Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:50

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого кайсы партия көп акча сарптады? Кант базасы боюнча сөз мигранттарга опол тоодой маселе жаратты. Алепподон куралдуу оппозиция өкүлдөрү чыгарыла башталды.

Шайлоого кеткен миллиондор

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, референдумга 1 млн. 190 миң жаран катышты. Бул республикада катталган шайлоочулардын 41.74% түзөт.

Референдумга катышкандардын 80% жакыны Конституцияны өзгөртүүнү колдоп добуш берсе, 15.40% каршы добуш берген. Ошону менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынды.

Өзгөртүлгөн Конституция 2017-жылдын декабрь айынан тарта күчүнө кирет. Дал ошол мезгилде азыркы президенттин ыйгарым укугу бүтүп, жаңы президент кызматка киришүүгө тийиш.

Референдум менен кошо жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде 22 шаардык кеңешке шайлоо өттү. Шаардык кеңештер, өзгөчө Бишкек шаардык кеңеши жана Жалал-Абад шаардык кеңеши үчүн кармаш катуу болду. Жалпысынан бул шайлоодо КСДП алдыга чыкты. Ага “Республика - Ата Журт” жана “Өнүгүү” партиялары атаандаш болду.

Шаардык кеңештерге шайлоо учурда ири митинг өткөрүү, жалындуу сүйлөө эмес, финансы жана адам ресурстары, партиянын жер-жерлердеги уюмдары, активисттери негизги ролду ойнорун көрсөттү. Бул жагынан алганда да аталган үч партия жер-жерлердеги партиялык уюмдары, жетиштүү каражаты бар экени белгилүү.

11-декабрдагы шайлоо өнөктүгүнө бул партиялар ичинен “Республика-Ата Журт” эң көп каражат жумшаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул партия шаардык кеңештерге шайлоого 30 млн. сомдун тегерегинде каражат сарптаган. Ал эми бийликтин КСДП партиясы 20 млн сом, “Өнүгүү” партиясы 16 млн. сом короткон.

Лидери Канат Исаевдин айланасындагы жаңжалдуу окуяларга карабай “Кыргызстан” партиясы да шаардык кеңештерге 15 млн. сом сарптады. Бул расмий түрдө бөлүнгөн каражаттар. Ал эми “жең ичинен” бөлүнгөн каражаттар андан эселеп көп болот эмеспи.

Күмөндү күчөткөн жыйынтык

Оппозициялык “Ата Мекен”, “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары ийгиликке жетише алган жок. Алардын фонунда буга чейин калкка таанымал эмес “Мекеним Кыргызстан” партиясы Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо ийгиликке жетишти. Бул партия жаз айындагы Ош шаардык кеңешине шайлоодо да жакшы көрсөткүчкө жетишип, алты мандатка ээ болгон. Анда “Мекеним Кыргызстан” “Республика - Ата Журт”, “Бир бол” жана “Өнүгүү” партияларын артта калтырган болчу.

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Кыргызстанда Бишкек баштаган 22 шаардык кеңешке келчү партиялар белгилүү болуп калды.

Бул партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо да ийгиликке жетишип, жети мандатка ээ болду деп эсептелүүдө. Талапкерлеринин тизмесинде курулуш компанияларынын өкүлдөрү көрүнгөн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын чыныгы кожоюну же лидери президенттин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов деген сөздөр саясий чөйрөдө айтылып жүрөт.

Партиянын лидеримин деген Медер Орумбаев “Азаттыкка” Икрам Илмиянов менен байланышы жоктугун, бирок Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу ийгилик күтүүсүз болгонун айтты:

- Биздин талапкерлерге эл ишенди окшойт. Жаштардан үмүттөнүп, мамлекеттин акчасына кол тийгизбеген ишкерлер, жаштар экен деген ишеним болгондур. Эми эл кайсы бир белгилерин карап шайлады да. Жеңгенибиз өзүбүзгө деле таң калычтуу болду. Демек талапкерлер туура тандалган, алар эл менен тыгыз байланышта болгондугу, же аванс катары үмүттөнгөнү болсо керек.

Буга чейин коомчулукка белгисиз партиянын жеңишке жетишүүсү, “добуштар акчага сатып алынды жана шайлоо жыйынтыктары алдын ала программаланган” деген күмөндөрдү күчөткөнү айтылууда.

“Таза Кыргызстан” партиясынын лидери Марат Иманкулов мына ушундай күмөндөр үстөмдүк кылууда дейт:

- Бул жерде каражатсыз эч нерсе болгон жок. Экинчиден, биометрикалык маалыматтар жана электрондук аппараттар менен шайлоо өткөрүү чоң күмөн жаратты. Катышкан күчтөрдө, адамдарда жана саясий партияларда чоң күмөн пайда болду. Элдин ичинде да ошондой күмөн жаралды. Белгисиз программисттер келип алып, кандай программа киргизсе, ошондой жыйынтык бере берет. Ушундай технология колдонулду деген шектенүү болуп жатат.

Эми Кыргызстанда келерки жылы президенттик шайлоо болот. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңилүү ызасын тарткан көпчүлүк таанымал саясатчылар жыйналып, саясий келечекти аныктоо, президенттик шайлоого даярдык көрүүнү талкуулап жатканы маалым.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар ортосунда кеңешүүлөр жүрүп жатканын ырастады. Курултай аркылуу бийликке таасир этүүнү көздөп жатышканын Азимбек Бекназаров да белгиледи. Ошол эле учурда Бекназаров 11-декабрдагы референдумда Конституцияга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилбеди деп эсептейт. Анын пикиринде, биринчи кезекте президенттик же парламенттик башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүп, анын жыйынтыгына жараша Конституция жазуу туура болот.

"Халявщик" деген сөздүн кайтарымы...

Декабрь айынын башында маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин Москванын мэри Сергей Собяниндин дарегине сын сөзү жана Канттагы орус базасы чыгарылат дегендей пикиринен кийин Орусиядагы Москвадагы мигранттардын абалы оорлой баштаганы байкалды. Мигранттар кармоолор жана кысымдар капысынан көбөйгөнүн айтып, бул маселени чечүү талабы менен Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулду. Бирок аларды Орусия полициясы кармап кетти.

Жаныбек Иманкасымов “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысына мигранттардын абалы президенттин сөзүнөн кийин оорлогонун билдирди:

- Буга чейин эле башка жерге агенттиктер аркылуу каттоого туруп, башка жерде жашап келгенбиз. Акыркы убактагы кысым президент Атамбаевдин Кыргызстандагы орус аскер базасы тууралуу айткандары, ГЭС боюнча келишимдерди бир тараптуу токтоткону менен байланыштуу деп ойлойм. Москванын мэри Собянин кыргыздарды гана жаман көрсөтүп койду. Ал эми полиция кызматкерлерине президент, мэр сыяктуу адамдардын айткандары буйрук да.

14-декабрда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде эмгек мигранттары элчи менен жолугушту. Анда мигранттардын укугун коргоо маселеси талкууланды. Элчи Болот Отунбаев мигранттар укугун коргоодо юристтер жетишпей жатканын айткан. Юристтер элчиликти каржылоонун азайышына байланыштуу кыскартылган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айрым сөздөрү ички саясий абалга гана эмес, тышкы саясатка да терс таасир тийгизип жатканын бийлик оппоненттери белгилеп келатышат.

1-декабрдагы маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданынан АКШ базасынын чыгарылышы туура болгонун белгилеп, Канттагы Орусия базасы да чыгарылыш керек дегендей пикирди айткан:

- Бул көптөргө жакпашы мүмкүн. Кээ бирөөлөр аны мага каршы колдонушу ыктымал. "Ганси" базасын чыгарганыбыз жөнүндө айттыңыз. Мен муну туура чечим деп эсептейм. Эң башкысы, Кыргызстан келечекте өз күчүнө гана таянышы керек. Бул Орусиянын базасына да тиешелүү. Мага "Атамбаев америкалык базаны чыгарып, Орусиянын базасын калтырды" деп кине койгондор бар. Бирок билип алгыла, Орусия базасы боюнча Бакиев кол койгон келишимде 45 жылга калып, дагы 25 жылга узартылмак. Биз 15 жылга гана калтырдык. Орусия стратегиялык өнөктөшүбүз бойдон калат. Бирок Кыргызстан өз күчүнө гана таянышы керек.

Канттагы база
Канттагы база

Алмазбек Атамбаев Канттагы база чыгарылат деп түз айтпаса да, ал боюнча келишим 15 жылга чейин гана экенин белгилеген. Бирок сөзүнүн аягында “кимдир бирөөлөр халявщик болсо, аны карап көрүшүбүз керек” деген. Орусиянын Канттагы базасы Кыргызстанга бир сом да бербейт. Ал гана эмес, электр энергиясы менен да бекер камсыздалат. Мына ушул маселе кезинде Кыргызстанда нааразылык жаратканы белгилүү. Президенттин “халявщик” деген сөзү Орусиянын жетекчилигине катуу тийип, анын каарын эмгек мигранттары көрүп жаткандай.

Ал эми келишим 15 жылга гана түзүлгөн деген сөздүн салмагы да, таасири да анчалык эместей. Анткени база боюнча келишимдин узартылышы же токтотулушу 15 жылдан кийин таптакыр башка шартта, башка мезгилде чечилип, ага азыркы саясатчылардын эч кандай таасири болбошу баарына айкын.

Орус-кыргыз мамилесинде Жогорку Нарын каскадына “Русгидро” жумшадык деген 37 миллион доллар боюнча да маселе жаралууда. Орусия аны төлөөнү талап кылып, эл аралык арбитражга берерин кыйытты. Чындыгында Кыргызстан бул жерде “жебеген самсага пул төлөгөндөй” абалда калууда. Анткени Жогорку Нарын ГЭСтерин курууда алгылыктуу иштер жок, бирок олуттуу чыгым бар. Ал Кыргызстандын мойнуна илинүүдө.

Экинчиден, Жогорку Нарын каскадынын курулушун текшерген депутаттык комиссия ал жерге 37 млн. доллар сарпталганын күмөнгө алып, ал жерге бери дегенде эки эсе аз каражат кеткенин эсептеген.

Жогорку Нарын каскадынын курулушуна кеткен чыгымды иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусия Кыргызстанды 37 млн. долларды төлөөгө мажбур кылат дейт:

- Келишимде "кайсы тарап биринчи бузса, ошол чыгымдарды толугу менен төлөп берет" деп бакыйып жазылып турат. Келишимди Кыргызстан тарап бузган. Президенттин демилгеси менен парламент денонсация кылды. Аны бузгандан кийин орус тарап өзүнүн кеткен чыгымдарын эсептеп, "37 миллион доллар, ошону ордуна коюп койгула” деп айтты. Бүгүнкү күндө алар бизди эл аралык сотко беребиз дегени – сылык-сыпаа айтып жатканы. Же болбосо алардын эл аралык сотко бербей эле башка кысым көрсөтүп, төлөтүп коюуга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу келишимине апрель ыңкылабынан кийин жетишип, бирок Москванын курулушту кечеңдетүүсүнөн Кыргызстан быйылкы жылдын башында аны бузган. Кыргыз өкмөтү “Русгидро” сарптаган 37 млн. долларды жаңы инвестор төлөп берет деп эсептеген. Бирок андан бери ага башка инвестор кызыгуусун көрсөтө элек.

Алеппо: эвакуация күн тартибинде

Узап бараткан аптада дүйнөлүк саясаттын чордону Сириянын Алеппо шаарында болду. Орусия жана Түркия президенттеринин ортомчулугу астында жетишилген келишимге ылайык Алеппо шаарынан куралдуу оппозиция чыгарыла баштады. Бул келишимди аткарууга жетишүү жеңил болгон жок.

Апта башында жетишилген келишимге ылайык, шаршемби күнү эвакуация башталышы керек эле. Бирок ал күнү Алепподо кагылышуу чыгып, келишим аткарылбай калды. Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин 14-декабрда кайрадан телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атууну токтотуу келишимине тараптарды мажбурлап, 15-декабрдан тарта гана эвакуациялоо иштери башталды.

Алепподон чыгарылып бараткан үй-бүлө
Алепподон чыгарылып бараткан үй-бүлө

Сириянын мамлекеттик маалымат каражатынын кабарлоосу боюнча, 16-декабрга карай 8 миңден ашуун жоочу жана алардын үй-бүлөлөрү оппозиция көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясына чыгарылды.

Ошентип, Сирия маселесин чечүүдө Орусия жана Түркиянын салмагы өзгөчө болууда. Бийлик алмашуу мезгилине байланыштуу Кошмо Штаттардын таасири азайганы байкалат. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын негизги көңүлдү ички маселелерге буруусу жана Сирия боюнча Барак Обаманын саясатына карама-каршы көз карашы да өз таасирин тийгизип жаткандай.

Трамп узап бараткан аптада мамлекеттик катчылыкка Exxon Mobil компаниясынын башчысы Рекс Тиллерсонду тандады. Ал бул орундагы Жон Керрини алмаштырмакчы. Тиллерсон Орусиядагы мунай келишимдери үчүн 2013-жылы президент Владимир Путиндин колунан “Дружба” орденин алган. Ошондуктан анын мамлекеттик катчылыкка көрсөтүлүшү карама-каршы пикирлерди жаратты. Мамлекеттик катчы Сенатта бекитилиш керек болгондуктан, Тиллерсонго Сенатта орус президентине жакындыгы боюнча суроолор чыгары айтылууда.

Стамбул, 10-декабрь
Стамбул, 10-декабрь

10-декабрда Түркия, Египет жана Нигерияда теракттар жасалды. Стамбулдагы терактта 44 адам набыт болуп, 160тан көп киши жарадар болгону кабарланды. Бул теракт үчүн Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын бөлүмү жоопкерчилик алды.

Түрк бийлиги террорго каршы күрөштө жалпы коомчулукту түп көтөрүлүүгө чакырды. Түркияда ошондой эле парламентке Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганы кабарланды. Ал кабыл алынса, Түркия президенттик башкаруу системасына өтмөкчү.

Узап бараткан аптада дүйнөлүк экономикалык абалга таасир эте турган чечимдер да кабыл алынды. АКШнын Федералдык резервдик системасы насыяларга үстөгүн 0.5 пайыздан 0.75 пайызга көтөрдү. Бул өз кезегинде доллардын дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда бекемделишине алып келди.

ОПЕК жана бул уюмга кирбеген мунай өндүрүүчү ири мамлекеттердин мунай өндүрүшүн кыскартууну макулдашуусу болсо, мунайдын кымбатташына алып келди. Мунайга баанын көтөрүлүшү орус рублине оң таасир этип, апта башында рубль доллар жана еврого карай бир кыйла бекемделди. Бирок АКШда ФРСтин үстөк пайызды көтөрүүсү доллардын кайрадан бекемделүүсүнө, рублдин курсунун кайра төмөндөөсүнө алып келди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG