Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Кыргыз-өзбек аталышынан качкан окуу жайдын аты арсар


Оштогу кыргыз-өзбек университети былтыркы коогалаңдан кийин мамлекеттик социалдык окуу жайы болуп өзгөртүлгөн. Бирок бир жыл өтсө да окуу жайдын жаңы аты расмий бекий элек.

Ага карабай студенттерди кабыл алган университет эми алардын нааразылыгына кабылууда. Бүтүрүүчү студенттер да эски, кыргыз-өзбек аталыштагы дипломдорду албай турганын айтышууда.


Ат алмаштыруунун азабы


Ош мамлекеттик социалдык университетинин жамааты бир жылдан бери окуу жайдын аталышын же ары кыла албай, же бери кыла албай убара. Өкмөт менен билим берүү министрлигине 20 жолу кат жазып, бир нече жолу нааразылыкка чыгышканына карабай азыркы аты расмий бекиле элек.
Бул аябай чоң саясий маселеге айланып кетти. Биздин жамаат саясатташпаган, элдин аты менен аталбаган, нейтралдуу аталышты каалайт.


Университеттин өкүлү Кутманалы Абдырахман уулу муну чоң саясат менен байланыштырууда:

- Бул аябай чоң саясий маселеге айланып кетти. Мен ачык эле айтып коёюн, мурунку кыргыз-өзбек деген аталышы, кыргыз менен өзбектин ортосуна тире коюп бөлүп турган аталыш болчу. Ошол себептүү биздин жамаат саясатташпаган, элдин аты менен аталбаган, нейтралдуу аталышты каалашкан. Бул элдин дагы талабы. Бирок биздин саясатчыдар ушу 1 жыл 3 айдан бери ушуга чекит койбой келатышат. Башкача айтканда элдин талабын орундатпай жатат.


Мамлекеттик социалдык университет деген атты окуу жай былтыркы коогалаңдан кийин алган эле. Ага чейин кыргыз-өзбек университети деп аталып келген.

Абдырахман уулунун айтымында, бул маселе этникалык тополоңдон мурун эле көтөрүлүп келген болчу:

- Тополоңдон кийин бул маселе өзүнүн апогейине жетти деп айтууга болот. Бирок биз ага чейин эле окуу жайдын атын өзгөртүү боюнча демилге көтөргөнбүз. Маселен, 2008-жылы жергиликтүү бийликтерге, билим берүү министрлигине кат жазып окуу жайга Чыңгыз Айтматовдун атын берүү тууралуу суранычтарды жөнөткөн элек. Ошондуктан муну кечээ башталды деп өзбек-кыргыз этникалык маселесине байланыштыруу туура эмес.


Ата-энелер да нааразыбы?


Канткен менен окуу жай социалдык университет деген ат менен студенттерди кабыл алууга үлгүрдү. Бирок эми документалдуу түрдө кыргыз-өзбек окуу жайы деген аталышта экенин билгенден кийин ата-энелерден нааразылыктар күчөдү.

Окуу жайдын профсоюз комитетинин төрагасы Чыңгыз Мамажакып уулу буларды айтат:

- 1-курска келген студенттерден, алардын ата-энелеринен бизге өтө көп арыздануулар түшү, анда окуу жайдын аты кыргыз-өзбек деген аталышта экендиги көрсөтүлүп атат да. Башкача айтканда биз азыр оозеки гана Ош мамлекеттик социалдык университети, а документ боюнча Ош кыргыз-өзбек университети деп турабыз. Бул аларды алдагандай болуп калууда.

Окуу жайдын студенттери, 3-октябрь.

Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо, кандай аталыштагы диплом алышаарын билбей баштары маң. 5-курстун студенти Эдил Закиров “Азаттыкка” мындай деди:

- Студенттер ар кандай кабыл алып жатат. Бирок көпчүлүгү нааразы болууда. Факт жүзүндө кыргыз-өзбек окуу жайы жок болуп жаткандан кийин, бизге социалдык университеттин атынан диплом бериш керек да. Эртең ишке киргенде кандай болот?

Маалым болгондой, Ош кыргыз-өзбек университети 1996-жылы Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде ачылган. Ошол себептүү да кыргыз бийлиги бир тараптуу чечим кабыл алып, окуу жайдын атын өзгөртө албай жатат дегендер бар.

Бирок муну окуу жайдын ректору Идирис Эргешов четке кагууда:

- Билим министрлиги карап атабыз деп атышат. Болгону өкмөттөн чечим болбой атат. Алар эмнеге кечиктирип атат билбейм. Өзбекстансыз чече албайт дегени туура эмес. Анткени коңшу өлкө менен түзгөн 1996-жылкы келишимибиз 10 жылга гана пландаштырылган. Ал 2006-жылы аяктаган. Алар керек болсо бизге каражат жагынан да каралашкан эмес. Ошондуктан маселени өзүбүз эле чечсек болсо керек.

Бир жылдан бери коңшу Өзбекстандан келип окуган 8 миң студент бул жакка такыр каттабай калды. Мунун баарына өткөн жылкы коогалаң себеп болду дешет мындагылар. Окуу жайда мурда 600дөн ашуун окутуучу эмгектенсе, учурда 300дөйү гана калган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG