Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Ташиев үй-бүлөсүнө Орусиядан башпаанек cурады


Камчыбек Ташиев эл алдында сүйлөп жатат.
Камчыбек Ташиев эл алдында сүйлөп жатат.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүнө Орусиядан башпаанек алганын, жакындары жакын арада орун которгону жатканын айтты. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү башпаанек сурап кайрылбаганын билдирди.

Оппозициялык партиянын лидеринин жакындарынын мындай кадамга баруусуна эмне себеп болду?

Ташиев: Баарын коркутуп жатышат

Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ал үй-бүлөсүнө башпаанек сурап АКШ, Казакстан жана Орусияга кайрылган. Алардын ичинен Орусиядан биринчи макулдук келип, коопсуздук үчүн кепилдик берилди. Ошондуктан ал жакын арада үй-бүлөсүн Орусия жергесине чыгарат.

Башка өлкөлөрдөн башпаанек сурап кайрылууга эмне себеп болгону тууралуу Камчыбек Ташиев буларды айтты:

- Уулумду камагандан кийин ушундай чечимге келдим. Өзүңүздөр жакшы билгендей, менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу бүт жакындарымды камап чыгышты. Өзүмдү камады. Мандатымды алды. Бир тууган эжемди, инимди камашты. Баламды камады. Досторумду камады. Партиялаштарымды камады. Адвокатымды сабатып, майып кылып коюшту. Бардыгын коркутуп жатышат.

Ташиевдин айтымында, ал саясий ишмердүүлүгү үй-бүлөсүнө залакасы тийбеси үчүн аларды сыртка чыгарууну чечти. Ал эми өзү Кыргызстандан калып, саясий ишмердүүлүгүн уланта берет. Маалыматка караганда, Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнөн алты кишиге башпаанек берилди. Алар балдары, кыздары жана аялы.

Бирок Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги атайын билдирүү таратып, Орусия тарабынан Ташиевдин үй-бүлөсүнө эч кандай башпаанек берилбегенин, Ташиев тарабынан кайрылуу болбогонун айтып чыкты.

Камчыбек Ташиев болсо чынында ал Орусия элчилигине кайрылбай, башпаанекти башка жолдор менен алганын билдирди. Анын үй-бүлөсүнө Орусиянын кайсы органы башпаанек бергенин Камчыбек Ташиев ачыктаган жок.

“Ата-Журт” партиясынын дагы бир лидери Садыр Жапаров да сыртта жүрөт. Бирок ал өзүнүн мындай чечимин инисинин ден соолугуна гана байланыштырып, ар кандай коркутууларга карабастан январдын соңунда Кыргызстанга келерин билдирди:

- Меники бир эле себеп. Мен эч кандай башпаанек сураган жерим жок. Мен болгону эле инимдин операциясын күтүп жүрөм. Ошол бүтөр менен Кыргызстанга барам. Албетте, менин үй-бүлөмө дагы, бир туугандарыма дагы эки жылдан бери бийликтин куугунтугу токтой элек. Бирок биз ага карабайбыз. Мен бөлөк жерге барып башпаанек издеп жүргөндөн көрө өз өлкөмө келип, түрмөдө жатканым артык.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн айланасындагы абалды саясий деп атап, ага кошумча маалымат бере албасын билдирди. Президенттин маалымат кызматынан бул маселе боюнча кабары бар экенин, бирок ага жооп берилбесин айтышты.

Саясий оюнбу?

Коомчулукта болсо өлкөдөгү оппозициялык саясатчыларга карата куугунтук, кысым-басымдар тууралуу пикирлер ар кыл. Парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина болсо Камчыбек Ташиевди куугунтуктоо болгон эмес деп эсептейт:

- Бул эми “өнөр” көрсөтүү. Аны эч ким куугунтуктаган жок. Эгерде тосмого асылып, бийликти алмаштыруу жөнүндө кеп болбогондо... Менин эсимде, ошондо алар Кумтөрдүн картасын ойноп чыгышкан. Эмне үчүн алар Бакиевдин учурунда чыгышкан эмес? Ошондуктан бул эми оюн, бийлик башкача ойлонгондорду куугунтуктап жатат деп көрсөтүү үчүн жасалган оюн.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова Кыргызстанда оппозицияга Конституция берген кепилдиктер сакталбай жатат деген пикирде:

- Оппозиционерлердин укугу, коопсуздугу Конституция менен корголушу керек. Биз Конституцияда оппозицияга орун берип койгонубуз менен, оппозицияга баргандарды душман көрүп, куугунтуктап алдык.

Азиза Абдирасулова Камчыбек Ташиев жана анын үй-бүлөсүнө түшкөн коркунучтар тууралуу кабары жок экенин, бирок ал жөн жерден башпаанек сурап жатпаганын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG