Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Өкмөт темир жолду теске салмак болду


Кыргыз темир жолу.
Кыргыз темир жолу.

Кыргыз өкмөтү "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын башкарууну өзгөрткөнү жатат.

Кийинки убакта бул ишканадагы коррупция, жетекчиликтин мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу доомат-сын күчөдү. Жогорку Кеңеште "Кыргыз темир жолунун" азыркы жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди кызматтан алуу жөнүндө талап бир канча жолу айтылды.

Ушул тушта айрым поезд коштоочулар жетекчилери жөнүндө даттанып, президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылуу жазып жатышат. Алмазбек Ногойбаев болсо бардык дооматтарды четке кагып жүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тууралуу 13-августта Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында учкай сөз кылды. Анда мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу максатында жасала турган иштерге токтолду:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыгат. Мындан сырткары, мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар түздөн-түз финансы-чарбалык ишмердигинин жыйынтыктарына жараша болуп, натыйжалуулугу жок ишканалар жоюлуп же аларды бизнеске ишенимдүү башкарууга өткөрүү зарыл деп ойлойбуз.

Өкмөт башчы жана анын аппараты бул иштер качан, кантип баштала тургандыгын азырынча кеңири түшүндүрө элек.

"Кыргыз темир жолундагы" коррупция, мыйзамсыз иш-аракеттерди иликтөө тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев көп жолу маселе көтөргөн. Ал тургай бул ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди кызматтан алууну да талап кылган.

Жанар Акаевдин баамында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди "Кыргыз темир жолу" ишканасын өзгөртүүгө, ал жактагы коррупцияны жоюуга алы жетпейт:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Кечээ президент "коррупция менен күрөштө, өлкөдөгү чоң программаларды ишке ашырууда аткаминерлердин сөзү менен иши дал келиши керек" деп айтты. Ушул сөзүн мен премьер-министр Абылгазиевге багыттады деп эле түшүндүм. Анткени ал ошол жерде отуруп ""Кыргыз темир жолунун" башкаруу системасын өзгөртөбүз, тазалайбыз, жаңычы жол менен иштейбиз" дегени менен темир жолдогу коррупцияны, ал жерде бир үй-бүлө темир жолду башкарып алганын беш колдой билет. Бирок коррупция менен күрөшкөнгө эрки жеткен жок. Мен буга чейин "Кыргыз темир жолундагы" башкаруу системасын өзгөртүш керек экенин, тендерлерден миллиондор уурдалып жатканын, вагондор кандай жолдор менен алынып келгенин, билеттердин сатылышын, жетекчинин керек болсо ишкананын аймагына кызына мейманкана куруп берип, күйөө баласына ишкананын имараттарынын баарын берип, тендерди уттуруп койгонунан бери айтып чыккам. Эсеп палатасынын жыйынтыктарынан бери кагаз түрүндө берип, өкмөткө кайрылсам, премьер-министр "Кыргыз темир жолунун" башчысын "парламенттеги фракция лидери коргоп жатат, ага тийбей кое туралычы" деген позицияны кармап, аны иштен ала алган жок. Ошол темир жолу менчиктеп алган кишини кызматтан албай туруп бул тармакты кантип өзгөртөөрүн мен билейм. Бул өкмөт коррупция менен күрөшүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү.

Депутат Акаев "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди коргоп жатат" деген фракция лидеринин атын ачык атаган жок. Бирок "Азаттыкка" башка булактардан ал КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов экени белгилүү болду. Бул макала жазылып жаткан чакта биз Өмүркулов менен байланыша алган жокпуз.

Ал арада "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын айрым поезд коштоочулары жетекчилери тууралуу арыз-муңун айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Алардын бири Рахат Акматова турак-жайдын жоктугун, айлык акынын негизсиз кармалып жатканын айтып даттанды:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен "Кыргыз темир жолунда" 30 жылдан ашык убактан бери эмгектенип келе жатам. Ушул кезге чейин ишкананын жатаканасында жашайм. Жетекчилер "Кыргыз темир жолунун" эле аймагында өздөрүнүн заңгыраган мейманканасын куруп алышты. Эмне себептен "Кыргыз темир жолунун" жумушчуларынын турак жай маселесин чечип берип коюшпайт? Бизге курулуп жаткан турак жай маселесин "Кыргыз темир жолундагы" каражаттын жоктугуна байланыштуу" деп токтотуп коюшкан. Өздөрүнө болсо заңгыраган мейманканаларды салып, ошол жерде жашап жатышат. Жетекчилер 2014-жылы алты тепловоз сатып алышкан. Анын акысын төлөш үчүн биздин, жумушчулардын айлыгыбыздан кармап калышкан. Ошондой кылганы мыйзам ченемдүүбү же жокпу?

"Азаттык" "Кыргыз темир жолу ишканасынын" жетекчиси Алмазбек Ногойбаевге кайрылды. Ал жүрөгүнөн операция болуп дарыланып жатканын айтып, ишке чыкканда бардык суроолорго жооп кайтарууга убада берди:

Алмазбек Ногойбаев.
Алмазбек Ногойбаев.

- Мен азыр бейтап баракчасы менен жүрөм. Жүрөгүмө операция жасатканыма эки ай болду. Бир аз ооруп жатам, бул-тигил жакка киришпей жатам. Кечирип койгула, жумушка чыгайын, оңолоюн, бүт айтып берейин. Мен жумушка чыкканда басма сөз катчыма, жардамчыма чалып жазылып койсоңуз, мен баарын көрсөтүп, түшүндүрүп берем.

Буга чейин Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Кыргыз темир жолу" боюнча министрликтин атайын комиссиясы иштеп жатканын билдирген. Анда каржылык гана мыйзам бузуу териштирилбестен, бардык кемчиликтер аныкталарын, ошого жараша план, программа даярдаларын маалымдаган. Айрым бир жооптуу кызматкерлерге чара да көрүлүшү мүмкүн экенин кыйыткан. Бирок бул комиссия кандай корутунду чыгарганы ачык айтылган эмес.

Расмий маалымат боюнча, кийинки жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кирешеси азайып баратат. Мисалы, өткөн жылы ишканага 650 миллиондой сом жакын каражат түшкөн, 2014-жылды болсо 1 миллиард 200 миллион сомдон ашык пайда менен жыйынтыктаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG