Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Фейсбук саясатчылар сөгүнчү жерби?


Айрым депутаттар интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучуларын сөгүп, этикага сыйбаган билдирүүлөрдү байма-бай жарыялап келет.

Эбин тапкан саясатчылар соцтармактар аркылуу шайлоочуларды бир четинен колго алып жатса, айрымдары адепсиз билдирүү жасаганга чейин барышат.

Фейсбук, Твиттер сыяктуу соцтармактарды жигердүү колдонгон айрым саясатчылардын адаттан тыш жүрүм-турумдары ошол эле тармактарда кайым айтышууларга жол ачып келет.

Маселен, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Фейсбукта өзүнүн пикирине кошулбагандарды же каршы пикир жазгандарды дароо "кара тизмеге" киргизип, кат аркылуу “жылуу сөздөрүн” ыроолоп келет. Сөзүбүз куру болбосун үчүн Бакир уулунун айрым салам-дубаларына токтоло кетели. Бул билдирүүлөр колдонуучуларга жеке кат аркылуу жөнөтүлгөн жана эч өзгөртүүсүз берилди.

- С........ болсоң өзүңө. Менден уялып эмне кыласың? Мени ыймансыз кыздар кызыктырбайт. Давай, до свидания!

- Слышь, г..............! Перестань мне писать. Ищи себе партнера в парках, ....... ОК! Иначе приходи по-мужски поговорим!

- Ты негодяйка и тупая! Намалевалась пудрой и краской а в голове пусто. По тебе видно что ты с......! Дай тебе Аллах ыйман и совесть!


Интернет аркылуу элди ыймандуулукка, сабырдуулукка үндөгөн Турсунбай ажы мындай билдирүүлөрдү өзү узатканын танбайт. Эмне үчүн мындай “салам-дубаларды” жөнөткөнүн минтип ачыктады:

- Мага ким кандай билдирүү жазса, так ошондой жооп берем. Алардын мага эмне деп жазганын сурабайсыңарбы? Менин үй-бүлөмө кийлигишип жатса, мусулман катары коргойм да. Абийириме тийип, үй-бүлөмө асылып жатса рахмат айтышым керекпи? Мен алардан аянбайм. Көбүнчө ал жакта журналисттер анан акылы жоктор отурат. Алар көбүнчө атайын эле провокация кылышат.

Эл өкүлүнүн айтымында, анын 6 соцтармакта баракчасы жана жалпысынан 40 миң досу бар. Анын Фейсбук жана Одноклассники сайтында бир эмес, экиден аккаунту бар экен. Ал күнүнө соцтармактарга 6 саатын коротот. Ажыке интернет колдонуучуларынын сексуалдык ориентациясын кантип аныктаганын мындайча түшүндүрдү:

- Менин жеке жашоомо кийлигишкен эркектерди “көгүлтүр” деп жатам. Эгер эркек болушса, эмнеге менин үй-бүлөмө кызыгышат? Мен башка эркектердин жашоосуна кийлигишпейм. Бул нерсеге исламда тыюу салынган. Тескерисинче, алар өздөрүнүн маданиятсыздыгын билдирип жатышат.

Турсунбай Бакир уулу буга чейин “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исралиев менен Фейсбук аркылуу кайым айтышып, аталган чыр парламентке чейин жеткен.

Жинин Фейсбуктан чыгарып, кимдин ким экенин аныктагандар Бакир уулу менен эле чектелбейт. "Көмүр королу" атыккан Нурлан Мотуев да интернет колдонуучуларына “жылуу сөздөрүн” маал-маалы менен ыроолооп турат. Ал акыркы жолу 24.kg маалымат агенттигинин кабарчысы Шавкат Тургаев менен акыйнек айтышкан. Ал эми мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров туулган күндөрдө Фейсбук аркылуу куттуктоо жөнөтүп, колдонуучуларга кубаныч тартуулап келет.

Фейсбуктун шайын оодарган депутаттардын бири Өмүрбек Абдырахманов да айрым учурларда интернет колдонуучулары менен түшүнбөстүктөр болорун жашырбайт. Ал адепсиз саясатчылар менен шайлоо мезгилинде эсептешүүнү сунуштайт.

- Эми бардык нерсе саясатчынын же жөнөкөй адамдын деңгээлинен көз каранды. Мисалы, менде колдонуучулар менен уруша кеткен учурлар боло элек. Бирок кээ бир нерселерди аябай майдалап түшүндүргөнгө аракет кылам. А л эми биздин жарандар баарын билебиз деп кыйкыра беришет. Ошон үчүн түшүнбөстүктөр жаралат.

Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева эл өкүлдөрүнүн мындай аракеттерин этикадан тыш жорук катары баалады. Бирок буга чейин эч ким “депутаттар ар-намысыма шек келтирди” деп арызданган эмес.

- Мен мындай нерсени биринчи жолу угуп жатам. Депутат интернетте болобу, үйдө болобу өзүн үлгүлүү алып жүрүшү керек. Эгер колдонуучулар ар-намысыма шек келтирди деп бизге кайрылса, комитетте сөзсүз түрдө карайбыз. Ошонун негизинде эскертүү беребиз, же башка санкцияларды караштырабыз. Негизи депутаттын жүрүм-туруму оор маселе.

Алтыбаева интернет мыйзам боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбей калгандыктан депутат жарандын же жаран депутаттын ар-намысына шек келтирсе, сотко кайрылуудан майнап чыкпай тургандыгын кошумчалады.

Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Дастан Бекешов, Ширин Айтматова сыяктуу депутаттар да соцтармактарды жигердүү колдонушат. Адистердин айтымында, кыргыз саясатчылар интернетте шайлоо алдында жанданат.
XS
SM
MD
LG