Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Мыйзамдагы мүчүлүштүк жемкорлукка шарт түзүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бийлик коррупцияны ооздуктоо аракеттери жемишин бере баштаганын билдирүүдө. Эксперттер менен ишкерлер болсо Кыргызстандын мыйзамдары кагазда гана жемкордукка каршы күрөшүп жатканын, ал эми иш жүзүндө ишкерликтин өнүгүүсүнө, ички-сырткы инвесторлордун ишине дагы деле бөгөт болуп келатканын айтышат.

Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларды ачык өткөрүү менен бюджеттин эки миллиарддай сомун үнөмдөп калганын билдирүүдө.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Назар Малаев “Азаттыкка” билдирди:

- Мамлекеттик сатып алууларды ачык көрсөткөн портал иштегенден бери 2 млрд. сомдон ашуун мамлекеттик бюджеттин каражаты үнөмдөлдү. Муну мамлекеттик сатып алуулар системасын түзүүнүн жакшы натыйжасы деп айтууга болот.

Мамлекеттик сатып алууларды ачыкка чыгаруу менен министрлик андагы жүрүп жаткан жараяндарды жарандык коом көзөмөлгө алуусуна шарт түзүлдү деп белгилейт. Буга бир мисал катары жакында эле парламентке 22 млн. сомго депутаттык кресло сатып алууга жарандык коомдун каршы чыгып, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгын бул демилгеден баш тартууга аргасыз кылганын Финансы министрлигинин басма сөз катчысы белгилейт:

- Биз мамлекеттик сатып алуулар жараянын ачыкка чыгаруу менен жарандык коомго бул процесске көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзүп бердик. Жакында эле Жогорку Кеңешке сатылып алынат деген креслолор социалдык тармактарда катуу талкууга алынды. Бул дагы жарандар мамлекеттин акчасы кайда, эмне максатта жумшалып жатканын көзөмөлдөөсүнө түзүлгөн шарт.

Ишкерлерибиздин көпчүлүгү мамлекеттик уруксат берүү тармагындагы жемкорлукка, эсеби жок мыйзамсыз текшерүүлөргө даттанышат.

Ушул тапта өкмөт коррупцияга каршы күрөштүн жаңы моделин сунуштоодо. Ага ылайык, коррупцияланышкан деген беш тармак боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөт. Алар: бюджет процесси, көмөкчү гранттарды берүү, Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун ишмердүүлүгү, баалуу металлдар жана зергерлик, акыркысы - мамлекеттик сатып алуулар системасында коррупцияны алдын алып, тамырын кыркуу.

Сунуш кылынып жаткан жаңы моделдер боюнча мамлекеттик бюджет процессин таза жүргүзүү үчүн аны башкарган жана тескеген мыйзамдардын кемчиликтери оңдолот. Бул багытта Бюджеттик кодекс долбоору иштелип чыкты. Ал эми көмөкчү гранттарды берүүдө сунушталып жаткан жоболор боюнча, долбоорлорго сынактар мындан ары жер-жерлерде жүргүзүлөт жана алар онлайн түрүндө жарандык коомго ачык көрсөтүлөт.

Ошентсе да, өкмөт коррупцияга каршы күрөшүү багытында кандай гана иш-чараларды жүргүзбөсүн, азырынча алар кагаз жүзүндө калып жатат деген нааразы пикирлер коомчулукта дагы басымдуу. Ишкерликтин кайсы гана түрү жүргүзүлбөсүн, дээрлик бардыгында мамлекеттик кызматкерлер менен тымызын сүйлөшүп, жең ичинен акча берүүсүз иш бүтпөсү айтылып келет. Ошол эле учурда Кыргызстандын мыйзамдарындагы мүчүлүштүктөр коррупцияны ооздуктоого бут тосуп жаткандыгы да белгиленип жүрөт.

Ишеним жоголгондо...

Базар, кызмат көрсөтүү жана соода ишканалары биримдигинин өкүлү Артур Ташыбековдун айтуусунда, мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн келип чыккан коррупция ишкерлерди көмүскөдө калууга түртөт. Анткени ишкерлер бийликке ишенбейт:

- Эгер ишкер коррупциясыз, таза иштөөнү каалап, ага каршы чыкса, тескерисинче, анын ишмердүүлүгүн андан ары текшерүүчү органдар күч алат. Аны улам текшерип, башка бир жагынан маселе таап чыгып, басынтуу аракеттери болот. Ошондуктан бүгүнкү күнү биздин айрым ишкерлер да, адамдар да маселени тынч, тез арада чечүүгө аракет кылат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу өкмөт көп эле иш алып барууга аракет кылганы менен, бүгүнкү күнү коррупция дагы деле тамырын кенен жайып алганы элдин да, ишкерлердин да бийликке, сотко ишеничин азайтат. Мындай пикирин ЖИА Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек билдирди:

- Бизге коррупциядан жабыркап кайрылган ишкерлерибиздин көпчүлүгү мамлекеттик уруксат берүү тармагындагы жемкорлукка, эсеби жок мыйзамсыз текшерүүлөргө даттанышат. Бүгүнкү күнү жеке адамдардын, ишкерлердин коррупция менен күрөшүүдө колдору тушалуу. Анткени алардын укугун коргоп берүүчү мамлекеттик органдарга ишеним аз. Сот системасына да ишенбегендиктен коррупционер сураган акчаны берүүгө туура келет. Ушундан улам ишкерлер түрдүү ассоциацияларга биригүүдө. Анткени ассоциациялар жеке адам ачык айта албаган маселелерди айтып, өкмөткө, коомчулукка жеткирип келатабыз. Өкмөттүн азыркы коррупцияга каршы аракеттери да алар менен арай көз чарай отуруп сүйлөшүүнүн натыйжасы деп айтууга болот.

Ошол эле учурда өкмөт тараптан кадамдар ташталып, чаралар жасалып жатканы колдоого аларлык, ал эми ар кандай маселени пара бербей чечүү ар бир адамдын эркиндеги иш экендигин айткан пикирлер да жок эмес.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG