Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент катары кол тийбестик макамынан ажыратты. Бул укук коргоо органдарына Алмазбек Атамбаевди суракка чакырууга, күнөөсү далилденсе, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууга уруксат берет.
«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» экс-президентке жана үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан берилген кепилдиктер жана жеңилдиктер соттун чечими аны күнөөлүү деп тапса гана алынат.
27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратууну депутаттардын 103ү колдоп, алтоо каршы добуш берди. Аны кол тийбестиктен ажыратууга 80 депутаттын добушу жетиштүү болмок.
Депутаттардын алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды берди.
«Биз «депутаттык комиссия койгон айыптарда кылмыштын белгилери байкалат» деген гана корутунду бердик. Эгер Атамбаевдин макамы алына турган болсо, биз аны тийиштүү көрсөтмө бериши үчүн чакырышыбыз керек. Күбөлөр менен көздөштүргөндө Атамбаевге шек жарала турган болсо, ошондо ага шектүү катары билдирүү берилип, кылмыш иши козголду деп эсептелет», - деди ал.
Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан эле.
Атамбаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев парламент жыйынында Атамбаевге коюлган айыптар тууралуу сөз козгоду.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна катышы болгон. Кой-Таш айылындагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган компанияларга тиешеси бар. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген айыптар тагылууда. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова башкы прокурор экс-президенттин дарегине айткан айыптоолордон күмөн санап жатканын билдирди.
27-июндагы жалпы жыйында депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып: «Убагы келип бийлик алмашканда азыркы дооматтарыңызды далилдей аласызбы?» - деп суроо узатты.
Жамшитов иликтөөнүн баарын мыйзам чегинде жасап жатканын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык башкаруусуна мындайча баа берди:
«Алмазбек Атамбаев формалдуу эмес түрдө өлкөнү башкаруу механизмин туу чокусуна чыгарып койду. Мурунку президенттер деле ошентип келген. Бирок бул киши убагында коркутуп-үркүтүү, камоо, Кыргызстандан кууп чыгуу менен сот бийлигин да, мыйзам чыгаруу бийлигин да башкарган. Өкмөттү алты жолу садага чапкан. Чоң насыя алаардын алдында эле өкмөт садага чабылып, анан насыя алынчу. Өкмөттүн натыйжалуулугун ойлогонго да убактысы болгон эмес. Бул кишинин эмоциясы менен алты жыл жашадык. Бул ошондон коркуп жатат, «президент айтканды баары аткара берет, мыйзамдуулук болбойт, тарапташтары менен өзүмдү коргоп калам» деп, мыйзамга ишенбестиги көрүнүп турат».
Атамбаевдин «коргонуусу»
Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери анын Башкы прокуратура жана депутаттар «мыйзамсыз алган» деп айткан жерге салган Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, «элдик штаб» жана басма сөз борбору түзүлгөнүн айтышкан. Атамбаев өзү да ошол үйүндө жашап, тарапкерлери жана журналисттер менен жолугуп жатат. Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, кылмыш иши козголуп калса, тергөөгө барбай турганын билдирди:
«Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе, жооп беребиз. Бул бийлик турганда эч кандай укуктук чечим кабыл алынбайт. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлө, кандай айырма бар экенин!»
Атамбаев тарапташтары менен жолугушкан учурда сүйлөп жатып, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган. 27-июнда Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп бергенде да: «Менде курал бар. Каршылык көрсөтөм» деди. Ал өлкөдөн кетпей турганын айтып, Жээнбековдун бийлигин тааныбасын билдирди:
«Жээнбековдун бийлигин мурда эле «тааныбайм» деп айткам. Себеби анын легитимдүүлүгүндө чоң маселе бар. Адам деген адашат. Менин тегерегимдеги эң жакын досторум Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов болчу. Бирок мен адамдын ичин көрө албайт экем да».
Атамбаевдин үйүнө чогулган тарапкерлери бийликке сегиз талап коюшту. Алар мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон парламентке, күч түзүмдөрүнө, сотторго түздөн-түз буйрук берүүнү токтотууну, «көмүскө башкаруучулардын» саясатка кийлигишүүсүнө жол бербөөнү, «саясий туткундарды» бошотууну талап кылышты. Мындан сырткары эл өкүлдөрүн жогорку трибунаны курал катары колдонбоо тууралуу талап айтылды.
Чогулгандар бул талаптар аткарылбаса, бийликти алмаштыруу маселесин көтөрө турганын белгилешти.
Ошентип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакырууга, анын күнөөсү болсо жоопкерчиликке тартууга мыйзамдык жол ачылды. 13-июнда түзүлгөн парламенттик комиссия менен Башкы прокуратура бул ишти тез, эки жуманын ичинде карап бүтүрүп, ага алты иш боюнча күнөө коюуга негиз бар деп табышты.
Ошол эле кезде Атамбаевге коюлган айыптардан кем эмес коомдо талкууланып келген иштер, маселен, 2016-жылы өткөрүлгөн талаштуу конституциялык референдум, өзүнүн башкы атаандашы Өмүрбек Текебаевдин жана башка саясатчылардын камалышы боюнча Атамбаевдин билдирүүлөрү жана орду, ошондой эле ал шайлоолорго кийлигишкен жана каржылаган деген маалыматтар тууралуу маселелер иликтенеби-жокпу, азырынча белгисиз. Бул сыяктуу иштер да каралып калса, ал өз учурунда чыгарылган сот чечимдери, референдум жана шайлоолор боюнча суроолорду жаратышы ыктымал.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу 2016-жылы бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер жана депутаттар каршы чыккан Конституция боюнча референдумду колдоо талабына байланыштуу катуу кысым болгонун быйыл «Азаттыктагы» маегинде билдирген.
Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаев 2016-жылы президент болуп турган кезинде эле ага импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөн. Ал Атамбаев бийликти узурпациялап, бир гана партиянын кызыкчылыгын сүрөгөнүн, өз билдирүүлөрү менен шайлоонун жыйынтыгына таасир эткенин айтып чыккан. Башкы «атамекенчи» импичмент жараянын башташ үчүн Атамбаевдин расмий билдирүүлөрү, көрсөтмөлөрү жана буга байланыштуу анын атынан оозеки жана жазуу түрүндө берилген буйруктары сыяктуу документтерди чогулткан. Сегиз жылга соттолуп, азыр түрмөдө отурган Текебаев өткөн жумада «Азаттыкка» чыккан маегинде Атамбаев «түрмөдөн баатыр болуп чыкпагандай соттолушу керек» деп эсептей турганын билдирди:
«Мен Атамбаевдин кыргыз тарыхындагы орду, анын келтирген залакалары так аныкталып, далилденип, элдин алдында да, соттун алдында да жооп беришин каалаган адамдардын биримин. Ага менин моралдык укугум бар деп эсептейм. Мен камалып калганыма өч алуу, таба кылуу максатында эмес, камала электе эле 2016-жылы Атамбаевдин кылмыштарын санап, импичмент маселесин көтөргөнбүз. Менин камалышымдын негизги себептеринин бири да ошол. Ошондуктан «Ата Мекен» партиясы 2016-жылы баштаган ишин аягына чыгарышы биз үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн да маанилүү деп ойлойм. Бирок «шашкан шайтандын иши» дейт. Мен айткам да, «мени түрмөдөн кол чабуулар менен чыгарасыңар» деп. Атамбаевди бүгүн шашып камап алып, эртең ал да кол чабуулар менен чыгышын мен каалабайм. Аны бүгүн шашып камап коюп, кийин өзү жактырбай, чанып жүргөн эл аралык уюмдарга кайрылса, алардын колдоосу менен акталып чыгып, каарман болушун каалабайм. Ошол себептүү күнөөнү коюш үчүн кылдат иликтеп чыгып, далилдерди таап, элди ынандырып, тарыхый документтерди бекемдеп, андан кийин жоопко тартыш керек деп эсептейм».
Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президенттик кызматка киришер замат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагында Коррупцияга каршы кызмат түзгөн. Кийин «Ата Мекен» партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаев бул Конституцияга каршы келерин, Атамбаевдин аны түзүүгө жана жетекчисин дайындоого ыйгарым укугу болбогонун, мекеменин жасап жаткан иштери мыйзамдарга кайчы келерин айтып чыккан. «Түзүлүшү Конституцияга шайкеш келеби же жокпу?» деген суроо жараткан бул мекеме азыркы президенттин тушунда да иштеп келе жатат.
АКШда жашаган саясат талдоочу, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат азыркы бийлик мурункулардын каталарын кайталап, мамлекеттик институттарды бекемдөө эмес, жеке мамилелерди териштирүү менен алек болуп жатканын айтты:
«Бул «мыйзамдуулуктун орношу» деген ураан артындагы саясий куугунтук. Эгер кайсы бир иш боюнча так иликтөө, текшерүү болуп, Жогорку Кеңеште чыныгы талкуулар жүгүзүлгөндө, айыпталып жаткан тарап парламентке келип өз пикирин билдиргенде гана биз мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу айта алмакпыз. Бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдө прокуратура саясий режимге кызмат кыла тургандай болуп түзүлүп калган жана прокуратура ошол режимдин кызыкчылыктарын коргойт, аткарат. Ал эми чыныгы мыйзам үстөмдүгүн көрсөтүш үчүн прокуратураны толугу менен реформалап же ичинде кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Прокуратуранын өзүнө ишенич болбогондон кийин мыйзамдуулуктун орношу тууралуу сөз кылып деле кереги жок. Атамбаев кармалышы мүмкүн болуп турган чакта, ар кандай журналисттик иликтөөлөр чыгып, коомдо ар кандай шектенүүлөр болуп жатканына карабай мурдагы аткаминерлерге карата эч кандай иликтөө жүргүзүлбөй жатат».
Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге биринчи ирет былтыр май айында Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланганда көтөрүлгөн.
Ал Кыргызстанды президент катары 2011-жылдан 2017-жылга чейин алты жыл башкарды.
«Чоң жыйырмадагы» чоң маселелер
Жапониянын Осака шаарында «Чоң жыйырманын» XIV саммити өттү. Дүйнөдөгү экономикасы эң ири 20 өлкө кирген уюмдун 28-29-июндагы саммитинде ондогон дүйнөлүк маселелер талкууланды. Конок ээси, Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ дүйнө лидерлерин глобалдык маселелер боюнча жоопкерчиликти өздөрүнө алууга чакырды:
«Дүйнөлүк экономиканы башкарган өлкөлөр катары «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттер глобалдык проблемаларды чечүүгө жана ачык диалог аркылуу аларды чечүүнүн жолдорун табууга түздөн-түз милдеттүү. Эл тынчсыздануу билдирип, дүйнөлүк экономика боюнча камтама болуп турган кезде биздин жоопкерчилик андан да жогорулайт. «Осака декларациясынын» жардамы менен биз өз ортобуздагы айырмачылыктарды эмес, тогошкон жерлерди табышыбыз керек. Биз дүйнөлүк экономиканын өсүшүн камсыз кылуу боюнча аракеттерибизди улантабыз деп үмүттөнөм».
АКШ-Кытай соода согушу, дүйнө экономикасындагы туруксуздук, климаттын өзгөрүшү, Украинадагы, Ирандагы, Түндүк Кореядагы, Сириядагы жана Венесуэладагы кырдаал «Чоң жыйырманын» алкагында талкууланган негизги темалар болду.
«Бардык тема Түндүк Корея, Сирия же Иран боюнча болсун, менимче, саммитте сүйлөгөндөр көздөгөн акыркы максат - жамааттык коопсуздук жана туруктуулук. Көпчүлүк учурда атаандаштык шарттар чыңалууга алып келип, жыйынтыктарды коркунучка кептеп коюуда», - деди Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Саммиттин программасынан тышкары анын катышуучуларынын арасында эки тараптуу жолугушуулар да өтүп турду. Маселен, АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин 28-июнда Осакада «Чоң жыйырманын» саммитинде өзүнчө жолугушту. Москва менен Вашингтондун мамилелери бир топ маселелерден улам кийинки убакта начарлап кеткени маалым. Акыркы ирет президенттер былтыр июлда сүйлөшүү өткөрүшкөн. Кошмо Штаттардын атайын прокурору Роберт Мюллер Орусия 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкенин далилдеген баяндамасын чыгаргандан бери Путин менен биринчи кездешүүсүн Трамп оптимисттик маанайда баштады:
«Бардыгыңарга рахмат, президент Путин менен жолугушуу чоң сыймык. Ортодо талкуулай турган маселелер арбын. Соода, куралсыздануу, балким протекционизм. Түрдүү нерселерди оң маанайда сөз кылганы жатабыз. Мамилелерибиз өтө жакшы. Бир топ жакшы жылыштар болот. Владимир, чоң рахмат».
Бул - Трамп менен Путиндин президент катары үчүнчү жолугушуусу. Акыркы ирет президенттер былтыр Хелсинкиде кездешкен. Ал эми алардын биринчи кездешүүсү 2017-жылы Гамбургда «Чоң жыйырманын» саммитинде өткөн.
Эки лидердин былтыр декабрда Аргентинада «Чоң жыйырманын» саммитинин алкагында жолугушуусу пландалган, бирок Керч кысыгында орус чек арачылары украин деңиз аскерлеринин кармап кетишкенине байланыштуу Дональд Трамп ал жолугушуудан баш тарткан. Бул жолугушууда АКШ президенти украин моряктарынын тагдырын негизги темалардын бири катары көтөргөн.
«АКШ президенти бул теманы биздин «Чоң жыйырманын» алкагындагы сүйлөшүүбүздө негизгилердин бири катары көтөрдү. Бул боюнча эмне болуп жатканын биз түшүндүрдүк. Азырынча чечим жок. Сот болуп жатат. Соттун чечимин күтүш керек», - деди Путин.
Маалыматка ылайык, Орусия менен АКШ президенттери Украинадан тышкары Ирандагы, Сириядагы жана Венесуэладагы кырдаалды кеп кылышты. Ошондой эле XXI кылымда куралды көзөмөлдөө модели боюнча талкууну улантууну макулдашты.
Ал эми «Чоң жыйырманын» алкагында кездешкен АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиңдин сүйлөшүүсү 1,5 саатка созулду. Трамп менен Си дүйнөлүк сооданын туруктуулугуна коркунуч жараткан экономикалык талаш-тартыш боюнча соода сүйлөшүүлөрүн кайра баштоону макулдашты. АКШнын президенти кабарлагандай, Оскадагы кездешүү акыркы жагдайларды эске алганда абдан жакшы өттү.
Эл аралык Валюта Фондунун божомолуна караганда, АКШ менен Кытайдын соода чатагынан 2020-жылы дүйнө экономикасы 0,5 пайыз зыян тартышы ыктымал.
«Чоң жыйырманын» курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.