда. Бирок мунун маанисин апыртып-көбүртпөш керек. Кыргызстанда митингдерге элди чогулта калуу «салты» орноп калган. Атамбаев болсо колунда бар адам. Эл арасында колдоосу бар деп көргөзүш үчүн акча төлөп демонстранттарды чогултуу ал үчүн кыйын деле эмес.

«Азаттык»: - Азыркы президент менен мурдагы президенттин ортосундагы тирештин кесепети кандай болушу ыктымал?

Алекс Меликишвили: - Көп нерсе кыргыз бийлигинин азыркы кырдаалды кантип жөнгө салаарына көз каранды болмокчу. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы жолдорду тороп-тосмолоо – мыйзамсыз аракет. Чагым да болушу мүмкүн деп ойлойм. Себеби өкмөт коомдук тартипти, мыйзамдарды коргоого жооп берет. Ички мекеме жолдорду тосмолоо мыйзамга каршы келерин расмий билдириши керек.

Ошол эле маалда тартип коргоо органдары жолду тазалоого киришсе, милиция менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп кетиши ыктымал. Эми өкмөттүн кандайдыр бир чара көрүүгө убактысы келди. Балким этият болуп, кырдаал өзү менен өзү басаңдашын бир аз күтүп турушу зарыл. Себеби Атамбаев ошончо көп адамды өз үйүндө кармап тура албайт. Ал үчүн да бул чыгашалуу болуп калат.

«Азаттык»: - Сиздин пикириңизде, ушундай окуялардан улам президент Сооронбай Жээнбековдун билдирүү жасашы орундуу болот беле?

Алекс Меликишвили: - Ооба, президент балким билдирүү жасаса жакшы болмок деп ойлойм. Зомбулукка жеткирбөөгө, тынч болууга чакыруу маанилүү болот эле. Ошол эле учурда «жолдорго тосмолорду, бетондорду орнотуу, шак төгүү мыйзамсыз, милиция азыр карманууга тийиш» деп так айтса жарашмак. Ушу маалда тосмолорду алдыруу ката болот.

«Азаттык»: - Азыркы кырдаалдан чыгыш үчүн эмне кылуу зарыл?

Алекс Меликишвили: - Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул суроого туура жооп берди. Мен анын бүгүнкү билдирүүсүн айтып жатам. Төрага Жумабеков Атамбаевди иммунитеттен ажыратуу жараяны мыйзамдуу жол менен ишке ашырылганын белгиледи. Жыйынга катышкан 109 депутаттын 103ү сунушту колдогонун бардыгынын эсине салат элем. Бул жерде талаша турган эч нерсе жок. Башкы прокуратура бардык шектендирген жагдайларды текшерип чыгып, Атамбаевге каршы аракет көрүүгө жүйө бар-жогун чечүүгө тийиш.

Жумабеков: Депутаттар жакшы иштегени үчүн сын укту
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00

«Азаттык»: - «Кыргызстан өзү бул тирешүүнү жөнгө сала албаса, эл аралык ортомчулардын жардамы керек болот» деген кээ бир жергиликтүү талдоочулардын көз карашына эмне дейсиз?

Алекс Меликишвили: - Бул жүз пайыз Кыргызстандын ички иши. Сырттан арачыларды чакыруунун эч кандай кажети жок деп ойлойм. Бул мыйзам үстөмдүгүнүн маселеси. Бул принциптин сакталышын камсыз кылуу, «мыйзам алдында бардык жарандар тең» деп кыргыз элине көргөзүү - өкмөттүн милдети.

Мен айрымдардын кырдаал жарандык тирешүү өңдүү радикалдуу бир окуяларга алып келиши ыктымал деген кооптонууларына кошула албайм. Кыргыз эли буга чейин көп эле тополоңдорду башынан кечирген. 2010-жылдан берки тынч шайлоолор коомдук жана саясий туруктуулук орногонун чагылдырууда. «Бүгүнкү окуялар сөзсүз жаңжалга алып келет» деп көбүртүп-жабырткандар Атамбаевдин саясий салмагын жана таасирин ашыкча баалап жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG