Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 03:44

Кыргызстанда бир катар шаардык, айылдык кеңештерде мэр, айыл өкмөт башчысын шайлоо ызы-чуу менен коштолуп жатат.

Депутаттар атайлап толук чогулбай добуш берүү үзгүлтүккө учураган, үчүнчү ирет шайлоо дайындалган, шайланган айыл өкмөт башчылары болсо бекибей турган учурлар бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери, жасап жаткан аракеттери мындай талаш-тартыштарды кайра күчөтүп, дооматтарды көбөйттү.

Аймакты жаатташтырган шайлоо

Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодон чыккан талаш ушу күнгө чейин чечиле элек.

Шайлоо 2-февралда эле болгон жана анда буга чейин айыл өкмөт башчы болгон Токтобүбү Ракимбаева жана депутат Жеңиш Эдигеевдин талапкерлиги коюлган.

Жеңиш Эдигеевдин билдиришинче, аны 21 депутаттын 11и колдоп добуш берген, бирок 20 күндөн бери Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысын бекитүү тууралуу токтом чыгарбай келет:

- Ал жерде эч кандай мыйзам, жол-жобо бузулган эмес. Биз БШК качан токтом чыгарат деп күтүп отурганда биздин экинчи тарап, мурунку айыл өкмөт башчы, айылдык кеңештин төрагасы, дагы башка кишилер Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке, тартип коргоо органдарына бизге арызданып кат жөнөткөн. Булардын каты БШКга 10-февралда келген экен. Мыйзам боюнча үч күн ичине арыз түшпөсө токтом чыгарууга кетиши керек. Эгер арыз түшкөн күндө дагы БШК аны беш күндүн ичинде карашы керек эле. Булар ошол шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарышы керек болчу же АШКнын токтомун бекитип бериши керек болчу.

Таласта төрага шайлоо создукту

Талас шаардык кеңешинин айрым депутаттары басым болуп жатканын айтып чыгышты.

Галина Калюжная Жеңиш Эдигеевдин айыл өкмөт башчысы болушуна каршы болуп жаткан депутаттардын бири. Ал Эдигеев жана аны колдогон депутаттарды шайлоонун жол-жобосун бузду, башка депутаттарга кысым көрсөттү, уюшма кылмыш топтору менен байланышы бар деп айыптап жатат:

- Биздин айыл өкмөтү райондо эле эмес, облуста, керек болсо республикадагы эң мыкты айыл өкмөттөрдүн бири. Биз айылдык кеңештин жаштар курамына каршы эмеспиз. Бирок биз алардын күч колдонуу ыкмаларына, мыйзамсыз иш-аракеттерине каршыбыз.

Галина Калюжная айыптаган депутаттардын бири Таалайбек Бектемиров дооматтарды четке кагып жатат:

- Биз эч кимге эч кандай кысым көрсөткөн эмеспиз. Чогулган 11 депутат баарыбыз тең билимдүүбүз, спорт, ишкерлик менен алектенебиз. Азыр эми баарын уюштурган, уюшма кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп мени жана Манас Дөөталиев деген депутатты күнөөлөп жатат. Биз акыркы төрт жылда айыл өкмөттө жаштар комитетин жетектеп, ошол жакта иштегенбиз. Галина Калюжная баштаган ошол кездеги депутаттар, айыл өкмөт башчысы биз жаштар комитетинде иштеп жүргөндө эле бизге колдоо көрсөткөн эмес, көп нерсени убада кылышкан, бирок аткарышкан эмес. Ошондуктан биз мына депутат болуп келдик, өзүбүздүн айыл өкмөт башчыбызды шайлап алдык.

Крупская Кыргызстандагы бай, дотацияда отурбаган саналуу гана айыл өкмөттөрдүн бири. Анда ири ишканалар жайгашкан жана жылдык бюджети 50 миллион сомго чамалайт.

БШК Крупская айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча маселени 21-февралда карады жана ага талашып-тартышкан эки тарап тең катышты, бирок бир жактуу чечим чыккан жок. Бул окуя эмне менен бүтөрү белгисиз.

Азыр ушундай эле абал Чүйдөгү Жайыл, Беловодск, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүндө бар.

Мэр шайлоо убайымы

Ал арада БШКга Кара-Балта менен Айдаркен шаарларында дагы бир жолу мэр шайлоого уруксат берүүнү өтүнгөн кат келгени маалым болду.

Айдаркен шаарынын мэрлигине Социал-демократтар партиясы буга чейин бир жыл шаар башчысы болуп иштеген адамды көрсөткөн. Бирок ага айрым депутаттар каршы чыккан жана мэр шайлоо эки ирет үзгүлтүккө учураган. Айылдык кеңештин төрагасы Жолдубай Алиев коалициялык көпчүлүктүн атынан БШКга кат жөнөтүлгөнүн бышыктады:

- Негизинен депутаттар корпусу иштеп жатат. Бирок мэр шайлоого келгенде эле чогулбай жатабыз. Эгер азыр шаардык кеңешти таратып жаңы шайлоо дайындалса, ал шайлоо да өтпөй калышы мүмкүн. Референдумду чуркап жүрүп 40 пайыз кылып араң өткөрдүк. Биз БШКга жөнөткөн катта буга чейин алты жолу чогулдук деп жаздык. Ошонун экөөндө мэр шайлаганга аракет кылдык, бирок жакшы болбоду. Мен аны да жаздым, болгонун болгондой жаздым. Мен ондогон адамдар менен сүйлөшсөм, эми дагы шайлоо өткөрүп эмне кыласыңар, биз барбайбыз дешти. Ушундай сөздөрдү уккандыктан "бизди таратпай эле үчүнчү жолу мэр шайлоого уруксат бергиле" деп жазганга туура келип жатат.

БШК Айдаркен жана Кара-Балта шаардык кеңештер боюнча кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз. Бирок буга чейин Ош облусундагы Шарк, Бүлөлү, Жалал-Абад облусундагы Кара-Суу жана Ысык-Көлдөгү Төрт-Күл сыяктуу айыл өкмөт башчыларын үчүнчү жолу шайлоого уруксат бергени маалым.

Айрыкча Оштун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү ызы-чуу коомчулукка кеңири тараган. 16-февралда айыл өкмөт башчысын шайлоого 11 депутат келбей койгон. Дайын-дареги белгисиз болгон бул депутаттар шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында Тажикстанга эс алганы кеткени ачыкка чыккан. Ошол депутаттардын бири Абдусалам Юсупов айылдык кеңешти таратуу үчүн ушундай кадамга барышканын айтып берген:

- Бизди эч ким коркуткан жок, эч ким каржылаган да жок. Ошол депутаттардын пикирлери бир чыккан үчүн эс алууга кеттик. Алардын баары балдар эмес, өз аракетине жооп берген адамдар. "Бахорстанга" өзүбүз үчүн эле эс алып келдик. Ал эми шайлоого элдин кызыкчылыгын ойлоп келген жокпуз. Биз атайлап кворум кылган жокпуз. Булар биринчи бизге ишеним көрсөтпөйбүз деп чыгышты, биз болсо кворум кылбай койдук. Мындай кылганга биздин акыбыз бар. Ооба, биз туура эмес иш кылдык. Бизди кетиришсин. Мыйзам боюнча айыл өкмөт башчысын шайлоо эки ирет эле болушу керек, үчүнчү жолу болбошу керек. БШК үчүнчү жолу шайлоону кандай ойдо дайындап жатканын билбейм.

БШК Шарк айыл өкмөт башчысын шайлоону 28-февралга дайындады жана түзүлгөн кырдаалды иликтейт. Мындан тышкары методикалык жардам көрсөтөт деген негиз менен үч мүчөсүн Шаркка жөнөттү.

Ал арада Шарк айылынын айрым тургундары айылдык кеңешти таркатууну өтүнүп БШКга кат жолдоду. Катка кол койгондордун бири Амантур Медербек уулу БШКны мыйзам бузду деп айыптап жатат:

- АШК эки жолу кворум болбогондугуна байланыштуу деп жазган. Шайлоо тууралуу мыйзам боюнча ошонун негизинде айылдык кеңеш тарашы керек болчу. БШК болсо эки жолку кворумдун болбой калганын жокко чыгарган токтом чыгарды. Ошондо шайлоо үчүнчү жолу дайындалып жатат. БШК токтомунда 16-февралдагы шайлоо болгон жок деп жазып коюшкан. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз.

БШКнын мындай чечимдери өз мүчөлөрү арасында талаш-тартыш жараткан. Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев кабыл алынган чечимдердин баарын мыйзамдуу деп эсептейт:

- Мыйзамда эки жолу шайлоо болбосо кандай болору мыйзамда так жазылбаптыр. Юридикалык документтерди карасак, АШК шайлоо жараяндарын баштап, бюллетендерди үкөккө салып, бирок шайлоо болбой калса ошондо болбой калды деп айтуу керек. Мыйзамда ошондой жазылган. Бирок кворум боюнча так жазылбаптыр. Бирок булар улам-улам эле кворум кылбай кое албайт да. Ошондуктан биз кайра шайлоо дайындап жатабыз. Экинчиден, каражат маселеси бар. Буларды таркатып, кайра шайлоо өткөргөнгө бюджеттен акча кетет. Аны да ойлошубуз керек.

Бешкенттен башталган башаламандык

БШКнын жетекчи орун басары Атыр Абдрахматова үчүнчү ирет шайлоо дайындоо тууралуу токтомдордун баарына каршы добуш берген. Анын пикиринде, мындай жагдай Баткен облусундагы Бешкент айыл өкмөт башчысын шайлоодон башталган:

- БШКда туура эмес тажрыйба колдонулуп жатат. Назарали Арипов экөөбүз каршы добуш бердик. Биз мыйзам бузуу болуп жатат деп айтып жатабыз. Мындай туура эмес тажрыйба Бешкент айыл өкмөтүнөн башталды. БШКнын азыркы курамы келгенге чейин ошол кездеги төрага Туйгунаалы Абдраимов президентке “Бешкент айылдык кеңеш эки ирет айыл башчысын шайлай алган жок, ошондуктан айылдык кеңешти таркатыңыз” деген сунуштама жөнөткөн экен. Бирок азыркы төрайым ага карабастан, ар кандай саясий оюндардын негизинде бул маселени биздин жыйынга алып чыккан. Ал президентке андай кат жөнөтүлгөн эмес деп Абдраимовдун катын катып койгон. Бизге айылдык кеңештен ушундай кат келди, биз кайра-кайра шайлоо өткөрө бербей, бюджетти үнөмдөшүбүз керек, депутаттар да бир пикирге келиптир, деп бул маселени кайра алып чыкты. Шайлоо болгондон кийин 70 күндөн кийин депутаттар кантип бир пикирге келгенин биз билбейбиз да. Мыйзам буга жол бербегенден кийин биз үчүнчү шайлоо дайындаган чечим кабыл албашыбыз керек эле. Биз каршы чыкканбыз. Каршы пикирибизди Башкы прокуратурага да жөнөткөнбүз. Бирок Башкы прокуратура БШК иш-аракеттерине жана кабыл алган чечимдерине баа бере албайбыз деп жооп берип койгон. Мына ошондон бери ушундай мыйзамсыз иштер уланып кетти.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариевдин ырасташынча, шайлоого байланыштуу талаш-тартыштуу чечимдер жогорку бийлик өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү менен болуп жатат. Ал Кара-Балта менен Кемин шаардык кеңештерин мисал кылды. Кара-Балтада бийликчил КСДП партиясы 4-орунду алса, Кеминде 1-орун менен шаардык кеңешке келген.

- Кара-Балтадагы шаардык кеңешке бийликчил партиянын күчү жетпей калды. Ошондуктан аны таркатууга алып баратат. Кайра шайлоо өткөргөндө бийликчил партиядан көбүрөөк киши келеби деген үмүт бар. Ал эми Кеминде, тескерисинче, бийликчил партиянын өкүлчүлүгү жетиштүү. Ошондуктан ал жакта “өздүк мэр” келгенге чейин үчүнчү-төртүнчү шайлоо өткөрүлө берет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаев БШКнын мындай чечимдердин кесепети оор болорун эскертти:

- Ошол кворум кылбай, жыйындарга келбей жаткан депутаттардын өздөрү тарайлы, кайра шайлоо болсун деп жатат. Анан БШК аларды таратпай, айыл өкмөт башчысын, мэрди шайлоого үчүнчү жолу уруксат бергенин ошол депутаттардын өздөрү түшүнбөй калып жатат. Мен муну мыйзам бузуу деп эле эсептейм. Бирок кээ бир учурда ушундай эле кырдаалда БШК башкача чечим чыгарып жатат. Анда Боршайком баарына бирдей мамиле кылып, бирдей чечим чыгарсын да. Бирок мыйзамда баары так эле жазылган. Азыр эми БШКнын ушундай чечимдеринен улам башка айылдык, шаардык кеңештерде да протоколдорго кворум кыла алган жокпуз же дагы башка бир шылтоолорду жазып толтуруп, үчүнчү ирет деле шайлоого барсак болмок экен да деген ойлор жаралып жатат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум былтыр 11-декабрда өткөн. Анда 390го жакын айылдык жана 21 шаардык кеңеш шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG