Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

К.Байбосунов: Жаңы саясий күчтөр келиши мүмкүн


Саясат талдоочу Карыбек Байбосунов “Азаттыкка” курган маегинде коалициялык өкмөт жана анын курамы тууралуу ойлору менен бөлүштү.

“Азаттык”: Өкмөт куралгандан кийин, айталы мурунку маданият министрин кайра алып келгиле, айрым аймактарда губернаторго тийбегиле деген өңдүү талаптар байма-бай айтылып нааразылык башталууда. Сиздин оюңузча, бул эмненин белгиси?

К. Байбосунов: Мен сөздү түпкү тамырынан баштайын. Азыркы болуп жаткан процесс, кадр коюу, өкмөт түзүү маселеси, парламенттик элдик кеңеш түзүү, мыйзам чыгаруу бийлигин түзүү маселеси мунун баары келечекке көпүрө болуп эсептелет. Бүгүнкүлөр эртеңки күнгө өзүнүн башын көпүрө сыяктуу коюп бере турган адамдар. Ошон үчүн кандай гана талап коюлбасын, кайсы бир губернаторго тиейбегиле, кайсы бир министрди албагыла деген сөз болбосун мунун баары убактылуу, өткөөл адамдардын ой жүгүртүүсүнүн натыйжасы болуп эсептелет. Ошон үчүн эртең булардын сөзсүз башка адамдар басат. Эртең башка кишилер, башкача ойлонгон адамдар келет.

Бүгүн каталар кетип жатат. Бүгүн көп нерселер кайра эле туура эмес жасалып жатат. Бүгүн деле коррупциянын элементтери болуп жатат. Бирок кандай айткан күндө дагы кыргыздын эртеңки жаркын келечегине азыркы нерселер өткөөл, көпүрө болуп эсептелет.
“Азаттык”: Бирок мындай акциялар тынбай, улам-улам күчөй берсе эмнеге алып келиши мүмкүн?

К. Байбосунов: Нааразылык акциялар күчөбөйт. Мындан ары азайышы мүмкүн. Нааразылык акциялар деген бул эмне? Бул кандайдыр бир күчтөр адамдарды атайын даярдап алып туруп өзүнүн мүдөөсүнө жетиш үчүн адамдарга төлөп береби, же башкача заказ кылабы айтор ушундай жол аркылуу өзүнүн мүдөөсүн аткаруу боюнча сценарий. Бирок эртеңки күнү жаңы адамдар сөзсүз келет. Эскирген, коррупциялык, чирип кеткен система сөзсүз түрдө эртеңки күнү жаңы өкмөт, жаңы мамлекет башчысын күтөбүз.

“Азаттык”: Дегеле алмашуу процесси кандай жүрүш керек деп ойлойсуз? Эми парламент "эл ушундай талап коюп жатат" деп жетекчилерди алмаштыра бербейби?

К. Байбосунов: Азыркы парламент өткөөл парламент. Булар узакка турбайт. Алардын артында келе турган жаңы күчтөр бар. Булар алмашууну өздөрүнө өздөрү даярдап жатышат. Мындан эч кандай трагедия кылуунун кереги жок. Жаңы парламентти күтөбүз. 2011-12-жылдары бизге таптакыр жаңы саясий күчтөр келиши мүмкүн. Ошондуктан азыркы парламенттин учурдагы ойку-кайкы иштери, ички-сырткы факторлор мунун баары эртеңки күнү кыргыздын жаңырышына болуп жаткан өбөлгө болуп эсептелет.

“Азаттык”: Жаңы өкмөт расмий түрдө ишке кирди. Айтсаңыз, алгач ишин эмнеден башташы керек?

К. Байбосунов: Ишин эң биринчи бул жыйырма жылдан бери түзүлүп калган коррупциялык схемадан өкмөттү, парламентти куткаруудан башташы керек. Ансыз болбойт. Булар ошого барууга бир чети милдеттүү, экинчиден аргасыз.

“Азаттык”: Ар кайсы көз караштагы партиялардан куралган өкмөт мындай иш-аракеттерди жасоого эрки, кудурети жетеби?

К. Байбосунов: Азыркы парламенттик, азыркы өкмөттүн кудурети жетпейт. Бирок булар кийинки жаңы бийликке өбөлгө, көпүрө болуу менен өзүнүн эркин багындырып келечекке кызмат кылып берет деп мен толук ишенем.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG