Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Сатыбалдиев өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыялады


Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өткөн тогуз айдын жыйынтыгын чыгарууда бир катар министрлер менен жетекчилерге каарданды.

Ишиндеги кеткен кемчиликтерге жол бергени үчүн жана буга чейинки мүчүлүштүктөрдү оңдой албаганы үчүн деген негиз менен эки шаар башчысына, эки министрге жана эки мамлекеттик кызматтын жетекчисине сөгүш жарыяланды.

Парламенттик азчылык өкүлдөрү өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин мындай кадамын анын коомчулуктун көңүлүн бурууга жасаган аргасыз аракети катары айыптап чыгышты.

Өкмөттүн жамааттык жыйынында аткаруу бийлигинин тогуз ай ичинде аткарган ишмердиги талкууга алынды. Ошондой эле кышка карата даярдыктын жүрүшү боюнча тиешелүү кызматтардын маалыматтары угулду.

Жөжөнү күзүндө санайбыз

Өткөн тогуз айдагы жасалган кээ бир иштерге ичи чыкпаган өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев бир катар жетекчилердин аткаруучулук тартибин сынга алды. Биринчилерден болуп өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жусупалы Төрөмаматовдун андан уруксат албай Польшага барып келгенин өзүм билемдик катары карады.

Мындан сырткары өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов бир катар жетекчилер аткаруучулук тартиби боюнча сөгүш алганын белгиледи:

- Мектептеги рэкетчиликти ооздуктоодо жетиштүү иш алып барбаганы боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине сөгүш жарыяланды. Ошондой эле бул боюнча билим берүү жана ички иштер министрлери да сөгүш алды. Салык чогултууда маселе бар экенин айткан өкмөт башчысы бул боюнча чабал иш алып барганы үчүн аталган тармактын жетекчиси Исхак Масалиевге сөгүш берди.

"Дордой" базары
"Дордой" базары
Ошол эле кезде өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Дордой” жана “Мадина” сыяктуу ири базарлар жетиштүү деңгээлде салык төлөбөй келатканын белгиледи. Айрыкча салык жашыруу фактыларынын бети ачылбай жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Ошондой эле каржы министри Ольга Лаврова салык базасын кеңейтүү жагы жакшы колго алынбай жатканын сынга алды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев салык чогултуудагы негизги көйгөйлөргө мындайча токтолду:

- Салык алууну пландаштырууда кемчилик бар. Дүйнөдөгү алтындын баасынын түшүп кеткенинен улам Кумтөрдөн түшө турган салык боюнча бир топ коркунуч бар. Мындан улам бул багыттагы салык өлчөмү бир миллиард алты жүз миллион сомго аз түшүүсү күтүлөт. Өткөн жылы парламент салыктын дагы бир күрдөөлдүү бөлүгүн – атайын каражаттардан түшчү салыкты алуудан бошотуп коюшкан. Мындан улам да бир топ салык түшпөй калганы турат.

Жакында өкмөт парламенттин алдында өткөн тогуз айдын жыйынтыгы боюнча отчет бермекчи. Ошондой эле кышка карата даярдыктын деңгээлин карап чыгуу маселеси да каралат. Мына ушундай жагдайда өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев иштин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн жоопкерчилигин аткаруу бийлигиндеги айрым жетекчилерге көңтөрүү үчүн гана аларга чара көрүүгө киришти деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Өкмөт башчысы өз чабалдыгын жашыргысы келеби?

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жетекчиси Назарали Арипов бул боюнча мына буларга токтолду:

- Өкмөт азыр бири-биринен айыптуу деп жооптуу адамды издеп жатышат. Анан ошон үчүн салык жана бажы тармагынын башчыларына мына ушундай кине коюлуп жатат. Ошону менен өкмөт өз ишмердигинде алсыз экенин мына ушундай жол менен жашырып калгысы келет. Анткени бул өкмөт башында эле ээрге кыйшык отурган. Ошон үчүн анын ишинде жылыш жок. Ушуга чейин бир жыйынтыктуу ишин көрө элекпиз. Мына эми жакында өкмөт парламентке келип отчет берсе, анын ишине баа берилет.

Ошол эле кезде өкмөт башчысы Сатыбалдиев ар бир тармак боюнча жаңы жылга чейин коюлган милдеттерди так аткара албаган жетекчилер кызматтан алына турганын эскертти. Өкмөт башчысы министрлерге карата жасаган ишине жооп бербеген, бирок ордуларынан козголбогон жетекчилер болбошу керек деп эскертти.

XS
SM
MD
LG