Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Апта: Шайлоого даярдык, акыйкатчыга чабуул...


Бакыт Аманбаев акыйкатчылыкка шайлангандан кийин. Жогорку Кеңеш, 3-октябрь, 2013
Бакыт Аманбаев акыйкатчылыкка шайлангандан кийин. Жогорку Кеңеш, 3-октябрь, 2013

Парламентте акыйкатчыга ишеним көрсөтпөө аракети башталды. Оппозициялык фракцияны энергетика тармагында абал тынчсыздандырууда.

Узап бараткан жумада мындан тышкары президенттин катышуусу менен келерки парламенттик шайлоого даярдык көрүү талкууланды.

Келерки парламенттик шайлоо көңүл борборуна коюла баштады

15-апрелде өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште келерки парламенттик шайлоону кантип таза жана адилет өткөрүүнүн технологиясы, жаңы ыкмалары талкууланды. Талкуу учурунда бир жаран - бир добуш системасын камсыз кылуу үчүн биометрикалык каттоону киргизүү, добуштарды автоматтык түрдө саноочу үкөктөрдү орнотуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо каралып жатканы маалым болду.

Улуттук кеңеште бул маселе каралардан мурун шайлоо системасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомчулуктун кароосуна коюлду. Ал мыйзам долбоорунда республиканы бирдиктүү шайлоо округу бойдон калтырып, бирок мына ошол бирдиктүү шайлоо округунун ичинде регионалдык тизмелерди түзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Башкача айтканда, ар бир партия бирдиктүү респубилкалык шайлоо окуругунун алкагында регионалдык тизмесин шайлоочуларга коёт. Бул системанын жактоочулары мындай жол менен шайлоо болсо, парламент мүчөлөрү региондордон ажырап калбайт десе, каршылар регионализмди күчөтөт деп чочулоодо.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков сунушталган долбоордун артыкчылыгы тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Партиялык тизме түзүүдө, анын алдыңкы сабына кириш үчүн көп учурда ар түрдүү кырдаалдар түзүлөт, анын ичинде коррупциялык учурлар түзүлүшүнө да жол ачылат экен. А жалпы тизменин ичинде регионалдык тизме болгону дүйнөлүк практикада бар, анын жакшы жери региондордогу лидерлер дагы партиянын ички тизмесин түзүп, жетектегенге мүмкүнчүлүк түзөт.

Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, регионалдык тизмелер трайбализмди күчөтөт деген туура эмес. Анткени партиялар жеңишке жетиш үчүн баары бир бүткүл республика боюнча кадыр-баркка ээ болуш керек.

Оппозициялык саясатчы Кубатбек Байболов шайлоо системасына киргизиле турган өзгөртүүлөрдү кубаттап, регионалдык тизмелерди түзүүнүн артыкчылыгы тууралуу мындай пикирин айтты:

- Бул система иштетилген система. Мындай система бар. Бул улуттун мыкты пассионарийлерин тарыхый авансценага алып чыга турган система да. Жергиликтүү мыктылар чыгат да.

Ал эми регионалдык тизмелер бөлүнүп-жарылууну күчөтөт дегенге Байболов мындай жооп берди:

- Биз эми унитардуу мамлекетпиз. Биз бөлүнүп кайда бармак элек. Албетте региондордон келгендер бюджетти караганда өзүлөрүнө тартып, тартыш болушу мүмкүн. Бирок бир мандаттуу округдан деле келип жүрбөдүк беле? Биздин башыбыздан өткөн да. Ошондуктан дароо эле ыдырап эле бөлүнүп кетет деген чындыктан алыс. Коркунучу жок анчалык.

Байболовдун пикиринде, идеалда партиялык тизмедеги ар бир талапкерге добуш берилсе туура болмок. Ансыз эч кандай даярдыгы жок адамдар парламентке келип жатканы өкүнүчтүү.

Шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору эми парламент кароосуна коюлуп, расмий талкууга түшө баштаарын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков белгилеп кетти.

Акыйкатчыга чабуулдун себеби эмнеде?

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын 2013-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча маалыматын чукул угууну чечти. 2013-жылы октябрь айында шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев баяндамасын парламентке алып чыкты. Ал депутаттар арасында каршы-терши пикирлерди жаратты. Оппозициялык депутаттар акыйкатчынын дурус иштеп жатканын белгилесе, бийликке жакын депутаттар акыйкатчы өз ишинде саясатка басым жасап кетти деп сынга алды.

Маселен, КСДП фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиева акыйкатчы саясатташып кетти деп белгиледи:

- Акыйкатчы институту – бул мамлекеттик орган болгондуктан урматтуу акыйкатчы, сиз бийликтин бир бутагысыз. Ошол эле учурда сиз оппозиция менен позицияңыз дал келбейт деп айттыңыз. Бирок баяндамаңызда оппозициячыл саясатчыларга гана токтолдуңуз. Эмне себептен карапайым адамдардын укутарына токтолбогонуңуз белгисиз. Баяндамада бардык маселелер майдаланып кеткен. Корутунду жалпы мүнөздө болуп, түшүнүксүз болуп калган. Жасаган иштери, баяндамасы Акыйкатчы институтундай эмес, бейөкмөт уюмдай таасир калтырып жатат.

Мына ушундай эле маанидеги пикирин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана башка депутаттар билдирди.

Ошентип акыйкатчынын баяндамасын негизинен КСДП фракциясы жана бийликке жакын депутаттар сынга алып чыгышты. Бул түшүнүктүү. Анткени акыйкатчынын Саруу айылынын тургундары кыйноого алынышы жана оппозиция лидерлеринин камалышы боюнча билдирүүлөрү бийликтин нааразылыгын жараткан.

10-апрелдеги оппозициянын митинги учурунда адамдардын кармалуусу боюнча акыйкатчынын позициясы жана сыны эми аны кызматтан алуу аракетине алып келди. Кыйноолор боюнча фактыга Башкы прокуратуранын реакциясынын жоктугуна байланыштуу акыйкатчы сотко кайрылган. Сот акыйкатчынын пайдасына чечим чыгарган. Башкы прокуратура буга акыйкатчынын жакын тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага каршы кылмыш ишин козгоо менен жооп бергендей болду.

Парламентте акыйкатчынын баяндамасын кабыл алуу маселеси добушка коюулуп, жыйынга катышкан 98 депутаттын 54ү кабыл алынсын деп добушун берди. Бирок добуш берүүдөн кийин пикир келишпестиктер чыгып, баяндама боюнча токтом долбоору комитеттерге жиберилди.

Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова акыйкатчы менен Жогорку Кеңештин ортосунда түзүлгөн абалга карата мындай баасын берди:

- Парламент бир кишини кызматка коюп жаткандан кийин ага жоопкерчилиги болуш керек. Алар ишеним көрсөтүп жатышат да. Бизде жоопкерчилик жок болууда. Ошондуктан алар кандайдыр бир саясий же башка, колунан кармап албагандан кийин айта албаймын, бирок ошондой бир кызыкчылыктарды көздөп шайлап алышат дагы, шайланып бүткөндөн кийин иш бүттү дегенсип, сындап башташат. Акыйкатчы азыркы кезде кандайдыр бир иштерди жасаганга деле жетише элек. Же бүгүнкү күнү кийинки күнү жемиш бере турган кандай кадам жасады экен деген маселени коюштун ордуна сындап башташты. Азыркы кезде депутаттардын жасап жаткандары туура эмес деп эсептеймин. Бул жасалып жаткан нерселер жоопкерчилик жоктугунан келип чыгууда.

Политология илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбеков:

- Менимче, прокуратура кызматынын саясий бийликтеги адамдардын айланасында эле алпурушуп, жөнөкөй адамдардын укуктарынын бузулушуна көңүл бурбай жатканы чындыкка дал келет деп ойлоймун. Ушул жагынан алганда, бийликтин кайсы бутагы болбосун, бардык маселени ортого салып айтып туруш акыйкатчынын милдети. Чычалабай эле туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп эле жооп бериш керек эле. Анан булар туугандыгына, башкасына өтүп, жеке маселелерге өтүп кетип жатышпайбы. Коюлган маселенин өзүнө эле жооп бергенди үйрөнсөк жакшы болот эле.

Бакыт Орунбековдун пикиринде, мына ушундай маселелер каралганда Кыргызстанда саясий, партиялык, фракциялык кызыкчылыктар үстөмдүк кылып кетүүдө.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев ондогон талапкерлер ичинен, ошонун ичинде бийликтин талапкерлеринин ичинен жеңишке жетишкенде эле бийлик тарабынан “жат” катары кабылданганы маалым. Бул ошол мезгилден бери президент акыйкатчыны кабыл албай келатышынан да көрүнүп турат.

Оторбаевди "оодаруу" сунушу чыга баштады

Ээрге отурганына эки жума боло элек Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн кызматтан кетирүү талабы чыга баштады. Өкмөттү кетирүү мүмкүнчүлүгүн биринчи жолу Улуттук кеңештин жыйынында президент кыйытты. Ал биометрикалык каттоо үчүн 260 млн. сом таппаганы үчүн өкмөттү кескин сынга алып, шайлоонун жаман өтүшү аларды эл душманына айлантуу мүмкүнчүлүгүн эскертти. “Ата Мекендин” өкүлү башкарган өкмөткө президенттин мамилеси кандай болорун мына ушул учур көрсөтүп кетти.

Өкмөттү кызматтан кетирүү маселеси оппозициялык “Ата-Журт” фракциясыны жума күнкү жыйынында да көтөрүлдү. Фракция энергетика тармагында оор абал түзүлдү деп ага өкмөттү күнөөлөдү.

Энергетика тармагында чыныдыгында эле оор абал түзүлүүдө. Бир жагынан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кески төмөндөп, азыркы кезге карай 8.5 млрд. куб метрдин тегерегинде суу калууда. Былтыр ушул мезгилге карай 11 млрд. куб метрден ашык суу болгон. Экинчи жагынан, Токтогул суу сактагычына быйылкы жылы өткөн жылдагыдан 21% суу аз келери божолдонууда.

Кырдаалдын татаалдыгына байланыштуу жаз-жай айларында Тажикстандан электр энергиясын сатып алуу жана экспортко тыюу салуу жагы каралып жатканын Энергетика жана өнөр жай министри билдирген.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттарын Бишкек жылуулук борборунун жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин күрөөгө коюлушу, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушунун кымбатташы жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун кечеңдеп жатышы да тынчсыздандырды.

Бирок энергетика өкмөттүн алдында орчун маселе катары чыга элек. Анткени эшикте жаз. Ал эми күз, кыш айлары жакындап, көмүр, карамай, газ сатып алууга каражат издемей башталганда абалдын канчалык оор экени оркоюп көрүнмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG