Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

БШКнын эски курамы жаңысына орун бошотту


БШКнын эски курамы, 2010-жылдын 1-ноябры.
БШКнын эски курамы, 2010-жылдын 1-ноябры.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев эски курам жаңы курамдагылардын иштешине мүмкүндүк берип, иш бөлмөлөрүн бошотконун айтып чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев бул тууралуу бүгүн БШКнын айланасындагы окуялар боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Бирок мурдагы төраганын айтыцмында, муну толук кызматтан чегинүү деп айтууга болбойт жана эски курмадагылар соңку кырдаал тууралуу өлкө жетекчилерине кат жолдогону жатат. Сариев бул маселени бийлик өзү чечиши керектигин жана БШКнын жаңы курамына байланыштуу сотко да кайрылышы ыктымалдыгын кошумчалады.

4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын эски жана жаңы курамдарынын ортосунда талаш чыккан. Соңунда БШКнын жаңы курамы өзүнүн төрагасы кылып Туйгунаалы Абдраимовду шайлап, расмий түрдө ишке киришкенин жарыялаган.

Бул жагдайды БШКнын мурдагы курамынын төрагасы Акылбек Сариев мыйзамсыз аракет катары баалап, расмий түрдө алардын ыйгарым укуктарын эч ким токтотпогонун жар салган болчу. Президент Роза Отунбаева да Боршайкомдун жаңы курамы эки башка мыйзам менен шайланып калганын сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG