Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Борбор Азияны бийлеген тууганчылык


Тажик президенти Рахмон уулу менен.
Тажик президенти Рахмон уулу менен.

Эмомали Рахмондун уулу Дүйшөмбүнүн парламентине 85 пайыз добуш менен өттү, Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы президенттин коопсуздугун башкарат, ал эми Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Орусияда медицина боюнча ири долбоорлорду колго алды.

EurAsia Daily басылмасы тажик президенти Эмомали Рахмондун уулу Дүйшөмбүнүн парламентине 85 пайыз добуш менен өткөнүн жазды. Жыл башынан бери атасынын жарлыгы менен Рустам Эмомали Дүйшөмбүнүн мэринин кызматын убактылуу аткарып келген. Ага чейин Тажикстандын баш калаасын 19 жыл бою Махмадсаид Убайдуллоев башкарган.

Рустам Эмомали эми Дүйшөмбүнүн парламентине депутаттыкка өтүп, мэрдик кызматка отурууга мүмкүндүк алганы айтылат. Буга президенттин жарлыгы эле керек болот. Ал эми Демократиялык жана Агрардык партиядан президенттин уулуна атаандаш чыккан талапкерлер тиешелүү шайлоо округунда 2-8 пайыздан эле добуш алганы кошумчаланат.

Сердар Бердымухаммедовду куттуктоо
Сердар Бердымухаммедовду куттуктоо

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар мыйзам чыгаруу боюнча парламенттик комитеттин жетекчилик кызматына отургузулган. Анын жетекчилиги астында “Жеке жашоо боюнча маалымат жана аны коргоо” мыйзам долбоору кабыл алынган.

EurAsia Daily "Түркмөнстандын Баш мыйзамы жарандардын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна кол тийбестикти кепилдик кылат" деп жазды. Телефон аркылуу сүйлөшүү, кат алмашуулар толугу бойдон жашыруун калышы шарт. Ал эми Сердар Бердымухаммедов Орусияда Дипломатиялык академияны аяктап, Түркмөнстандагы Ресурстарды башкаруу жана колдонуу боюнча Мамлекеттик агенттикте иштеген. 2014-жылы Илимдер академиясын кандидаттык диссертациясын жактап, техникалык илимдердин доктору наамын алган. Былтыртан бери ал түркмөн парламентинде депутат.

EurAsia Daily ошондой эле "Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз коопсуздугун кичүү күйөө баласынын колуна тапшырды" деп жазды. Макалада Мирзиёевдин Казакстан менен Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарларында аны жанында күйөө баласы Отабек Шаханов коштоп жүргөнү айтылат. Бир катар өзбекстандык басылмалар Мирзиёев кызынын күйөөсүн январдын башында эле президенттин коопсуздук кызматына жетекчи орун басары кылып дайындаганын жазып чыгышкан. Бирок маалыматты расмий Ташкент ырастаган эмес.

Тимур Кулибаев
Тимур Кулибаев

Ведомости басылмасы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Москванын медицина рыногуна чыгууда деп жазды. Макалада Динара Назарбаеванын күйөөсү Тимур Кулибаевге тиешелүү Emdeu Group компаниясы Орусияда медициналык кызмат көрсөтүүчү жеке клиникаларды кура баштаганы баяндалат.

Emdeu Group башка Clinic Management Group ишканасы менен “Ильинская больница” деген жогорку технологиялык медициналык борборлордун курулушун колго алган. Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Казакстанда Элдик банктын 73 пайызын ээлеп, андан башка “Кипрос”, “Каспий нефть” жана “Меркурий Проперти” деген ири компаниялары бар экени айтылат. Forbes журналы анын байлыгын 2,1 миллиард долларга баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG