Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Атамбаевди жоопко тарткысы келгендер


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн байлыгын иликтөө жана аларды жоопко тартуу маселеси козголду.

"Бийликти узурпациялоонун кесепеттери" деген жыйында Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылар жана коомдук ишмерлер саясий куугунтуктун курмандыктарын актоону, коррупциялык-кландык системаны бузууну жана айкындуулукту камсыздоону азыркы бийликтен талап кылышты.

Мыйзамдуулукту калыбына келтирүү аракети

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен запкы көргөн саясатчылар жана коомдук ишмерлер "Бийликти узурпациялоонун кесепеттери" деген жыйынга чогулуп, анда былтыр курултай бекиткен маселелерди аткарууну бийликтен талап кылышты. Анда Атамбаевдин бийлигин кландык-авторитардык башкаруу катары таануу жана экс-президенттин кол тийбестигин алып, аны жоопко тартуу маселеси көтөрүлгөн.

Саясатчы Эмилбек Каптагаев кийинки бийликке сабак болушу үчүн экс-президент Атамбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

"Атамбаев "бардык чечимдерди өзүм кабыл алгам" деп өзү моюнга алып жаткандан кийин Башкы прокуратура азыркы учурда ага кылмыш ишин козгоого милдеттүү. Азыркыдай күтүп отура берүү туура эмес. Анткени Атамбаевди жоопко тартуу маселеси бул - өлкөдөгү мыйзамдуулукту калыбына келтирүү маселеси. Себеби мындан ары да үй-бүлөлүк же жеке басар бийлик пайда болуп, дагы баягыдай таз кейпибизге келип калбайбыз деген кепилдик жок.

Мурдагы президенттин учурунда бийликти күч менен басып алууга айыпталып, жакында абактан чыккан саясатчы Кубанычбек Кадыров УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди, анын орун басары Болот Сүйүнбаевди жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны "бийликти бир топтун ээлеп алышы" боюнча жоопко тартып, алар топтогон байлыктын булагын иликтөө зарыл деп эсептейт.

"Абдил Сегизбаевдин, Болот Сүйүнбаевдин жана Индира Жолдубаеванын тапкан байлыгын текшерүү зарыл. Анткени алар аз убакыттын аралыгында эле укмуштуудай байлык топтоого жетишкени тууралуу мен 2016-жылы эле айтып чыккам. Жыйында курултайдын чечими менен ошого байланыштуу коомдук комиссия түзүлө турган болду. Комиссия ошол жагдайларды иликтеп чыгып, ага укуктук баа берүү үчүн топтолгон материалдарды укук коргоо органдарына тапшырат. Президент жаңы коррупциялык иштер ачыла турганын айткан. Мен анын аягына чыгарына ишенем".

Куугунтук көргөндөрдүн талабы

Мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталып, соттолгон саясатчылардын дагы бири Бекболот Талгарбеков "экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү карыздын сазына батырып, коррупцияны гүлдөткөн жана өз жакындарын жогорку кызматтарга койгону үчүн жооп бере турган мезгил келгенин" айтты. Талгарбеков кезинде анын кыңыр иштерин коомчулукка ачык айтып чыкканы үчүн алар Атамбаев бийлигинен жабыркаганын айтты.

Бекболот Талгарбеков.
Бекболот Талгарбеков.

"Атамбаев өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен Кыргызстанды кокосунан карызга батырып, коррупциялык схемалар менен күмөндүү долбоорлорду ишке ашырып, кен байлыктарды туш келди сатып, жакын адамдарын май-талкан кызматтарга коюп, алты жыл бою Кыргызстандын канын соруп келди. Ошондой кыңыр иштерин токтотобуз деп чыккандардын баарын маалыматтык машинасы менен каралап, четинен камап, соттоп салды. Алар зөөкүрлүк менен аларга каршы сөз айткан адамдарга каршы саясий террор уюштурушту".

Ал эми саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов азыркы бийликти мактап, ага ашкере үмүт артууга деле болбостугун белгиледи. Шарабидин Токтосунов азыркы бийликти сот адилеттигин калыбына келтирүүгө кайдыгер мамиледе деп сынга алды.

"Азыркы бийликти деле ашкере мактай бергенибиз болбойт. Анткени ошол жагдай азыркы күнгө чейин деле өзгөрө элек. Атамбаевдин учурунда саясий буюртмаларды аткарып, мыйзамсыз кылмыш иштерин ачкан тергөөчүлөр, далилсиз соттогон судьялар кызматтарынан жогорулап жатканда аларга үмүт артканга болобу? Азыр биз "камактагылар эркиндикке чыга баштады" деп жатабыз. Бирок алар "күнөөлүү, соттолгон" болуп эркиндикке чыгып жатышат. Эми Атамбаев бийликте жок. Азыркы бийликке аларды толугу менен эле актоого жана сот адилеттигин камсыздоого эмне тоскоол болуп жатат? Булардын буту-колун эч ким байлап турган жок да".

"Атамбаевди камай алышпайт"

Бул жыйынга мурда соттолгон же бийликтен четтеген Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Акматбек Келдибеков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев сыяктуу саясатчылар катышып, Атамбаевге чечкиндүү чара көрүүнү талап кылышты. Бирок экс-президенттин таламын талашкан тарап анын дарегине айтылган дооматтарды четке какты.

Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодураңова Атамбаевди жоопко тартууга эч кандай негиз жок деп эсептейт.

"Бул саясатчылар алгач өздөрүн күзгүдөн бир карап алышсынчы. Ким эл үчүн кандай кызмат кылганын эл гана билет. Ким кандай эмгек сиңиргенин эл чечет. Муну элдин өзүнө эле коёлу. Башка саясатчылар ушинтип айтышса бир жөн. Бул саясатчыларды бардыгы билет. Кимдин эмгеги кандай болгонун тарых таразалайт. Саясий жактан ар кандай нерселерге аракет жасашат. Бирок экс-президентти укуктук жактан жоопко тартууга эч кандай негиз жок. Анткени анын кол тийбестигин кепилдеген мыйзамды азыр эч ким жокко чыгара элек. Азыр эми жаңы мыйзамды иштеп чыгып жатышат. Бирок ал мыйзам укук принциби боюнча артка иштебейт. Ошондуктан экс-президентти жоопко тартабыз деген болбогон сөз".

Ал эми саясатчы Акматбек Келдибеков азыркы бийлик Алмазбек Атамбаевдин ишмердигине укуктук баа берип, жоопко тартууга дарамети жетет деген ойдо.

"Саясий куугунтуктун жеткен чеги Атамбаевдин бийлигинин тушунда болду. Ал өзүн "мыйзам мен, бардыгын мен чечем, мен айткандай гана болот" дегенге чейин жеткен. Мага окшоп соттолгондордун бардыгына чыккан өкүмдөр соттордо эмес, алгач Ак үйдөн ойлоп табылып, чыгарылган. Азыркы бийликтин мыйзамды тебелеп-тепсегени жана экономикалык кылмыштары үчүн Атамбаевди жоопко тартканга саясий эрки жетет деген ишенимдемин".

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-жылдан 2017-жылга чейин алты жыл башкарды. Анын тушунда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчыга жана коомдук ишмерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG