Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Шайлоо: Жогорку Кеңеш БШК чечимин күтөт


Бишкектеги добуш берүүдөн бир көрүнүш, 30-октябрь.
Бишкектеги добуш берүүдөн бир көрүнүш, 30-октябрь.

Жогорку Кеңеш шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий баасын маселени БШК териштиргенден кийин гана бере турган болду.

Бул тууралуу билдирген төрага Акматбек Келдибеков сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көпчүлүк талапкерлер Атамбаевдин шайлоодон утуп чыккандыгына каршы эмес экендигин белгиледи.

Ошол эле кезде парламенттин алдында талапкер Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты.


Телмирткен териштирүүлөр


Жогорку Кеңеш 3-ноябрь күнкү отурумунда шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу маселени караган жок. Мындан мурун төраганын маалымат катчысы Асел Алиева координациялык кеңештин чечими менен аталган маселе күн тартибине киргизиле тургандыгын билдирген болчу. Буга чейин Жогорку Кеңештин жетекчилиги шайлоодо утулду деген талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков шайлоонун жыйынтыгы жалпы жөнүнөн таанылып жатканы менен, андагы мыйзам бузууларды териштирүү зарылдыгы тургандыгын айтып чыкты:

- Президенттик шайлоо болду. Шайланды. Ар бир шайлоонун талаш-тартыш жактары болот. Биз сүйлөшкөндө негизинен талапкерлердин көпчүлүгү "Алмаз Шаршеновичтин утканына каршылыгыбыз жок" деп жатышат. Бирок шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузууларды териштирип, ага тиешеси бар аткаминерлерди жана шайлоо комиссиясынын төрагаларын жана мүчөлөрүн жоопко тартуу маселеси турат. Себеби мындай нерселер эми кайталанбаш үчүн ошого барыш керек. Кеңешмеде биз бири-бирибизди жакшы түшүнүштүк. Анан бардык фактыларды БШКга тапшырып, ошол жактан териштирүү чечимине келдик.


Ташиевдин талапкерлери көшөрүүдө


Ошол эле учурда президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери Ак үйдүн алдына шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып келишти.

Ташиевдин шайлоо штабынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов алар парламент спикеринин ымга келтирүү аракеттери менен макул эмес экендиктерин белгиледи:

- Бул Келдибековдун өзүнүн пикири. Ал бардык талапкерлер шайлоонун жеңишин тааныды дегендей айтып жатпайбы. Бул туура эмес. Биз дагы деле мурдагы эле талабыбыздан кайта элекпиз. Биз бардык шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары текшерилип чыгышын талап кылабыз. Мына ошондо эле кайра шайлоо жарыялоого негиз бере турган мыйзам бузуулардын бети ачылат. Ошого баргыспас үчүн азыр шайлоонун жыйынтыктарын ушул боюнча калтырабыз деген максатта саясий оюндар жана соодалашуулар жүрүп жатат. Биз мындай нерсеге каршыбыз.

Ошол эле учурда президенттикке талапкерлердин айрымдары шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар боюнча далилдер борбордук шайлоо комиссиясынын жана соттордун кароосуна жөнөтүлүп жаткандыгын билдиришти.

Президенттикке талапкер Анарбек Калматов Атамбаев бурмалоолордун жардамы менен шайлоонун биринчи айлампасында алдыга озуп чыккандыгын мойунга алыш керек деп эсептейт:

- Фактыларды келтирсем, Бишкек шаарынын Ленин районунда эки участокто биринен 96, экинчисинен жүздөн ашуун бюллеттен Атамбаевдин пайдасына белгиленип, урнага салынып жаткан учурда кармалды. Азыр иш козголуп жатат. Сузактан мага бир эле добуш деген жыйынтык чыгарышкан экен, ага ишенбеген биздин байкоочулар текшеришкенде Атамбаевге берилген бюллеттендердин ичинен Калматовго деген 236 бюллетен чыккан. Аксыда болсо мага бир дагы добуш жок экендигин көрсөтүшкөн эле. Эки эле участоктон текшергенде дагы эле Атамбаевдин добуштары деген жактан 1253 мага берилген добуш уурдалгандыгы аныкталып отурат. Биз бул боюнча актылардын бардыгын БШКга тапшырдык.


Саясатты бүтүрүп, кыш камын көрүү чакырыгы


Ошол эле учурда бир катар парламент мүчөлөрү териштирүү иштери бүтүп, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана электе эле анын жүрүшүн талкууга алуу туура эмес экендигин айтышты.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Акылбек Султанов саясат менен алпурша берип, элдин кышка камылгасын эстен чыгарып жатышкандыгын эскертти:

- Эми биздин талапкерлер эркекче кол алышып туруп, жеңилгендиктерин мойунга алып коюшса жакшы болот эле. Азыр суук күчөгөнү тоолуу райондорубузда элибиз кыйналып жатса, биз бул жакта дагы деле саясаттан, териштирүүлөрдөн башыбыз чыкпай отурат. Чаткал, Алайкуу, Тогуз-Тородо кар жаап, жолдор жабылып жатат. Биз ошол маселени көтөрүп, өкмөттүн көңүлүн ошондой кечиктирилгис маселелерге бургандын ордуна дагы эле саясатташып отурабыз.

Буга чейин утулуп калган талапкерлер Конституциялык палата түзүлө электигине байланыштуу шайлоодогу мыйзам бузууларды кароо үчүн депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөн болчу. Бирок көпчүлүк парламентарийлер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыккандан кийин гана бул маселеге кайра кайрылып келүүнү сунушташты.

XS
SM
MD
LG