Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

“Кыргыз почтасындагы" кымгуут


Почта кызматкери. Казакстан.
Почта кызматкери. Казакстан.

Жергиликтүү агенттиктердин биринин “Кыргыз почтасы” жоюлду деген маалыматы коомчулукта дүрбөлөң жаратты.

Анда почта тармагы каржылык кудуретсиздиктен улам жабылып жатканы жарыяланган болчу. Көп тармактуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги ал маалыматты төгүндөп, болгону почта тармагынын бир Бишкек башкы почтамтына караштуу акча алмаштыруу бюросунун ишин убактылуу токтотуу боюнча гана чечим кабыл алынганын билдирди.

18-август күнү жергиликтүү маалымат агенттиктеринин биринин сайтында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын уруксат наамеси жокко чыгарылганы жарыяланган болчу. Улуттук банктын жумалык баяндамасына шилтеме келтирип, таратылган бул маалыматта ага “Кыргызпочтасынын” жетекчилигинин ишкананы жоюу тууралуу чечими негиз болгону көрсөтүлгөн. Мындан улам “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын өнөктөштөрү кескин жагдайга таң калып, дүрбөлөңгө түшкөн.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Таалайбек Эшалиев бул маалыматты мындайча төгүндөдү:

- Көп кишилер таң аткандан бери телефон чалып жатышат. Биздин өнөктөштөр болсо, алдын ала эскертилбей туруп ишкана эмнеге жоюлуп жатат деп катуу кыйсыпыр түшүштү. Биз ишкана жоюлган жок деп айтып, түшүндүрүп жатабыз. Эч кандай ишкананы жоюу тууралуу сөз жок. Болгону Бишкек башкы почтамтына караган акча алмаштыруу жайынын иши убактылуу жабылды. Биз кайрылдык эле Улуттук банк ошол боюнча чечим чыгарып берди. Болгону ошол.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы райондук, шаардык жана облустук деңгээлдеги 870 почта бөлүмчөлөрүнөн турат. Республикалык почта жөнөтүү каттамынын узундугу 25 миң чакырымга барабар. Бандерол, аманат, кат, телеграмма сыяктуу почта байланышы райондук жана облустук борборлорго жумасына беш жолу ташып жеткирилет. Мындан сырткары Кыргызстандагы почта бөлүмдөрү аркылуу пенсия, жөлөк пул жеткирилип, гезит-журналдар таратылат. Таалайбек Эшалиев кызмат көрсөтүүлөрдөн түшчү кирешенин өлчөмүн көбөйтүү жаатында жасалган иштер туурасында мына буларды белгиледи:

- Кыргызстандагы пенсионерлердин 71 пайызын биз почта аркылуу тейлейбиз. Жөлөк пул боюнча бир аз эле жарандар банктардан албаса, толугу менен биз тейлейбиз. “Кыргыз почтасы” пенсия менен жөлөк пул таратууда андан түшчү пайыздын өлчөмүн көтөрүү жагын караштырып жатабыз. Карыздарыбыздан кыйла жеңилдеп калдык. Өнөктөштөргө чекесинен акчасын төлөп берип жатабыз.

Былтыр “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын сырткы карызы 139 миллион сомго чейин чыгып кетип, ал банкроттук абалга кептелди деген маселе көтөрүлгөн. Андан соң ишкана жетекчилигинин аракети менен “Кыргыз почтасынын” карызы 60 миллион сомго чейин кыскартылган. Мындан сырткары “Кыргызпочтасын” модернизациялоо долбоорунун алкагында 5 жарым миллион доллар жылына бир пайыздык туум менен жеңилдетилген насыя берилген болчу. Ошондой эле буга кошумча Швейцариянын SECO уюму “Кыргызпочтасынын” банктык кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү долбооруна бир миллион доллар бөлгөн. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Дүйшөнбек Абдылдаев “Кыргыз почтасын” заманбап үлгүдө кайра түзүп чыгууну караган долбоордун аткарылышы боюнча мына буларга токтолду:

- Биз дүйнөлүк банк менен бул багытта макулдашканбыз. Мына ошонун алкагында 5,5 миллион доллар каржылоо болуп жатат. Анын эсебинен автоматташтырылган системаны киргизип, каржы булактарын көзөмөлдөө боюнча жабдууларды ишке беребиз. Жаңы байланыш бөлүмчөлөрүн мына ошолор менен камсыздайбыз. Негизи биз заманбап үлгүдөгү почта тармагын куруп чыгышыбыз керек.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасында жалпысынан төрт миңден ашуун адам эмгектенет. Почта кызматкерлери жылына 3475тен ашуун кат-кабар 150 миң аманатты жөнөтүп жана жеткирип турат. Жалпысынан Кыргызстан боюнча жылына 160 миң акча которуу жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG