Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Огуңуз барбы?


"Азаттык" бул ирет талкууга “Саясатчылардын бири-бирине ок кезеп, эрөөлгө чакырып жатышы канчалык адепке сыят?” деген суроону койду.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов, тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын парламенттеги эксперти Гүлзада Медералиева катышты.

“Азаттык”: Акыркы кездери белдүү саясатчылардын бири-бирине ок кезеген опузалары бүгүнкү талкууга себеп болду. Алдын ала эскерте кетели, талкууда билдирүүлөрдүн чоо-жайы эмес, анын адеп-ахлактык өңүтүн сөз кылабыз.

Адегенде мисалдарды келтирели: депутат Болот Шер өткөн айда абийир менен намыс үчүн деп, ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановго ок берип ийди.

Өмүрбек Текебаев болсо гранатаны оозанды. Дагы бир саясатчы Бекболот Талгарбеков “Алибидеги” интервьюсунда Азимбек Бекназаровго ок жибергенге камданып жатканын айтты. Ошондой эле биздин азыркы коногубуз, депутат Өмүрбек Абдрахманов “Асман-пресске” берген маегинде тапанчам бар, чекеге атып салам деп, өзүнүн мурдагы партиялашы Текебаевге кезенген экен.

Бир эсептен мунун бардыгы баланын оюнундай көрүнөт экен. Мамлекеттин, элдин жоопкерчилигин мойнубузга алдык деп, ант берген саясатчылардын ушинтип айтканга моралдык укугу барбы?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Назира Курбанова: Негизи саясатчылар элге, жаштарга үлгү стандартын көрсөтүшү керек. Себеби алардын жүрүш-турушунун, адеп-ахлагынын чоң таасири бар. Албетте биз саясатчыларды көрүп атабыз, мисалы, Англияда, Жапонияда, бөлөк өлкөлөрдө. Бирок бул өнөкөткө айланбаш керек.

Куран китебинде жакшы жазылган: эң биринчи кезекте өзүңдүн эмоцияңды, кыжырланууңду элге көрсөтпө деп. Илимди алсак, өзүн нормалдуу ахыбалга келтириш керек, кантип ошол жерден кетип калыш керек деген сыяктуу ар кандай ыкмалар бар.

Гүлзада Медералиева: Бизде саясий элита деп аткандан кийин, алар карапайым адамдарга үлгү болсо деген тилек. Алар канчалык ыза болбосун, бири-бирине ок, муштум кезебестен, интеллектуалдык жеңишин көрсөтсө жакшы болот эле. Биз эми көчөдө мушташкандан көрө парламенттин ичинде мушташса мейли, андайлар боло берет деп, тобокелчиликке салып атабыз, бирок, ошол эле учурда өздөрүн саясий элита катары көрсөтүп, элди өздөрүнө тартса болот эле.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, интервьюңузда айткан тапанчаңызды дайыма жаныңызга салып жүрөсүзбү?

Өмүрбек Абдрахманов: Эки-үч күндөн бери сала баштадым. Себебин өзүңүздөр билесиздер.

“Азаттык”: Азыр жаныңызда барбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Жанымда жок. “Азаттыкка” андайды алып келбейм да. Машинада турат. Аны мен коргонуу үчүн алгам. Уруксаты бар. Алып жүрчү эмесмин. Жанагинтип (Текебаев) парламенттин ыйык залында мени муштап, кайра чуркап келип жакадан алып, хулигандыгын көргөзгөндөн кийин, эми дагы бир жолу ушинтип чоң муштумдугун көргөзсө, конституциялык коргонуу укугумдан пайдаланайын деп ойлодум.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG