Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Арак бизнесиндеги кызыкчылык


Бүгүн "Ачык сөз", "ПолитКлиника" жана "Азия ньюс" гезиттери жарык көрдү.

"Ачык сөз" гезити "Жаштар келсин бийлик башына" деген, "Убактылуу өкмөттүн кимиси байыды?" деген, "Алыста оокатын кылып жүргөн мигранттарды саясатка аралаштырбагыла" деген, Жора Сулаймановдун "Кесиптешибиздин жыйнагы" деген макаласын, "Күндөлүктөн чырт этме" деген баянды жана белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбековдун жаңы романынын уландысын жарыялады.

"ПолитКлиника" гезити бул санын "Бишкекте сөөк коюу үчүн жер канча сом?" деген баштема менен ачты. Гезит "акылдуу эсептегичтер" акылсыз жоруктарды жасаганын, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адил Турдукуловду Эркин Мамбеталиевге 50 миң сом төлөөгө милдеттендиргенин, Садыр Жапаров бир жумадан кийин кайрадан №1 тергөө абагына которулушу мүмкүн экенин, парламент жеңилдетилген насыя үстөгүн жети процентке чейин түшүрүүнү колдогонун, белгилүү журналист Чолпон Орозобекова Женевадагы Булан институтун жетектеп жатканын кабарлады.

Кымбат Турдубекованын макаласы "Өмүрбек Бабанов жебеген самсы, байлык, биринчи миллион, күрөш тууралуу" деген ат менен жарык көрдү. Ушул эле автор экинчи макаласында маркумдарды жайына коюу маселесин жазып, айрым көрүстөндөрдүн баасы канча сом турарын териштирди. Саясатчы Элмира Ибраимова маегин "Бийлик менен оппозициянын мамилеси чыңалууда. Абалды бийлик курчутуп жатат" деп бийликти сынга алды. Эмилбек Каптагаевдин "Референдум сабактары" уланууда. Булардан сырткары журналист Жеңишбек Эдигеевдин жакшы адамдар тууралуу макаласын окуйсуздар.

"Азия ньюс" гезити Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун "Жети өкмөт алмашты, бир да жолу кызматымда калууну суранган жокмун" деген маегин, энергетик Расул Умбеталиевдин "Казакстанга электр энергиясын сатуу менен 3,5 миллиард сом пайда көрсөк болот" деген маегин, "Аалам" партиясынын лидери Арсланбек Малиевдин "Көчмөндөр оюну - кыргыз элинин таянычы" деген маегин, Акыл Бусурмановдун "Шакинин арак бизнесине байланыштуу кызыкчылыктары ишке ашуудабы?" деген макаласын, илимдин доктору, белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратовдун "Адабият менен алпурушкан не бир алптардын сөөгү сөпөт болсо да, сөзү калды" деген маегин басып чыкты.

Журналист Сурат Жылкычиевдин белгилүү окумуштуу Кусейин Исаев менен маеги "Бостериден мыктылар көп чыкты, сыры эмнеде?" деген ат менен тартууланды. Журналист Жамила Нурмамбетованын макаласы "Эркектер сакал өстүрүп, кыздар хиджаб кийиши керек деген жоруктан качан арылабыз?" деген ат менен жарыяланып, бул боюнча айрым адистердин ойлоруна орун берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG