Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты


Камактагылардын жактоочулары
Камактагылардын жактоочулары

"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 17-апрелдеги отурумунда белгилүү болгондой, Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыратууга, Дастан Сарыгуловду төрт жыл шарттуу камоого өкүм чыкты. Алардын коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров соттун жогорку баскычына доо-арыз берилерин "Азаттык" радиосуна айтты.

Саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров былтыр 24-мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Андан кийин ушундай эле кине менен эксперт Эрнест Карыбеков, ага насаатчы болгон деп коомдук ишмер Дастан Сарыгулов кийинчерээк камакка алынган болчу. Саясатчыларды камакка алууга алар бийликти басып алууну уюштурган деген негизде жазылып алынган үндөрдүн жарыяланышы негиз болгон.

Адвокаттар аларды камактан бошотууну, айыптоочу тарап болсо 12-22 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон сураган.

Бүгүн камактагылардын бири - Бектур Асановдун Жалал-Абаддагы тарапкерлери нааразылык акциясын уюштуруп, жөө жүрүшкө чыгышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG