Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

БШКнын тизгини Шайлдабековага тийди


Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы ишке кирди. 27-июнда БШКнын жетекчиси болуп Нуржан Шайлдабекова шайланды.

Мекеменин буга чейинки курамы мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу таркатылган. Шайлдабековага чейин БШКны Туйгуналы Абдраимов жетектеп келген.

Жаңы жетекчинин таржымалы

Нуржан Шайлдабекова өз чөйрөсүндө мыйзамды чаккан, тажрыйбалуу, күчтүү юрист катары белгилүү. Мындан улам калыстыктан тайбайт, таза шайлоого жол чабат деп ишеним арткандар көп.

Бирок Нуржан Шайлдабекова бул кызматка келгенге чейин президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп иштегендиктен жана аны президент өзү көрсөткөндүктөн, Боршайком бийликтин камчысын чапкан органга айланышы мүмкүн деген кооптонуу да жок эмес.

Борбордук шайлоо комиссиянын жаңы курамы 27-июнда алгачкы жыйынга чогулуп, анда төрага менен орун басарлар дайындалды. Орун басар болгондордун бири Атыр Абдрахматова Нуржан Шайлдабекова иш билги адис катары жетекчиликке көрсөтүлүп, бир добуштан шайланганын айтты:

- Сыртынан көп жылдардан бери тааныйм. Өзү абдан мыкты адис. Эң башкысы - өзүнүн тарыхый ролун билип, коомчулуктун кызыкчылыгын сактайт деп ойлойм. Аял кишинин БШКнын жетекчилигине келгени бардык жагынан эле жакшы. Анткени буга чейин терс көрүнүштөр да болуп кетти, шайлоо жараянынын өзүнө ишеним жок болуп жатты.

48 жаштагы Шайлдабекованын үч жогорку билими бар. 1990-жылы Улуттук университеттин тарых факультетин, 2004-жылы ушул эле жогорку окуу жайдын юридика факультетин жана Дипломатиялык академияны аяктаган.

1994-1995-жылдары Германиядан стажировкадан өтүп келген. Эмгек жолун университетте сабак берүү менен баштаган. Илим-билимден парламентке 1995-жылы келген. Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык маселелер боюнча адис болуп иштеп, он жылдын ичинде ичинде бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.

Андан кийинки жылдары өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде биринчи катчы, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы, юридикалык компаниянын жетекчиси, өкмөттүн аппаратында эксперт, топтун жетекчиси өңдүү кызматтарда бир-эки жылдан иштеп кеткен.

2012-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетекчиси кызматында үч жылдай эмгектенген. Ал эми президенттик аппараттын жетекчи орун басары кызматына 2015-жылы дайындалган.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаевдин пикиринде, Шайлдабековага шайлоо өткөрүү иштерине көлөкө түшүрбөйт деп ишеним артса болот:

- БШКда шайлоодон кийин ар кандай оюндар болуп келди. Ошонун баарын чекит коюп, Кыргызстан багыт алган таза шайлоону камсыздап бергенге толук күчү жетет деп ишенебиз. Анткени ал саясатка аралашпаган адам. Эң башкысы - калыстыкты камсыздап бергенге жөндөмдүү киши деп билебиз. Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо, андан кийин президенттик шайлоодо бир дагы саясий күчкө тартай, калыс өткөрүп бере турган адам деп ишенсек болот.

"Эл шайлоого баам салып турат"

“Таза шайлоо” ассоциациясынын төрайымы Айнура Усупбекова айрым жаңы технологиялар колдоно баштагандан тартып БШК негизинен эсептеп-чоттогон органга айланганына токтолду. Бирок ошол эле маалда административдик ресурстун пайдаланып-пайдаланбашын көзөмөлдөй алаарын, мындан улам анын ниети, чама-чаркы алдыңкы шайлоолордо сыналарын айтууда:

- Өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөбөй, жалаң мыйзам менен иштесе, бул коопсуздукка да жакшы. Мына азыр баары президенттик шайлоо кандай өтөөр экен деп, баам салып турат. Эгер алар өздөрү бир талапкерди колдоп, аны алдыга жылдырса, анда коомчулук нааразы болуп, БШКнын өзүнө ишеним жоголот.

Анткен менен Шайлдабекова президенттик аппараттан келгендиктен бийликтин сөзүн сүйлөйт деген кооптонуу дагы жок эмес. “Республика - Ата - Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев Кыргызстанда мындай окуялар болуп келгенин белгиледи:

- Жооптуу адам катары мындай кызматка биринчи жолу келип жатат. Буга чейин өкүлчүлүк кызматтарда иштеген экен. Жетекчи катары эми өзүн көрсөтүшү керек. Бирок бул кызматка ал өз алдынча келген жок да. Өзү талапкерлигин коюп, өзү жеңип келсе бир жөн. Аны бүгүнкү бийлик көрсөттү. Ошондуктан аны көрсөткөн, сунуштаган саясий жетекчиликтен, саясий күчтөрдүн таасиринен чыга албай калышы толук мүмкүн. БШК эле эмес, толук көз карандысыз, бийликтин өзүнчө бутагы деген сот системасы азыр жогорку саясий бийликтен көз каранды болуп турат. Сот ушундай болуп аткандан кийин БШК тууралуу сөз деле кылбай койсо болот. Мына ага чейин башкарган Туйгуналы Абдраимов беш жыл бою бийликтин камчысын чаппадыбы.

"Калыс болууга кепилдик берем"

“Азаттык” үналгысы мындай дооматтарга байланыштуу БШКнын жаңы шайланган төрайымы Нуржан Шайлдабекованын өзүнөн комментарий алды. Ал бул орган калыс болот деп ишендирүүдө:

- Мен андай кепилдик бере алам. Өзүңүздөр көргөндөй, БШКнын жетекчисинин эки орун басарлыгына оппозиция көрсөткөн өкүлдөр шайланды. БШКнын бардык мүчөлөрү аларды көрсөткөн партияларга, же фракцияларга, коалициялык көпчүлүккө, же оппозицияга, алардын кызыкчылыгына иштечү адамдар эмес. Алардын баары БШКнын мүчөсү катары бардык жарандардын кызыкчылыгына иштечү өкүлдөр. БШК өзүнүн ишин калыс, мыйзамдын чегинде, көз карандысыз иштейт деп ишендирем.

Нуржан Шайлдабекова юстициянын жана мамлекеттик кызматтын отличниги, юстициянын 1-класстагы, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунан болот.

XS
SM
MD
LG