Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Президент − спикер айтышы уланууда


Бийлик бутактарынын ортосундагы карама-каршылыктар шайлоо алдында кооптуу кырдаал түзбөйбү?

Мындан сырткары “Ата-Журт” фракциясынан депутат Садыр Жапаров "жоопкерчиликсиз кадамдары үчүн" президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү. Бирок президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев мамлекет башчысын айыптаганга негиз жоктугун билдирди.

“Төр талаш”

Президент Роза Отунбаева Жогорку Сотко мүчөлүккө талапкерлер боюнча каршы пикирин чакыртып алганын Сотторду тандоо кеңешине билдирген. Ошондой эле ал "Сотторду тандоо кеңеши тууралуу" мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү оңдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн эскерткен. Мындай кадам 6-октябрь күнү Сотторду тандоо кеңешинин таркашына алып келди.

Парламент жетекчилиги президент өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетти деп сындады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков "президент өзү үчүн ыңгайсыз талапкерлерди башкы сот корпусуна келтирбөө үчүн ушундай кадамга барды" деп айыптады:

- Президент кайсы мыйзамдын негизинде артка чакыртып алды? Андай чара бир дагы мыйзамда жок. "Комитет төрайымы Галина Скрипкинанын катына ылайык, мен артка чакыртып алдым" дейт. Андан кийин Сотторду тандоо кеңешинен өзүнүн катын кайтарып алыптыр. Бул эмне деген сабатсыздык? Анан “Сотторду тандоо кеңеши боюнча мыйзамды менин жарлыгым менен түзүлгөн атайын жумушчу топ кайрадан карап чыгат” дейт. Баш мыйзам боюнча президенттен мыйзам чыгаруу демилгеси алынып салынган. Анан ал эмнени айтып жатат? Бул - мыйзамдуулукту тебелөө.

Импичмент демилгеси

Буга удаа эле Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Садыр Жапаров президент буга чейин да бир нече жолу жоопкерчиликсиз кадамдарга барганын мисал келтирди. Ал "президент бийликтеги кайсы бир саясий күчкө көз каранды абалда калды" деп айыптап, мамлекет башчыга импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү:

- Президенттин аппарат жетекчисин кызматтан алуу тууралуу токтомду көпчүлүк добуш менен бекитип жөнөткөн элек. Бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок. Себеби булардын ичкен-жегени апрель окуясынан бери бир болуп калган. Миллиондогон долларларды бирге бөлүштүрүшкөн. Ошондуктан ал кишини кетирбей отурат. Президентти кызматтан четтетүү боюнча парламент чечим кабыл алышы керек. Буга Баш мыйзам бизге укук берет. Ага мындан башка дагы толгон-токой негиздер турат. Алардын бири - Ош окуясы. Бир канча ирет кырдаал курчуп бара жатат деген эскертүүлөргө карабастан Роза Отунбаева эч кандай чара көргөн эмес.

Данияр Нарымбаев, Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү
Данияр Нарымбаев, Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү
Президенттин парламенттеги өкүлү маселени атайын саясатташтыруу аракети жүрүп жатат деп мүнөздөп, мунун бардыгы "Сотторду тандоо кеңеши тууралуу" мыйзамдагы алешемдиктерден улам келип чыкканын айтты.

Данияр Нарынбаев мамлекет башчыга импичмент жарыялоого негиз жок деп эсептейт:

- Эгерде ал депутат ушул демилгесин андан ары жылдырам десе, анын атайын аныкталган тиешелүү эрежеси бар. Ошого жараша карап көрөлү. Бирок мен буга негиз болчу кандайдыр бир жагдайларды көрбөй турам. Оштогу былтыркы окуяларды, Сотторду тандоо кеңеши боюнча маселени айтып жатат. Мунун бардыгы мына ошондой демилге көтөргөнгө негиз боло албайт.

Шайлоо алдындагы жүрүштөрбү?

Буга чейин Жогорку Кеңеш "өткөн жылкы ажы сапарын уюштуруудагы көмүскө иштерге катышы болгон" деген негиз менен президенттин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаевди кызматтан кетирүүнү сунуштаган токтом кабыл алган. Бирок аталган токтом боюнча президент азыркыга чейин үн ката элек.

Президенттин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев “Азаттыкка” ал токтомду аткарууга негиз болчу далилдер жоктугун айтты:

- Айта беришет. Анын сөздөрүнө жооп берип жатып деле жададым. Мына ошол токтом деле ошол эле парламенттегилердин интригасы болуп жатат. Мына ошол токтомго негиз болчу кандайдыр бир документ, же болбосо кандайдыр бир конкреттүү фактылар бар бекен деп сурабайсыңарбы?

Кубатбек Кожоналиев
Кубатбек Кожоналиев
Серепчилер президент менен парламент жетекчилигинин ортосундагы тирешүүнү шайлоонун алдындагы саясий кызыл кулактык катары баалашууда. Укук таануучу Кубатбек Кожоналиев бийлик ресурстарын талашып, тирешкен эки тарап тең жеке кызыкчылыктардан чыга албай жатат деп мүнөздөдү:

- Булардын тирешкенинин бир себеби - алдыдагы шайлоо маселеси болуп жатат. Анткени бардык жагдайларга соттор аркылуу чекит койдурабыз деген түшүнүк менен бул маселенин айланасында кармаш жүрүп жатат. Сотторго болушунча көбүрөөк өздөрүнүн адамдарын койуш керек болуп жатат. Мына ошол соттор мыйзамдуулукка эмес, ошол эки тараптын биринин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек. Ушул ресурс үчүн болуп жаткан талаш. Каптагаев боюнча деле ошондой. Президент буга бир нерсе деп жооп бериш керек болчу. Эгерде Каптагаев ак болсо, анда парламент өзүнүн чыгарган чечимине жооп берсин.

Талдоочулар бийлик топторунун өз ара карама-каршылыктары күчөп кетсе, анын аягы саясий кризиске алып келбейби деп чочулашууда. Мындай абал айрыкча шайлоонун алдында кооптуу экендиги эскертилди.

XS
SM
MD
LG