Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 19:58

Башкы прокуратуранын 37 миллион сомго автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялаганы коомчулуктун сынына кабылды.

Бул акчага жалпысынан 46 машина сатып алуу пландалып жатат. Буга чейин Акыйкатчы институту кызматтык автоунаа алууга тендер жарыялап, коомчулуктун кызуу талкуусунан кийин машинага бөлүнө турган 1,5 млн. сомдон муктаж балдардын кызыкчылыгы үчүн баш тарткан.

Мамлекеттик сатып алуу департаменти жарыялаган маалымат боюнча, Башкы прокуратурага кызматтык автоунаа сатып алуу эки лотко бөлүнгөн.

Биринчи бөлүгүндө 36 млн. 750 миң сомдун 16 млн. сому колдонулуп, ага 25 машина сатып алуу пландалган. Экинчи лотто 21 млн. сомго 21 унаа сатып алынары белгиленген.

Сынакка катыша турган машиналардын техникалык параметрлерине караганда, Башкы прокуратура сатып алгысы келген машиналарга Hyundai Accent жана Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унаалар туура келерин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Кыргызстандын базарында бул унаалар жылына карап 20 миң долларга чейин бааланат. Жарандык активисттер өлкөнүн жыртык-тешигин бүтөй турган бир катар көйгөйлөр турганда мындай тендерди жарыялоо туура эмес деп эсептешет. Бул элден түшкөн салыкты максатсыз пайдаланууга барабар экенин айткан "Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков ал жетектеген уюм аталган мекемелерден сынактан баш тартууну талап кыларын "Азаттык" радиосуна айтты:

Мавлян Аскарбеков, "Эркин эл" саясий партиясынын жетекчиси
Мавлян Аскарбеков, "Эркин эл" саясий партиясынын жетекчиси

- Биз бийлик соңку жылдары жалаң күч органдарына колдоо көрсөтүп жатканын көрүп турабыз. "Ички иштер органдарына реформа жүргүзөбүз" деп жүздөгөн автоунаа, эмерек алып берди. Ошол эле прокуратуранын жаңы имаратына 2010-жылдан кийин эбегейсиз көп акча кетирген.

Бул чыгашалардын бардыгы, инаугурацияга кетчү 8 миллион сомдон ашуун акча бийликке аброй алып келбейт. Бул элдин акчасы максатсыз колдонулуп жатканын көрсөтүп жатат. Былтыр Башкы прокуратурада иштеген кызматкерлердин кандай автоунааларда жүргөнү тууралуу журналисттик иликтөө болгон. Аларды бардыгыбыз билебиз. Бардыгы эң кымбат жол тандабаста жүрүшөт.

Буга чейин Башкы прокуратура тендер тууралуу түшүндүрмө берип, бардык мыйзамдар сакталганын айткан. Көзөмөл органынын басма сөз катчысы Алмамбет Абдраманов прокуратура органдарынын машиналары 2006-жылдан бери жаңыртылбаганын белгиледи.

- Акыркы жолу прокуратура органдарына 2006-жылы машина алынган. Бул бир эле Башкы прокуратурага эмес, жалпы органга алынат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев машина сатып алуу боюнча сынак керек учурда жарыяландыбы же жокпу, аны тиешелүү органдар эсептеп чыгат деген пикирде:

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев

- Башкы прокурорду жакшы көрөбүзбү же жаман көрөбүзбү, прокуратура керектүү орган да. Ал мамлекеттик көзөмөл органы катары турушу керек, иштеши керек. Ал эми унаалар канчалык даражада керек, бүгүн керекпи - мен аны билбейм.

Буга чейин Акыйкатчы институту кызматтык унаа сатып алуу үчүн 1 млн. 577 миң сомдук тендер жарыялап, коомчулуктагы катуу сындан кийин андан баш тарткан. Башкы укук коргоочу Кубат Оторбаев бул каражатты муктаж балдардын жатак үйлөрүнүн кем-карчын толуктоого которууну өтүнүп каржы министри Адылбек Касымалиевге кат жолдогон. ​

Акыйкатчы институтунун басма сөз катчысы Апсамат Талантбек уулунун айтымында, жалпысынан бул мекемеге таандык 11 машина бар.

- Анын жетөө ар бир облустагы өкүлчүлүккө берилген. Борбордук аппаратка төрт машина карайт. Машиналардын эң эскиси 1991-жылкы, жаңысы 2007-жылкы. Анын абалы да начар.

Социалдык тармактар ушул тапта прокуратура органдарына караганда "Тез жардам" кызматы жаңы унааларга муктаж экенин жазып чыгышты. Аталган кызматтын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун айтымында, калктын санын эсептке алганда Бишкек шаарына 120дан ашуун машина керек болсо, учурда 38 гана "Тез жардам" унаасы иштеп жатат.

- Штат боюнча күнү-түнү 39 бригада иштеши керек. Азыр бизде 37-38 иштеп жатат. Негизи эсеп боюнча биздин шаарда 124 бригада иштеши керек. Фрунзе шаарында 540 миң кишиге 54 "Тез жардам" унаасы иштечү. Бүгүнкү күндө ФОМСтун эсеби боюнча Бишкекте катталган 1 млн. 224 киши бар. Эми бул унаанын санын 50гө жеткирели деген пландар бар.

Коомчулукта медициналык тез жардам кечиккени жана келбей калганы үчүн нааразы болгондор арбын. Шаяхметовдун айтымында, буга оболу кадрдын жетишпегени жана автоунаа сатып алууга каражаттын тартыштыгы себеп болуп жатат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG