Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Парламент өкмөт курамын бекитти


Жоомарт Оторбаев жаңы өкмөттүн курамы менен, 2-апрель, 2014-жыл
Жоомарт Оторбаев жаңы өкмөттүн курамы менен, 2-апрель, 2014-жыл

Бейшемби күнү кечке жуук Жогорку Кеңеш Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын бекитти.

Жаңы түзүлгөн көпчүлүктүн коалициясы Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөттүн курамын, программасын жана түзүмүн бекиткенден кийин сунушталган кадрлар Жогорку Кеңештин сынынан өттү.

Премьер-министрлик кызматка талапкер Жоомарт Оторбаев парламенттин жалпы жыйынында өзүнүн программасын айтып берди. Ал биринчи кезекте катардагы жарандардын ишенимине ээ болуу маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле Оторбаев өкмөт башчылык кызматта аброюн булгабай иштей турганын билдирди.

Ал эми коопсуздук боюнча вице-премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкер Абдырахман Маматалиев жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн коопсуздук жаатындагы негизги приоритети чек ара маселеси болорун билдирди.

Анын айтымында, экинчиден, чек ара аймагында жашаган элдик коопсуздугу, үчүнчүдөн, күч түзүмдөрүн бекемдөө, ал жактагы коррупцияны жоюу жана төртүнчүдөн, өлкөдөгү улут аралык ынтымакты бекемдөөгө негизги көңүл бурулмакчы.


Социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке талапкер Элвира Сариева Кыргызстандын жаңы өкмөтү үчүн социалдык тармактагы негизги маселе билим берүү системасы болорун билдирди. Ал ушу тапта 30 миңден ашуун бала мектепке барбай жүргөнүн, 6-7 жаштагы бөбөктөрдүн 15% үчүн мектепке чейинки даярдыктан өтүү шарты түзүлбөгөнүн билдирди. Ал эми саламаттыкты сактоо системасынын негизги көйгөйү катары иш мобилдүү уюшулбагандыктан бул тармакка бөлүнгөн каражат натыйжасын бербей жатканын атады.

Талиева сунушталган кызматка татыктуубу?

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында үч фракциядан түзүлгөн "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясынын жаңы өкмөттүн курамын бекитүү боюнча 2-апрелде өткөн жыйынында айрым кадрлардын дарегине сын арбын айтылды.

Алардын бири - жаңы өкмөттүн курамында маданият жана маалымат министри кызматына сунушталып жаткан Камила Талиева. Депутаттардын айтымында, Талиева вице-премьер-министр болуп иштеген бир жыл ичинде пикир келишпестиктен улам 12 жолу жардамчысын, 15 жолу катчысын алмаштырган. Кол алдында иштеген кыз-келиндерди оозго алгыс сөздөр менен тилдеген.

ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева коалиция жыйынында Талиеванын талапкерлигине караманча-каршы экенин билдирип, аны ички маданияты төмөн кызматкер деп баалады. Мындай баа берүүгө өзү жетектеген комитетке өкмөттүн аппарат кызматкерлеринен 8 пункттан турган каттын келип түшүшү себеп болгон. Алтыбаева аталган каттын мазмунун “Азаттыкка” мындайча айтып берди:
Камила Талиева.
Камила Талиева.
- Талиева 2012-2013-жылы вице-премьер-министр болуп иштегенде күндүз жумушка келген эмес. Кечинде келип алып кол алдындагы кызматкерлерди да иштөөгө мажбурлаган. Алар жумуштан кечки 9дан кийин гана бошогон. Болбосо ошол жумуштарды күндүз деле жасоого мүмкүн эле. Анын ишинде система деген түшүнүк жок болгондуктан кол алдындагы кызматкерлер бат-бат алмашып турган. 2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын октябрына чейин эле 12 жардамчыны, 15 катчыны иштен кетирип, айдоочуларын бир нече жолу алмаштырган.

Оторбаев: “Талиева өз ишин билет”

Деген менен өкмөт башчылыкка көпчүлүк коалиция тарабынан талапкерлиги бекиген Жоомарт Оторбаев бул сындарга кошулбайт. Оторбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Талиеваны өз ишин билген адис деп баалады.

- Камила Талиева биздин мамлекет үчүн белгилүү адис. Ал саясатчы, буга чейин өлкөдөгү социалдык блокту жетектеп келген. Вице-премьер-министр болуп турганда маданият тармагын да көзөмөлдөп турган. Ошон үчүн бул тармакты жакшы билет деп ишенем. Маданият тармагында реформа жасаганга анын деңгээли жетет, алдыга сүйрөйт. Ишинин жыйынтыгына жакында күбө болобуз.
Оторбаев: Талиева өз ишин билет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Оторбаев жаңы сунушталып жаткан өкмөт курамындагы кадрлардын дээрлик алмашпаганын мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган иштерди улантуу максатында деп чечмеледи.

"Мамлекетүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясы бекиткен тизмеге ылайык, 4 вице-премьер-министрдин жана эки министрдин орду жаңыланды. Биринчи вице-премьерликке Тайырбек Сарпашев, экономика боюнча вице-премьерликке Кыргызстандагы немистер коомунун төрагасы Валерий Диль, социалдык блок боюнча вицеликке шаардык кеңештин депутаты Элвира Сариева жана коопсуздук боюнча вице-премьердин орунбасарлыгына убагында гимндин бир куплетин кыскартуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектеп, элге таанылган "арнамысчы" депутат Абдрахман Маматалиев көрсөтүлдү.

Фракциядагы кызмат талаш

Ал арада фракциялардагы кызмат үчүн талаш-тартыштар ачыкка чыгууда. КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина биринчи вице-премьер-министрлик кызмат 1-апрелде өткөн фракция жыйынында бүйүр кызыткан талашка түшүп, депутаттар бирин-бири сабаганга чейин барганын айтып чыкты.

Карамушкинанын маалыматына таянсак, биринчи вицени жумшак рейтинг боюнча шайлоодо Сарпашев 9 добуш алса энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 11 добуш менен жеңип чыккан. Шайлоо жыйынтыгы ойдогудай болбой калганда Сарпашевди жактаган депутаттар Акылбек Султанов баш болгон эл өкүлдөрү Артыкбаевдин жактоочуларына кол көтөргөнгө чейин барган. Бул маалыматты кесиптештери тарабынан кысымга кабылган Ирина Карамушкина “Азаттыкка” тастыктады.
Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.
- Башында шайлоо ачык эле өттү. Жыйынтыгында талапкерлердин бири алдыга озуп чыкты. Өздөрүнө жакпаган жыйынтыкты көргөн айрым кесиптештерим аймактык, кландык жана жеке кызыкчылыктар менен айрым депутаттарга кол көтөргөнгө чейин барышты. Мына ушундай жол менен өздөрүнүн оюн таңуулап, биздин чечимди тепсешти. Ошентип биринчи вицеликке принцип же демократия каалаган талапкер эмес, кимдир бирөөлөргө ыңгайлуу адам шайланды.

Мына ушул көпчүлүк коалиция бекиткен жаңы өкмөттүн курамы жана түзүмү 3-апрелде парламенттин жалпы жыйынында добушка коюлат.

Буга чейин коалицияга кирген фракция башчылары өкмөт курамында өзгөрүү болбосун айтышкан. Бирок ага карабай парламентте саясий оюндар болуп жатканын, “Ар-намыс” фракциясы да ушунун айынан ыйкы-тыйкы болуп жатканын Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Осмоналиев 2-апрелде "Азаттыкка" берген маегинде билдирди:

- Мен да муну саясий оюн катары көрүп калдым. Себеби бул жерде коалицияга кирген фракциялардын лидерлери эки жолу так эмес маалымат беришти. Биринчиден, эч кандай өзгөрүү болбойт деп айтышты. Бирок кечээ кайрадан "улак тартыш" болуп, мушташууга чейин барышты. Биздин фракцияда да депутаттар өз ара ыйкы-тыйкы болуп атышат. Ушул нерселер мунун баары саясий оюн экенин ырастап койду.

“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы 31-мартта түзүлгөн. Парламенттеги башкаруучу коалицияга КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кирген. Аталган фракциялар мурдагы "Ырыс алды - ынтымак" башкаруучу коалициясынын курамында болушкан.

"Ырыс алды - ынтымак" башкаруучу коалициясы 18-мартта "Ата Мекен" фракциясы анын курамынан чыккандан кийин ыдыраган. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев бул кадамга мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишиндеги кемчиликтер себеп болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG