Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Талас: КСДПнын мектептеги үгүтү


Таласта КСДПдан жергиликтүү кеңешке талапкер болгондор үгүт иштерин мектептерде жүргүзүп жатканына ата-энелер арасында нааразычылык чыкты.

Ата-энелердин айтымында, алар мектеп чогулушуна «окуучулардын жетишкендиктерин талкуулайбыз» деген жүйө менен чакырылып, натыйжада бийликчил партиянын үгүтүн угууга мажбур болушкан. Бул көрүнүш шаардагы №5 мектепте болгон.​

Чолпон Биялиеванын баласы Талас шаарындагы №5 мектепте бешинчи класста окуйт. Биринчи чейректин жыйынтыгы менен мектеп көйгөйүн талкуулоо максатында ата-энелер чакырылган чогулушка аны менен кошо дагы 200 адам келген. Бирок жыйын учурунда орун алган жагдай аны нааразы кылды.

- Кыргызстан социал-демократтар партиясы жалпы ата-энелерди шайлоодо бизге добуш берип койгула деп үндөп, чогулуш ошо менен бүттү. Бирок бул жерде көп маселелер бар. Маселен, жылуулук жакшы болбой, балдар 45 мүнөттүк сабакты 30 мүнөттө окуп келип жатышат. Эмнеге эрте келдиң десек класстар муздак дешет. Эмне үчүн ошондой маселелерди бул жерде чечпейбиз? Маселе жабык боюнча калды. Чогулуштун өзөгү КСДП партиясына добуш бергиле деген максатта болуп калды.

Бул пикирди жаш активист Бектур Медетов да кубаттап өттү. Ал буга Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрүнүн чогулуш учурунда сүйлөгөн сөзүн мисал келтирди.

- Алар биз деген бийликтин партиясыбыз, мындан улам биз шайлоодо өтүшүбүз керек, бизди колдошуңар керек деп айтышты. Эгерде биз өтүп кетсек, силердин маселеңерди чечүүдө мамлекеттик органдын болобу, Жогорку Кеңештин болобу, эшигин тээп киребиз деди. Бул эми ачыктан-ачык манипулация.

КСДП партиясынын бул кадамы административдик ресурту колдонуу менен жеңишке жетүү аракети катары бааланууда. Көз карандысыз эксперт Таалай Каскеев буларга токтолду:

- Булар эми мыйзам чегинде эле иш жүргүзсө болмок. Азыркы кырдаал туура эмес. Ата-энелерди башка маселе менен чакырып, үгүт жасаган болбойт да. Шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Анда мектеп директорлору баарына ошондой аудитория чакырып берсин да.

Анткен менен аталган мектептин директору Алтын Үмөталиева жергиликтүү кеңешке КСДП партиясынан талапкерлердин үгүт ишин жүргүзүүсү боюнча алдын ала маалыматы болбогонун айтат.

- Бүгүн барабыз деп эч ким айткан эмес мага. Келгенде мен жөн эле отчет беришет экен дедим. Карасам баары бир партиядан экен.

Ата-энелерди башка маселе менен чакырып, үгүт жасаган болбойт да. Шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.
Таалай Каскеев.

Ал эми КСДП партиясынын облустагы өкүлдөрү айтылган дооматтарды четке кагыууда. Бул боюнча Социал-демократтардын Талас облусундагы штабынын жетекчиси Мирлан Эсенкулов мындай дейт:

- Мектепте чогулуш болуп жатканын уккандыктан гана биздин талапкерлер кайрылган. Ата-энелер атайын чогултулган эмес. Эми азыр талапкерлер ар кимиси өзүнө тиешелүү аймактарда үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Менин оюмча, чогулуш болуп жаткан жерде өзүн тааныштыруу туура эле.​

Белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт. Талас шаардык кеңешине жети партия ат салышып жатат.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG