Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

Мечиттеги ур-токмок териштирилип жатат


Окуя кайсы мечитте болгону белгисиз. Сүрөттө Кыргызстандын борбордук мечити.
Окуя кайсы мечитте болгону белгисиз. Сүрөттө Кыргызстандын борбордук мечити.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мечиттердин бириндеги ур-токмок тартылган деген видеотасма боюнча териштирүү баштады.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул окуяны арты жарашуу менен аяктаган эки адамдын гана өз ара пикир келишпестиги катары сыпаттап жатат.

Дем алыш күндөрү интернетке чыккан бул видеотасма айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты жана анда дааватчылар ортосунда териштирүү - тиреш болгон деген өңдүү жоромолдор айтылды.

Пикир келишпестик чырга себеп

Бир мүнөткө жетпеген видеодон мечиттин короосунда сүннөт кийимчен 20 чакты адам жүргөнүн, алардын ичинен олбурлуу, орто жаштагы бир адам жанындагылар токтотконуна карабай, башка бир адамды урганы, андан кийин экинчи адамга да кол көтөргөнүн көрүүгө болот. Видеодо кол көтөргөн адамга жанындагылар "Баатыр" деп кайрылып жатышканы да угулат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз өкүлү Максат Атабаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, бул окуя мындан бир ай мурун Чүйдөгү мечиттердин биринде болгон. Ал дааватчылар ортосундагы тиреш болгон деген өңдүү сөздөрдү жокко чыгарды. Мечитке келген жарандардын өз ара турмуштук пикир келишпестиктен чыккан чыр деп атады:

- Эки бир тууган уруша кетип, ачууга алдырып коюшкан экен. Ошол жерде турган башка бир туугандар, жергиликтүү эл аларды кайра жараштырып коюшкан. Азыр экөө тынч, баары эле жакшынакай. Өз ара пикир келишпестиктен улам эле чыр чыгып кетип ачууга алдырып коюшкан экен. Бирок аларды ошол жерден эле кайра жараштырышкан.

5-июль, 2016-жыл, Бишкек
5-июль, 2016-жыл, Бишкек

Кыргызстанда мечиттерде буга чейин мындай окуя ачыкка чыккан эмес. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов ур-токмок фактысын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү териштирип жатканын "Азаттыкка" айтып берди:

- Бул апрель айында болгон окуя экен. Бул боюнча эч ким убагында кайрылган эмес. Чүй облустук диний ишмерлер бул боюнча чараларды көргөн экен. Бирок анын видеосу чыгып кеткенине байланыштуу облустук ички иштер башкармалыктыктын 10-бөлүмү ошол окуяга тиешеси бар адамдарга, мечиттердин жетекчилерине, мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бүгүн бизге алар кандай иштер жасалды, бул окуяга катышкандар кимдер экени тууралуу толук маалымат берилет. Териштирүү иштеринен кийин сөзсүз чаралар көрүлөт.

Эксперт: "жаңы караларды" токтотуш керек

Дин маселелери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов бул окуя тыкыр иликтенип, чара көрүлүшү керек деген пикирге кошулат:

- Мечиттин ичинде болгон бул мушташ коом үчүн жаман нерсе. Ыймандын очогу болгон жайда ушундай жаман иш чыгып кеткени өтө начар көрүнүш. Бул окуяга муфтият катуу көңүл бөлүп, ошол мушташ чыгарган жааматка, же мечиттин имамына чара колдонушу керек. Диндин ичинде жаман көрүнүштөр болуп жатканда, радикализм, ар түрдүү жамаатташуу жараяны болгондо мындай окуялар муфтиятка аброй алып келбейт. Муфтият буга өтө кескин чараларды колдонушу керек.

Кыргызстанда буга чейин диний терроризм менен уюшма кылмыш топтор камыр-жумур болуп баратканы боюнча маселе көтөрүлгөн. Алардын байланышы эң ириде абактарда башталары айтылган жана мындан улам муфтият менен Жаза аткаруу кызматы бул жаатта биргеликте иш алып баруу тууралуу макулдашкан.

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Түрмө террорчулар уюгуна айландыбы?

Кыргызстандын №50 абак жайынан өтө оор кылмышка айыпталган адамдардын качып кетиши, алардын террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги бир топ кооптондурган суроолорго жем таштоодо.

"Азаттыктын" күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, мурда бир канча жолу соттолгон, оор кылмыш менен кесилген, кийин динди жамынып кылмыштуу иш-аракеттерин уланткан уюшма кылмыштуу топ мүчөлөрү бар жана алар “жаңы каралар” деп тергелет. Адатта алар мурункудай күч колдонуп, зордук, опуза менен акча сурабай, "көңүлүңдөн чыкканын - “хадия” бер" деп талап кылышат. Эксперт Канатбек Мурзахалилов бул агымды алдын алуу керек деген ойдо:

- Бул тенденция бир гана Кыргызстанда эмес, постсоветтик өлкөлөрдө, айрыкча Татарстанда өтө кеңири жайылып, ал жакта бийлик, муфтият буга катуу көңүл бөлүп "каралардын" динге кирип кетүүсүнүн алдын алышкан. Биз дагы ошол тажрыйбаны колдонуп, түрмөлөрдөгү радикализмдин алдын албасак бул коом үчүн өтө коркунучтуу. Динге байланышкан кичинекей эле нерсе чынжыр сыяктуу тез эле жайылып кетиши мүмкүн.

Кыргызстанда 2014-2020-жылдарга белгиленген дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган. Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы Коргоо кеңешинин жыйынында диний фанатизмди айыптаган жана ашкере исламдашуунун кесепеттерин эскерткен. Дин чөйрөсүндө улуттук кызыкчылык биринчи болушу керектигин билдирген:

12-сентябрь, 2016-жыл
12-сентябрь, 2016-жыл

- Адам сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Адам аны иштери, жүрөгүнүн тазалыгы, билими, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен далилдеши керек. Кыргыздар исламды өз менталитетине жараша, кулк-мүнөзүнө, жашоо-шартына, дүйнө таанымына ылайыкташтырып, байыртан өткөн тарыхый оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен акыл калчап, он өлчөп, бир кесип боюбузга сиңирген калкпыз. Бул жагдайда биз эч бир элди туурабаган, диний фанатизми жок, Алла Тааланын амирине моюн сунган эл элек. Эми ал жолубуздан адаштыргысы келгендер күчөгөндөн күчөп баратат. Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес. Мен айрым молдокелерге, саясатчыларга айткым келет: кыргыз элине бирөөнүн кийимин, бирөөнүн тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо сизге жаккан элге, өлкөлөргө барып жашагыла. Эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүйнөдө дайыма болооруна ишенебиз. Бирок ошол эле учурда биз кыргызбыз. Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз. Бул тилегибизди Алла Таала өзү колдоп, кыргызга эгемендик берди. Ошондуктан биз эл-жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарга даярбыз. Муну эч ким унутпасын!

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2700 мечит бар.

Атамбаев ашкере исламдашууну айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG