Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Апта: Жоголгон Конституция, жоболоңдуу сөөк коюш...


Жогорку Кеңештин имаратында турган Кыргызстандын Конституциясы
Жогорку Кеңештин имаратында турган Кыргызстандын Конституциясы

Узап бараткан аптада Кыргызстанда Конституциянын түп нускасы жоголгону белгилүү болду. Ала-Букада сөөктү үч которуп коюу эмнеден кабар берет же дин өзүн коргоп жатабы? Иракта Мосул шаарын бошотуу операциясы башталды.

Ала-Букадагы армандуу окуя

Ала-Букада маркум Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн кайра-кайра казып чыккан окуя кыргыз коомундагы диний тенденциянын, адеп-ахлактын жана толеранттуулуктун абалын ачып көрсөтүп кетти.

Диний тенденция, ислам дини элдин турмушунда, аң-сезиминде жаңы бир калыптануудан өтүүдө. Бул жараян СССР урагандан кийин башталып, акыркы жылдары абдан активдешти. Анын аягы жашоонун баарын дин менен байланыштырган орто кылымдагы караңгылыкка жана араб дүйнөсүн трагедияга салгандай абалга алып келеби же дин өз жолунда болуп, ошол эле Түркия, Батыш цивилизацияларындагыдай кастарланган, урмат-сыйга бөлөнгөн руханий бийиктик, өзөк болуп калыптанабы?

Үч жолу жерге берилген маркум
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:21 0:00

Башка динге өттү деп маркум Сатыбалдиеванын сөөгүн мусулман жана христиан көрүстөндөрүнөн каздырып чыгарып салуунун артында диндин өзүн-өзү сактоо аракети жатат дегенге да болот. Бирок бул акыл-эске сыйбаган окуя чала молдо дааватчылардын же алардын айткандарына сугарылгандардын динден чыккандардын келечеги кандай болорун тирүүлөргө көрсөтүү, коркутуу максатын көздөгөнү да байкалат.

Ала-Букадагы чуу басыла электе ушундай эле окуя Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда катталды. Теплоключенка айылындагы христианчылыктын баптист багытын тутунган 57 жаштагы аялдын сөөгүн мусулмандар көрүстөнүнө коюуга жергиликтүү эл каршы чыккан.

22-октябрда жергиликтүү бийлик, район имамы жана маркумдун туугандары сүйлөшүп жатып, сөөк жашыруу үчүн өзүнчө жер бөлүшкөнү маалым болду.

Ала-Букадагы окуя Ак-Сууда кайталанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Коомдо башкача ойлогон жана башка динге өткөндөр болот. “Кой аксагы менен миң” дегендей келечекте да андайлар болбой койбойт. Ошондуктан мындай конфликттерди алдын-алуу үчүн диний эксперттер жана аалымдар аларга өзүнчө көрүстөн үчүн жер бөлүп берүүнү сунуштоодо.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев бул маселе Мамлекеттик дин иштери боюнча концепциясында жазылганын айтат:

- Мамлекеттин дин иштери боюнча концепциясынын планын сунуштаганда жазганбыз. Жергиликтүү бийлик ушундай маселелерди чечсин дегенбиз. Үч ай сайын биз маселе коюп, жер бөлүндүбү деп сурап жатабыз. Кечээ күнү ар бир райондон жер бөлүүнү сунуштадык. Айласы кеткенде ошол жерге алып барып койсун дедик.

Конституция жоголду...

Кыргыз коомчулугунда узап бараткан аптада мына ушундай диний, нравалык маселе менен катар 2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституциянын түп нускасынын табылбай жатышы чуу жаратты. Жогорку Кеңеште Конституциянын түп нускасы кайда деген суроо коюлганда президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билбей турганын айтты:

- Чындыгында эле 2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституциянын түпкү нускасы президенттик аппаратта жок. Архивден да издедик, ал жакта да жок. Түпкү нуска кайсы мамлекеттик органда же чиновникте экени белгисиз.

Конституция туу, герб сыяктуу мамлекеттик негизги символ болгондуктан, анын түп нускасы президенттик аппаратта сакталышы керек. Бирок чиновниктердин акыркы түшүндүрмөлөрү көрсөткөндөй, Конституция 2010-жылы референдумда кабыл алынган, бирок президент тарабынан кол коюлуп, түп нуска катары өз ордуна коюлган эмес.

Конституция боюнча президенттик аппараттын пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Убактылуу өкмөттүн башчысы, Конституция кабыл алынган референдум менен бирге бийлиги тастыкталган Роза Отунбаева же ал кездеги Конституциялык кеңешменин төрагасы болуп, соңунда Баш мыйзамдын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев бул жараянды эмне себептен аягына чыгарбай калган деген собол туулат. Бул Убактылуу өкмөттүн мамлекеттик негизги документке карата жоопкерчиликсиз мамилесиби же Конституциянын преамбуласында “Кыргызстандын эли... ушул Конституцияны кабыл алабыз” деп жазылган, ошол жетишет деген чечимиби - муну айтуу кыйын. Түп нуска боюнча парламентте айтылгандай комиссия түзүлсө, мүмкүн аныгына жетер.

Ал эми Конституциянын түп нускасынын жоктугу көчүрмөлөргө таянып кабыл алынып жаткан мыйзамдардан тартып, анын негизинде иштеп жаткан бийлик органдарынын мыйзамдуулугуна чейин маселе жаратат. Бирок бийлик өкүлдөрү “Эркин Тоого” жарыяланган Конституциянын тексти түп нуска катары кабылданарын билдиришүүдө.

Конституциянын түп нускасынын жоголушу же табылбашы социалдык түйүндөрдө шакабага алынып, ал мамлекеттеги башаламандыктын символу катары сыпатталууда.

Каршы-терши чечимдер

Түп нускасы табылбай жаткан Конституцияны өзгөртүү демилгеси дагы бир коллизияга туш болгонун “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов аныктап чыкты. Депутаттын маалыматы боюнча, Жогорку Сот 2012-жылы Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген токтом чыгарганын билдирди:

- Токтайым Үмөталиева Конституция алмаштырылган деген негизде сотко берген. Ошондо биринчи, экинчи, үчүнчү инстанцияда сот караган. Жогорку Соттун токтомунда “өзгөртүүгө болбойт" деп жазылып турат.

Жогорку Соттун мына ушундай чечими бар болгонуна карабай ошол эле Жогорку Сотко караштуу Конституциялык палата КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун сентябрь айындагы кайрылуусун карап, азыркы Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы келбейт деген бүтүмүн 11-октябрда чыгарып берген. Мына ошол чечимдин негизинде Жогорку Кеңеш референдумду 11-декабрга белгилөөнү чечип жатат. Жогорку Сот инстанцияларынын мындай карама-каршылыктуу чечимдери анын саясий кырдаалга жараша “ийилчээктигин” айкындап жатканы айтылууда.

Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу коомдогу жана парламенттеги талаш-тартыш жана оош-кыйыштар “демилгечи” аталган фракциялардын пикирлеринин өзгөрүүсүнө алып келип жатат.

“Демилгечи” аталган беш фракциянын ичинен “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары тескери бурулуп, “демилгечилер” тизмесинен чыкты. Ал эмес, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөткө түз, президентке кыйыр сын айтууга өттү. Бул фракциялардагы мындай өзгөрүүлөр албетте бийликке жакпады. Президент Алмазбек Атамбаев аларды кайрадан мурункудай "бакиевчилер" деп айыптоого өттү:

- Кечээ Бакиевдин капталында отурган. Бүгүн да менимче Төрөбаев менен ошол жерде отуруп, Конституцияга каршы, өлкөгө каршы кыйкырып жатышат. Аларга өлкөдө жарык болушу керек эмес, аларга жол керек эмес. Аларга мандат жана чөнтөгүн толтуруш керек.

Президент "Бир болдун" депутаттарын сынга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө негизги “демилгечи” болуп келген “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабановдо да кыйылуу жана күмөнсүнүү байкалууда. Бабанов сунушталган өзгөртүүлөр аны анчалык ынандырбаганын, мындан да олуттуу өзгөрүүлөр болуш керек эле деген пикирин билдирди. Өмүрбек Бабанов мындай билдирүүсү менен биринчиден, “демилгечи” эмес экендигин аныктаса, экинчи жагынан баары Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок болгон президенттик аппарат демилгелеп жатканын бышыктаган.

Мосул, Сирия, АКШдагы шайлоо

Дүйнөлүк саясатта узап бараткан аптада бир нече олуттуу окуялар орун алды. 17-октябрда Ирактын Мосул шаарын бошотуу операциясы башталса, Орусия Сириянын Алеппо шаарын бомбалоодо тыныгуу жарыялап, бирок “Адмирал Кузнецов” баштаган учак алып жүрүүчү согуштук кемелеринин тобун Сирия жээктерине жөнөттү.

Батыш Алеппону бомбалоодо аскерий кылмыш жасалган деп, Орусияга психологиялык басымды күчөттү.

Кошмо Штаттарда 19-октябрда президенттикке талапкерлер акыркы дебатта беттешти.

Мосул шаары 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” террордук тобунун колунда кармалып келет. Аны бошотуу операциясына Ирактын 25 миң аскери, күрттөрдүн пешмергасынын 4 миң жоокери тартылып, АКШ баштаган коалицияда абадан колдоо көрсөтүп жатат.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади Мосулду бошотуу операциясы пландагыдан ылдам жүрүп жатканын билдирди:

- Күрөшүп жаткан күчтөр шаарга карай ойлогондон ылдам жылып баратышат. Бул, албетте, биз өнөктүктү пландаганга караганда алда канча ылдам алдыга жүрүш.

Ирак генералы Талип Шегати Мосул бардык тарабынан курчоого алынганын билдирип, операция ылдам жүрүп жатканын ырастаган. Ал ошондой эле чалгынчылар шаарда 5-6 миң жоочу бар экенин аныктаганын маалымдады. Мына ошол 5-6 миң жоочу “Ислам мамлекети” өзүнүн борбору деп жарыялаган Сириянын Ракка шаарына карай жылып кетип жатканы айтылууда. Франциянын президенти Франсуа Олланд террорчулардын бир жерден экинчи жерге которулуп, өздөрүнүн тескери иштерин улантышына жол бербеш керек деп жатат.

Мосулдагы тирүү калкандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

Мосул шаарын бошотуу операциясында сезимтал жагдайлар бар. Биринчиден, Мосулдун тургундары басымдуу сунниттер болгондуктан Ирактын шиит өкмөтүнүн аскерлери кандай кабыл алынат, эки ордо диний агымдардын араздашуусу ого бетер курчуп кетпейби деген кооптонуулар болууда. Мына ошол кооптонууларга жана анын ишке ашуусуна жол бербейбиз деген максатта Түркия Мосул операциясына толук кандуу катышууга умтулууда. Бул өз кезегинде расмий Багдаддын каршылыгын жаратууда.

Эки өлкө Мосулга жакын жердеги Башика базасында түрк аскерлеринин турушу боюнча араздашып келгени белгилүү. Анкаранын Мосул операциясына катышуу маселесин макулдашуу максатында 21-октябрда Түркияга АКШнын коргоо министри Эш Картер келгени кабарланды.

Алеппо шаары
Алеппо шаары

Сириянын Алеппо шаарынын айланасындагы кырдаал болсо Батыш менен Орусиянын келишпестигинин чордонуна айланды. Европа Биримдигинин белдүү өлкөлөрү Орусия жана Сириянын аба күчтөрүнүн Алеппонун чыгышын бомбалоосун аскерий кылмыш катары баалап, аны иликтөөгө алуу талабын кое баштады. Москва өз кезегинде андай сындарга жооп иретинде 20-октябрдан тарта абадан сокку урунуу токтотту. Жоочуларга жана тынч жарандарга согуш жүрүп жаткан кварталдардан чыгып кетүүгө шарт түзгөнүн жана 24-октябрга чейин убакыт берилгенин жарыялады.

Ошол эле учурда Москва “Адмирал Кузнецов” башында турган согуштук кемелерин Сирия жээктерин карай жөнөттү. Бул Орусия тараптан Сирия үчүн күрөштө бир жагынан чечкиндүүлүктү көрсөтүү болсо, экинчи жагынан учак алып жүрүүчү кемени жана андагы учактарды реалдуу согуш шартында сынап көрүү катары да сыпатталууда.

Кошмо Штаттар көбүнчө президенттик шайлоо менен убара чегүүдө. Анын үстүнө шайлоодо чечүүчү мезгил жакындап келатат. Шайлоо 8-ноябрда болот. Анын алдында 19-октябрда президенттикке талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп үчүнчү ирет дебатта беттешти.

Айыгышкан мүнөздөгү өнөктүк Дональд Трамптын шайлоонун жыйынтыгын таануудан тартуу мүмкүнчүлүгү менен коштолду. 19-октябрдагы дебатта шайлоонун жыйынтыгын тааныйсызбы деген алып баруучунун түз суроосуна Трамп мындайча жооп берди:

- Мен аны ошол кезде карап көрөм. Азыр эч нерсе дей албайм. Ошол кезде карап көрөм. Мен азыр байкап жаткандар өтө жакшы эмес көрүнүш. Медиа акыйкатчыл эмес жана коррупциялашкан.

Дональд Трамп шайлоо жыйынтыгы бурмаланат, ал эми маалымат каражаттары калктын башын айлантууда деп буга чейин билдирип келген. Трамптын мындай позициясы АКШнын бийлигине жана шайлоо системасына, демократиясына шек келтирерин президент Барак Обама билдирди. Трамптын шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартуусу, анын тарапкерлеринин көчөгө чыгуусу жана олку-солкулук менен коштолот деген тынчсызданууларды жаратууда.

Дебатта талапкерлер АКШнын ички маселелеринен тартып, дүйнөлүк маселелерге чейин талкуулашты. Анда Орусия жана анын президенти Владимир Путин дагы ортого түштү.

Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон Дональд Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путинге жакындыгын сынга алып, аны “куурчагы” катары сыпаттады. Хиллари ошондой эле АКШдагы кибер чабуулдардын артында Путин өзү турат деп айыптады:

- Викиликс боюнча эң башкы максат эмнеде? Орус өкмөтү Америкага каршы тыңчылык кылууда. Алар америкалыктардын вебсайттарын, америка мекемелеринин, жарандарынын менчик жана жеке электрондук почталарын талкалап, андагы маалыматтарды Викиликске берип, ал аркылуу интернетке жайылтууда. Биздин шайлоого таасир этүүнү көздөгөн мындай аракетке Орусия бийлиги эң жогорку деңгээлде, Путин өзү күч үрөп жатканын биздин 17 чалгын кызматыбыз ырастап жатат. Менин оюмча, бул кечтеги эң башкы маселе мына ушунда, соңунда мына ушуларды Дональд Трамп туура деп баалап, Орусияны айыптайбы жана Путинден жардам алуудан баш тартабы? Ал Орусиянын америкалыктарга каршы тыңчылык кылуусуна каршы чыгууда, бирок өткөндө аны кубаттап жаткан. Мына ушул суроого биз жооп алышыбыз керек. Биздин бир дагы шайлообузда мындай нерсе буга чейин болгон эмес.

Орусия кибер чабуул боюнча айыптарды четке кагып келет. Дональд Трамп өз кезегинде президент Барак Обама жана Хиллари Клинтонду мамлекеттик катчы кезинде Путин кадам сайын озунуп утуп жүргөндүктөн жек көрөт деп жооп берди.

Ошентип, кубаттанган Орусия АКШ жана Европа Биримдигинин шайлоосунда да, тышкы саясатында да чоң факторго жана проблемага айланууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG