- Бул мыйзам долбоорго президенттин бардык ыйгарым укуктары бириктирилип жаткан экен. Эмнеден улам мындай зарылчылык чыкты?
- Албетте зарылчылык бар болчу. Анткени жаңы Конституциядан кийин президенттин укуктары, милдеттери, башка бийлик бутактары менен болгон алака-катыштары так жана даана көрсөтүлүшү зарыл. Ушул нерсенин жоктугунан улам бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыштар пайда болуп, кээде парламент менен президент, парламент менен аткаруу бийлиги укуктарын талашып-тартышып жатат. Бул болсо өлкөдөгү туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын баарыбыз жакшы билебиз.
Ошондуктан ушул нерселерди жөнгө салуу үчүн ар ким өзүнүн милдеттерин, укуктарын так билип, ошого жараша иш жүргүзүш үчүн ушундай демилге көтөрдүк.
Андан сырткары бул мыйзамга президенттин антын киргизишибиз керек. Анткени мурдага Баш мыйзамда президентин анты бар болчу, азыркыда жок. Алдыдагы шайлоодон кийин келген президент эл алдында ант бериш керек.
- Анттын текстин ким жазып атат?
- Албетте президенттин антынын мурдатан келаткан үлгүсү, тексти бар. Ошонун негизинде жана президентти эл шайлап аткандан кийин ошого ылайыкталып даярдалат.
- Президент Роза Отунбаева сырткы саясатты ким жүргүзөрү анык белгиленбей калган деп айтты эле. Бул да эске алынса керек?
- Биз муну көрсөттүк. Президент сөзсүз түрдө премьер-министр менен макулдашып кол коё турган документтерди белгиледик. Бирок анда кемчиликтер, мүчүлүштүктөр болбосун деп коомчулуктун талкуусуна коюп жатабыз. Ошол жерден да эксперттер, мыйзамга кызыкдар тараптар өздөрүнүн сунуштарын, пикирлерин билдириш керек. Ошол толуктоолордон кийин гана акыркы вариантын Жогорку Кеңеш өзүнүн отурумунда карайт.
- Мыйзам долбоордо мамлекет башчынын жаңы милдеттери да пайда болду деп айтылган экен. Бул кандай милдеттер?
- Жаңы милдеттер деле эмес, Конституциядан келип чыгып, арабөк болуп калган, кимге так тиешелүү экени билинбеген нерселер айтылды. Андан сырткары башкы командачы катары кайсы куралдуу күчтөрдү карайт, чиндерди ким бере алат? Ушул нерселердин бардыгын тактап, деталдап көрсөттүк.
- Коомдун талкуусуна коюлуп аткан мыйзам долбоордо бардыгынын вазийпаларын чектеп көрсөттүк деп атасыз. Бирок азыркы учурду алсак президенттикке талапкерлердин бардыгы эле "президент болсом аны кылам, муну кылам" деп өз ыйгарым укуктарына кирбеген маселелерге убада берип атпайбы?
- Ал талапкерлердин жоопкерчилиги, өздөрүнүн абийири. Анткени бардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек. Анын ичинде президент да мыйзам чегинен чыга албайт.
- Маегиңизге рахмат.