Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

"Идеал Хаус" иши: аткаминерлер камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Арзан баага жана мыйзамсыз сатылып кеткен деген негизде козголгон "Идеал Хаус" иши боюнча мурдагы жооптуу кызмат адамдары камакка алынды.

12,4 гектар жери менен "Идеал Хаус" шаарчасындагы улутташтырылган 48 коттежди сатуу боюнча кармалган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков тергөө абагына которулуп, анын орун басары Бакытбек Мураталиев да камалды.

"Бакиевдерге таандык мүлк катары мамлекетке алынган "Идеал Хаус" шаарчасы жең ичинен арзан баада сатылып кетти" деген негизде былтыр күзүндө парламентте маселе көтөрүлгөн.

Саясий чөйрөдөгүлөр бул иштин учугу жогору жакка алып бараарын болжолдошсо, кармалгандардын жакындары алар азыркы саясий кармаштын курмандыгы болушту деген ойдо.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги былтыр күзүндө Бишкектин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен 142 миллион сомго сатылганын жарыялаган. Ал сегиз жыл мурдагы сметалык чыгымынан да арзан баада "ВостокТехКомлпект" деген белгисиз бир компанияга сатылганы тууралуу парламентте кеп болгон.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов бул иш үчүн акыры жооп берүүгө туура келээрин эскерткен болчу:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бүгүн болбосо эртең жооп бересиңер. Мындан мамлекет жок эле дегенде 10 миллион доллар чыгым тартып жатпайбы. Мунун баасын чакан там салган адамдар деле түшүнүп турат. Анан эле фокус көргөзүп, элди алдай беребиз деп ойлойсуңарбы? Кийин "ушулар кол койгон" деп силерди кайра салып берип коёт. Айтканды эле жасай бербей, кеч болуп кала электе мамлекетке зыяндуу бул алды-саттыдан баш тарткыла. "Сегиз жолу сатыкка чыгарып, ал өтпөй койгон" дегениңер жооп эмес. Эч кимди катыштырбай коюп, аукцион өткөрүш жагынан силер чебер экениңерди элдин баары билет.

Алты айдан кийин кайра жанданган иш

Бул чуулгандуу маселе боюнча кылмыш иши былтыр ноябрь айында козголуп, ошондон бери ал токтоп турган. Бирок жакында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчи Болсунбек Казаков 10-апрелде кармалып, камакка алынган. Анын бөгөт чарасы катары камоо тандалып, ал 12-апрелде тергөө абагына которулду. 13-апрелде ушул эле иш боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев кармалды. Жакында парламентте депутаттар Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн күзүндө козголгон ал иш эмнеге ушул күнгө чейин ордунан жылбай турганын сурашкан.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков ага мындайча жооп берген эле:

- Сиздер айткан 48 коттеж боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери акыркы чечимге токтолгон бааны туура эмес коюшкан. Текшерүүнүн негизинде Башкы прокуратура Мамлекеттик мүлк фондунун тиешелүү кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, ал ишти тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Бул чуулгандуу алды-сатты жөнүндө журналист Элнура Алканова журналисттик иликтөө жүргүзүп, анда мүлктү сатып алган тарап менен азыркы премьер-министр Сапар Исаковдун инисинин байланышына басым жасаган. Анда Башкы прокуратура бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, бирок мунун алды-саттысына өкмөт башчынын тиешеси жок деген жыйынтык чыгарган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "коммерциялык сырды ачкан" деген негизде кайра журналистке кылмыш ишин козгогон болчу.

Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

Журналист Элнура Алканова фонддун жетекчилигинин камалышы менен анын иликтөөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтар расмий ырастала баштаганын айтып, эми ага каршы козголгон иштин кыскарышынан үмүт этип турат:

- Менин журналисттик иликтөөмдө көрсөтүлгөн маалыматтар учурда тергөө тарабынан расмий түрдө ырасталып жатат. Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчилиги бул иш боюнча кармалып, камакка алынгандан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат мага козголгон кылмыш ишин тергөөдөн кыскартышы керек. Бирок бул боюнча мага тергөө кандай жүрүп жатканын да айтпай, ал иш эмне болгону мага белгисиз бойдон турат. Менин иликтөөмдө өкмөт башчы Сапар Исаковдун иниси БТА банкында иштей турганы көрсөтүлгөн. Аны кийин Башкы прокуратура да тастыктаган. Бирок ал жерде "анын алды-саттыга тиешеси болгон эмес" деп тапкан.

Ички иштер министрлиги тараткан учкай маалыматка ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаковго жана анын мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиевге каршы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренеси ("Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалгандардын биринин атасы Байымбет Мураталиев фонддун мурдагы жетекчилигинин камалышын саясат катары кабыл алып, алар акталаарына ишене турганын айтты:

- Азыр эми "эки дөө салгылашканда ортодо чымындар өлүп жатпайбы". Негизи ал аукционду тогуз жолу өткөрүп, аны сата албай коюшкан. Мыйзам боюнча өтпөгөн мүлктүн баасы улам түшүп турат. Менин уулум ал жакта 19 жылдан бери иштейт. Ал кандайдыр мыйзамсыздыкка жол бермек эмес. Мен анын өзү менен байланышсам да ал бардыгы мыйзам чегинде жасалганын, бардык уруксаттар алынганын айтты.

"Идеал Хаус" деген бул болочок шаарча комплекси "Бакиевдер тарабынан түптөлгөн" деген негизде 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, былтыр күзүндө жеке колго сатылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG