Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Апта: "Кумтөрдө" иш таштоо, райондордо аким шайлоо


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

"Кумтөрдө" жумушчулар иш таштады. Өкмөт радиациялуу көмүрдү бир жерге топтоого киришти. Акимдерди шайлоо жаңжалдар менен коштолду.

Кыргызстан экономикасы үчүн стратегиялык мааниси бар "Кумтөр" кенинин жумушчулары иш таштоого чыкты. Алар айлык акыларды көтөрүү талабын коюшкан. Кендин жетекчилиги жумушчулардын талабын канааттандыруу үчүн айрым кадамдарга барууга макулдугун билдирди. Бирок эки ортодо түшүнүүчүлүк табыла элек.

Кенчилердин кызыкчылыгын коргогон Кыргызстан тоо-кенчилер кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев иш таштоонун жүрүшү тууралуу буларды билдирди:

- Азыр иш таштоо уланып жатат. Бүгүн төртүнчү күн. Миңге жакын киши катышып атат, 300 киши иштеп жатат. Бул Эмгек кодексине жараша зарыл болгон иштерди аткаруучу жумушчулар. Ошол жумушчулардын талаптары аткарылмайынча иш таштоо боло берет. Биринчи кезекте жумушчулардын айлыгын көтөрүш керек. Андан кийин компания социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү кармай берсин.

Тажибаевдин айтымында, эки тарап сүйлөшүүдө тил табышаар замат, "Кумтөрдө" иш кайра башталат.

"Кумтөр" Кыргызстан экономикасында, бюджетинде аба ырайды түзө турган компания. Маселен, өткөн жылдын тогуз айында 5 млрд. 378 млн. сом салык төлөгөн. Ички дүң өнүмдүн көрсөткүчтөрүнө да "Кумтөрдүн" иши олуттуу таасир этет. Ошондуктан андагы иш таштоолор өкмөттү да бушайманга салып, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тараптардын сүйлөшүүлөрүн уюштуруп жатат.

"Кумтөр" алтын чыры Акаев мезгилинен бери тутанып келет. Парламентте да 9-февралда бул маселе кайра көтөрүлдү. “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Садыр Жапаров парламенттик комиссия түзүп, кенди иштетүүдөн пайда болуп жаткан экологиялык зыянды иликтеп чыгууну сунуштады. Ал "Кумтөр" кенинен 1997-жылдан бери 10 млрд. доллар акча табылып, анын 1.5 млрд. доллары гана Кыргызстанга тийгенин белгиледи:

- Ошонун 1.5 млрд. доллары гана Кыргызстанга түштү. "Кумтөр" кени 275 млн. долларга салыныш керек эле. Ал 475 млн. долларга салынып, ошол 1997-жылы бийликте тургандар менен канадалык компания 200 млн. долларды чөнтөктөрүнө салып коюшкан.

Депутат Жапаров өзгөчө экология жагына көңүл бурууга чакырды. Азырынча депутаттык комиссия түзүлө элек.

"Кумтөр" кени боюнча биринчи келишимде Кыргызстандын үлүшү 67% болгон. Бирок Танаевдин келишиминен кийин ичине "Кумтөр" кирген “Центерра голд” түзүлүп, анда Кыргызстан үлүшү 33 пайызга түшүп калган. 33% акциянын жарымы ошол кезде эле 82 млн. долларга сатылган. Март ыңкылабынан кийинки сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын үлүшү 33% жеткирилген. Ал өлчөмдөгү акция Торонто биржасында 1.5 млрд. долларга бааланып жатканы белгилүү. "Кумтөр" алтын кениндеги адилетсиздик Кыргызстанда саясий күрөштө, ал эмес жеке кызыкчылыктар үчүн да дайым пайдаланылып келген. Азыркы кезде да бул маселе кайрадан күн тартибине коюлуп жатканы таңкалыштуу эмес.

Радиациялуу көмүр жаңжалы

Радиациялуу көмүр Бишкек Жылуулук борборуна чогултулуп жатат. Ал көмүрдү Кыргызстандан Казакстанга ташып чыгаруу өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жана энергетика министри Аскарбек Шадиев 8-февралда убада кылгандай, 9-февралда башталган жок. “Электр станциялар” акционердик коомунан 10-февралда кабарлашкандай, тийиштүү документтер даяр болбогондуктан көмүрдү ташуу баштала элек.

Радиациялуу көмүр август айындагы өкмөттүн токтомуна ылайык келе баштаган. “Кулан ТБнын” көмүрүн алуу боюнча токтомго ал кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун депутат Садырбек Жапаров 8-февралда айтып чыкты.

Аны энергетика министри Аскарбек Шадиев да тастыктап, бирок мамлекет башындагыларды актаганга аракеттенди:

- Өкмөттүн № 361 буйругу 23-августта чыккан. Анда бул, же тигил компаниядан алгыла деп жазылган эмес. Ал жерде ошол Кулан кенинен алгыла деп жазылган. Мен муну менен айтайын дегеним, ошол кездеги өкмөт башчысы, урматтуу Алмазбек Шаршеновичтин, бүгүнкү президентибиздин эч кандай күнөөсү жок. Себеби өкмөт коллегиалдуу орган. Бардык министрликтерден макулдашуу келген. Экинчи, ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр, бүгүнкү премьер-министр Өмүрбек Токтогуловичтин да күнөөсү жок.

Өкмөттүн мына ушул № 361 токтомуна ылайык, Чүй облусунун мектептерине Кулан көмүрү алынган. Ал көмүр да радиациясы ашып-ташыган болуп чыкты.

Парламентте уулуу көмүрдүн келишинен да анын октябрь айынан бери мектептерде жатканы, ал эмес 180 тоннасы күйгүзүлүп кеткени кескин нааразылыкты пайда кылды.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов радиациялуу көмүрдү токтотууга октябрь айында эле аракеттенгенин билдирип чыкты:

- 24-октябрда мен тармактар аралык комиссияны түзгөм. 27-октябрда комиссия чечимин чыгара электе эле Энергетика министрлигине, Бишкек Жылуулук борборуна буйрук бердим. Анда бул көмүрдү тез арада токтотуп, артка кайтаруу тапшырылган. Мына ошонун негизинде 230 миң тонна “Кыргызжилкоммунсоюзга” келген көмүр Казакстанга кайтарылат.

Бирок Чүй облусундагы 14 мектепте жана Серафимовка карылар үйүндө кала берген. Радиациялуу көмүр чуусу парламентке жеткенде гана өкмөт аны бир жерге чогултууга киришкен.

Радиациялуу көмүр жаңжалындагы мына ушул жагдай боюнча оппозиция лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Бабановду айыптап, кызматтан кетүүгө чакырды:

- Октябрдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунда 14 мектеп, бир нече социалдык мекемелер радиация алып жатат. Мына Бишкек Жылуулук борборунда ошол көмүр жатат. Өкмөт тарабынан сиз канча тапшырма бербеңиз, канча кеңешме өткөрбөңүз натыйжасы жок, Өмүрбек Токтогулович.

Радиациялуу көмүр жаңжалын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Ал жогору жактагы күнөөлүүлөрдү атап чыгабы же Башкы прокуратуранын артынан Бажы жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын катардагы кызматкерлерин айыптап кала береби? Аны эми мезгил көрсөтөт.

Акимдер шайланды

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жаңыдан шайланган акимдерди 9-февралда кабыл алды. 40 районго 120 талапкердин ысымы өкмөт башчы тарабынан 24-январда аталган эле. Көпчүлүк райондордо акимдер шайланды.

Бирок шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар, депутаттарды сатып алуулар орун алганы маалым болду. Маселен, Сокулук, Кара-Суу райондорунда жаңжал чыгып, коркутуулар, сатып алуулар болгонун райондук кеңештин депутаттары айтып чыгышты.

Коомчулукта акимге талапкерлер кандай критерийлер менен тандалып алынганы суроолорду жаратты. Тандоодо партиялык жакындыгы негизги ролду ойногонун сынга алгандар да бар.

Акимдерди шайлоо “Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу” жөнүндөгү мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Ал мыйзамда акимдер канча мөөнөткө дайындалаары көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан ушунча ызы-чуу менен келген акимдер канча убакытка отурары белгисиз. Акимдерди кызматтан алуу жагы да жеңил. Маселен, ишениминен чыккан акимди өкмөт башчы кызматынан бошотуп койо алат. Бул акимди кызматтан алуунун он себебинин бири.

Акимди кызматтан бошотуунун дагы бир жолу бар. Мына ушул себеп жаңы шайланган акимдердин бир жылга жетпей кызматынан кол жууп калышына алып келиши ыктымал. Мыйзамдын 15-беренесинин 11-бөлүмүнө ылайык, райондук кеңешке жаңы шайлоодон кийин аким бошойт. Кыргызстанда райондук кеңештерге шайлоо быйыл күзүндө болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын билдирүүсүнө караганда, күзүндө 450 айылдык, райондук кеңештерге шайлоо болот.

Бирок жаңы шайланган акимдер жергиликтүү кеңештерге шайлоону өздөрү каалагандай өткөрүп, келечекте акимди сактап калууга да мүмкүнчүлүк алышты.

Акимдердин ишин баалай турган көрсөткүчтөрдүн көч башында улуттар аралык ынтымакты сактоо, жумуш орундарын түзүү жана инвестиция тартуу аталды. Муну өкмөт башчы акимдер менен жолугушууда белгиледи.

Экономиканы көтөрүү өкмөттүн да негизги милдеттеринен. Бирок быйылкы жылдын биринчи айынын көрсөткүчтөрү ойдогудай эмес. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу Ички дүң өнүмдүн көлөмү -12.5% төмөндөп кеткен. Өзгөчө кайра иштетүү тармагы аксап - 45%, курулуш тармагы -20% төмөндөгөн. Өсүш электр энергетика тармагында байкалып, ал 11% жакындаган. Бул кыш мезгилинде электр энергиясын иштеп чыгуу жана керектөө өтө көбөйгөнүнө байланыштуу экени түшүнүктүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG