Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Парламент - Каптагаев тиреши күч алды


Бирок айрым депутаттар президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаевди кызматтан алуу боюнча токтомго кайра добуш берүү демилгесин көтөрүүдө.

Алар добуш берүү маалында кворум жок болгонун жүйөө кармоодо. 15-сентябрда Жогорку Кеңеш жабык жыйында президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаевди бир топ коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп аны кызматтан алуу сунушун президентке жолдогон.


Жыйын жабык өткөнү суроо жаратты



Эмилбек Каптагаев, 2011-жылдын 11-январы.
Маалыматка ылайык, Эмилбек Каптагаевди кызматтан алуу боюнча токтомго 69 депутат “макул” деп добуш берип, 23ү каршы чыккан. Токтомдун кабыл алынышына Каптагаевдин бир топ коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген маалыматтар негиз болгон.

Эми бул токтомго кайрадан добуш берүү демилгеси көтөрүлүүдө. Демилгечилердин бири, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Эркингүл Иманкожоеванын белгилешинче, аталган токтомго добуш берүү маалында жыйындар залында отузга жетпеген гана эл өкүлү отурган. Экинчиден, мындай талаштуу маселелер жашыруун эмес, ачык өтүшү керек дейт депутат айым. Бул маселе ЖКнын келерки жыйынында кайрадан көтөрүлүшү ыктымал.

- Депутаттар кимден коркот? Каптагаевден депутаттар коркпойт. Ошондуктан бул боюнча ачык эле добуш бериш керек эле. Кабыл алынган токтомдо мыйзам бузуулар бар деп жазылып турат. Эгер Каптагаев мыйзам бузса, "Мегакомго" тиешеси болсо аны тартип коргоо органдары текшерип, анан сот чечиш керек. Ошондуктан токтомго добуш бериш керек. Анткени жыйында отузга чукул эле киши отурган. Ар бир каалабаган, же каршы кишисин алып келип эле токтом чыгара бергендей бул депутаттардын иши эмес да.

Буга чейин Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы ажылык сапарды уюштурууга президенттин аппарат башчысы Эмил Каптагаев катышкан деп, анын саясий, укуктук жана моралдык жоопкерчилигин кароо керек деген токтом чыгарган болчу.


Дооматтар текшерилүүдө


“Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун айтымында, мына ушул токтомго өз убагында маани берилбей, көз жаздымда калышы да жаңы токтомдун кабыл алынышына негиз болгон. Мындан сырткары Жапаров мурдагы бийликтен калган, улутташтырылган объекттердин айрымдарына жакын туугандарын коюп алган деп Каптагаевди күнөөлөп жатат.

- Каптагаевдин ажылык сапарга байланыштуу ишин парламент иликтеп, токтом кабыл алган жана Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине тапшырма берилген. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес. Андан сырткары улутташтырылган “Витязь” пансионатына өзүнүн бир туугандарын коюп алып, каалагандай калчап отурат. Чок-Талда Каптагаевдин бир туугандарынан башка адам табылбай калыптырбы? Сотторду кысымга алып, жалаң соттор менен иш чечип объектилерди тартып алып аткан фактылар жана башка коррупцияга аралашкан жагдайлары бар.

Жапаровдун жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсуна караганда, Каптагаев “Витязь” пансионатына жетекчи кылып аталаш тууганы Руслан Усенбаевди, Таалай Каптагаев аттуу бир тууганын кампа башчысы кылып дайындаптыр. Ал эми аталган пансионат Максим Бакиевге тиешелүү делип, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин улутташтырылган мекемелердин катарына киргизилген.

Жапаров “Каптагаевдин жаңы дайындалган туугандары Алексей Елисеев, Максим Бакиев, Алексей Ширшовдордун коттедждеринен кымбат баалуу эмеректерди алып чыгып, ордун кытайдыкы менен толтуруп койгон. Сезон маалында бул коттедждер суткасына 850 долларга берилгенине карабай, акча пансионаттын кассасына түшкөн эмес”, – деп маалымат берген.

Эмилбек Каптагаев менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин айтымында, парламенттин мындай токтом кабыл алышына укуктук негиз жок. Ошондой эле депутаттардын мындай чечими президентти милдеттендире албайт.

- Бийлик бутактарынын ар бирисинин өзүнүн ыйгарым укуктары бар жана анын чеги да бар. Ал эми токтом президентти милдеттендире албайт. Себеби укуктук негиз жок. Бул чечим депутаттардын бир бөлүгү ушундай пикирде деген маанини билдирет. Аны президент өзү карап, талдап, таразалап анан бир чечим кабыл алат. Азыр жагдайлар дагы текшерилип атат. Менин билишимче, токтомдун ичинде чындыкка дал келбеген дагы маалыматтар камтылган.

Ошентсе да Нарынбаев Каптагаевдин дарегине айтылган дооматтар жана маалыматтар учурда текшерилип жатканын, кандайдыр бир жыйынтык чыккандан соң аты аталган чиновникке укуктук баа берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG