Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Жатак абактагылардын жарымынан көбү издөөдө


Мунапыска илинген, же катуу ооруга чалдыккан адамдар жатак абакка которуу сунушу менен кайрыла алат.
Мунапыска илинген, же катуу ооруга чалдыккан адамдар жатак абакка которуу сунушу менен кайрыла алат.

Кыргызстанда жатак абакка чыгарылгандардын 60 пайызы издөөдө жүрөт. Акмат Бакиев да жатак абакка чыгарылгандан кийин качып кеткен.

Ошондон кийин жатак абактарды жаап салуу сунуштары айтылып жатат. Жатак абак, башкача айтканда колония поселение деген эмне?

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, өткөн жылы 7 жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиевдин 3-мартта жатак абактан качып кетиши коомчулукта түрдүү суроолорду жаратты. Аталган окуя парламентте талкууланганда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Анвар Артыков бул көрүнүштү мындайча баалады:

- Мамлекет бир адамды көзөмөлгө алып кармап отура албайбы? Жатак абактардагы 1200 адам качып жүргөн экен. Ушул үчүн бир дагы адам жооп берген эмес. Биз эмне деген мамлекет болуп калдык, каалаган адам кирип, каалаган адам чыгып?

Акмат Бакиев
Акмат Бакиев
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, мыйзам боюнча жатак абактагы адам кайтарууга алынбайт, бирок аптасына бир жолу келип катталып, дайын-дарегин билдирип турууга милдеттүү. Бул деген соттолгон адам өз үйүндө жүрө берүүгө, мүмкүнчүлүгү болсо иштөөгө укугу бар дегенди түшүндүрөт. Бирок жатак абакка которулган адам биринчи 10 күн эч кайда чыкпай кайтарууда болот. Депутаттардын ишениминде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Акмат Бакиевдин качып кетишине көмөктөшкөн.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев:

- Жатак абакта тартип жоктугун эң сонун билгенсиңер. Ага мисал катары миңден ашык кишинин качып жүргөнүн айтсак болот. Буга силердин күчүңөр жетпейт. Анан эмне үчүн өтүнүч келтирип, жатак абакка котордуңар?

Жатак абактарды жабуу керекпи?

Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Акмат Бакиевдин качышына тиешеси жоктугун, болгону моралдык күнөөлөрү бар экенин айтышууда. Анткен менен белгилүү болгондой, соттолуп, жатак абакка которулгандардын саны өлкө боюнча 2190 адам болсо, алардын ичинен 1260 адам качып жүрөт.

Депутаттар да ушундай көрүнүш болуп туруп, Акмат Бакиев кантип жатак абакка которулду деген суроо коюшууда. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жаза мөөнөтү кыскарган, мунапыска илинген, жаза мөөнөтү аяктап калган же катуу ооруга чалдыккан адамдар жатак абакка которуу сунушу менен кайрылууга укугу бар экендигин билдиришүүдө. Ал эми чечимди сот органдары кабыл алат.

№27 түзөтүү абагынын жетекчиси Талант Акматов колония жетекчилери акча алып, жатак абакка чыгарып жиберет деген дооматтарды четке какты.

- Соттолгон адам жатак абакта мөөнөтүнүн жарымын отуруш керек. Ушул сыяктуу болуп мөөнөттөрүн өтөп, кыскаргандарды гана сунуштай алабыз. Мыйзамга дал келгендердин гана документтерин жибере алабыз. Аларды прокуратура карап, анан сот чечим чыгарат.

Анткен менен депутаттар жатак абактар өзүн актабай калганын, аларды жабуу зарылдыгын да билдиришти. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбек парламентте буларды билдирди:

- Ушулардын айынан канчасы чыгып кетти. Жөнөкөй адамдардын балдары болсо баары отурат. Жатак абактарды жабыш керек. Жатак абактар акчалуу адамдардын жем баштыгы болуп калган.

Башкы көйгөй - иштин жоктугу

Кыргызстан боюнча 14 жатак абак бар. Саясий жана аскер иштери боюнча талдоочу Токтогул Какчекеев жатак абактарды жоюп салууга болбойт, бирок аларды түп тамырынан бери өзгөртүш керек деп эсептейт.

- Жатак абакта соттолгон адамдарды жарандык турмушка даярдашат. Башкача айтканда, алар элдин арасына аралашып калат. Бирок бизде социалдык-психологиялык иштер жүрбөгөндүктөн ушундай жаман көрүнүштөр болуп жатат. Бизде азыр жатак абак - сайрандоо орду болуп калды.

Адистердин айтымында, союз мезгилинде жатак абактагылар жумуш менен камсыздалган. Акыйкатчы Турсунбек Акун жатак абактардан качкандардын көптүгүн жумуштун жоктугу менен түшүндүрдү.

- Жатак абак эмне үчүн жаман, эмне үчүн андан адамдар качып жатат? Анткени ал жакта шарт жок, андагылар иш менен камсыз болушкан эмес. Мен Финляндияга барып, алардын түрмөсүн көрүп келдим. Ал жакта жатак абактагыларды иштетиш үчүн ар кандай эмгек уюмдары менен чарбалык келишимдерге кол койот. Ошонун негизинде соттолгондор жумуштарын жасап берет. Мисалы, абактагылар 5 гектар жерди ээлеген чоң музейди кайра калыбына келтирип беришиптир. Ошонун негизинде айлык да, акчалай сыйлыктарды да алышкан.

Жазаларды аткаруу кызматынын билдиргенине караганда, жатак абакка которулуп, бирок дайын-дарегин билдирбей кеткендердин баарына издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG