Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек - эң жогорку жаза - беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек.
Андыктан Жарандык коомдун колдоо борборлорунун бирикмеси Социалдык технологиялар агенттиги менен бирдикте “Үй-бүлөнү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамына толуктоолор киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Бүгүн зомбулукка каршы багытталган мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ бул жаңы мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди.
Аталган жумушчу топ өлкөнүн бардык аймактарында мониторинг жүргүзүп, зомбулукту жою боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып чыккан.
Гендер боюнча эксперт Анара Ниязова жыйында жумушчу топтун ишине токтолуп өттү.
- Биздин милдет – бул мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин бекемдөө жолдору кароо болчу. Биз өткөн жылдын этегинде жана бул жылдын башында Европа биримдигинин жана сорос-Кыргызстан корунун колдоосунда өлкөнүн ар кайсы дубандарындагы 5 шаарда бул долборду ишке ашыруу тажрыйбасын карап көрдү.
Кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө зордук-зомбулукка көп кабылып жатышы алар өз укуктарын билбегенинен жана бул жаттагы мыйзам тууралуу маалыматы жоктугунан дешет адистер.
Алалы, зомбулукка байланыштуу “Кызыл жарым ай коому” уюштурган соңку иликтөөлөргө ылайык өлкөнүн түштүк аймагында баш кошкон мусулмандардын 90 пайызы мамлекеттик каттодон өтпөй, нике кыюу менен гана чектелип жатат. Андыктан жыйында аялды зомбулуктан коргоо үчүн анын расмий түрдө никеге турушу талап экендиги айтылды.
Ошондой эле бүгүнкү жыйында зомбулукка каршы күрөштө ММКнын ролу тууралуу да сөз жүрдү.
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова маалымат каражаттарын адам укуктарына шек келтире турган салт санааларды үгүттөгөн адамдардын айткандарын жарыялабоого чакырып өттү. Рыскулова 22-июнда “Учур” гезитинде жарык көргөн “Дил-мүрөк” коомунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов менен уюштурулган маектен үзүндү окуп берди.
- “Аялга кол көтөрүү нормальный иш” – бул макаланын темасы. “Кыз ала качууга таптакыр каршы болгон туура эмес. Азыр Кыргызстанда кара далы кыздар көбөйүп кетти. Алар теңин таб алба, бузулуп кетип атат. Андыктан аларды ала качып, каалайбы-каалабайбы күйөөго бериш керек. Аялдарга кол көтөрөсүзбу деген суроого кээде кол көтөрөм. Аялдын шайтанын кагып туруш керек. Камчы илип койгом, бирок аны чанда-чанда колдоном” -дейт.
Үй-бүлөдөгү зомбулук Кыргызстандагы эң олутту көйгөйлөрдөн бири катары калууда.
ИИМдин билдирүүсүндө жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук айынан 8 минден 10 миңге чейин арыз түшүп турат.