Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Санпа окуясы: айыпталуучулар сотко ишенбейт


Санпа окуясы боюнча сот иши милициянын күчөтүлгөн кайтаруусунда өтүп жатат, 10-январь.
Санпа окуясы боюнча сот иши милициянын күчөтүлгөн кайтаруусунда өтүп жатат, 10-январь.

Жалал-Абадда кандуу Санпа окуясы боюнча апелляциялык арыздар карала баштады. Сот отуруму баштала электе эле кыйла ызы-чууну жаратты.

Облустук соттун Ноокен райсотунун имаратында өткөн бул отурумунда жабырлануучулар менен соттолуучулардын бир нече өтүнүчтөрү жана алардын облустук сотко кайрылган себептери талкууланды.

Карама-каршы арыздар

10- январда кечке жуук угузулган соттук баяндама боюнча, соттолуучулардын жактоочулары облустук соттон Санпа окуясы боюнча Сузак райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ал окуяга шектүү саналган айыпталуучуларга камакка байланышпаган жаза берүү жана алардын айрымдарын актап чыгарууну өтүнүшкөн.
Жабырлануучулар

Тескерисинче, былтыр 12-13- июнь күндөрү жакындарынан айрылгандар айыпталуучуларга мурда берилген жазаны күчүндө калтырууну суранышкан.
Өткөн жылдын декабрь айында райондук сот окуяга күнөөлүү деп тапкан 19 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен алардын 17син өмүр бою эркинен ажыратып, калган эки кишинин ар бирин 25 жылдан түрмөгө кескен болчу.

Облустук соттук коллегиянын кечээки олтурумунда бир нече өтүнүчтөр каралды. Атап айтканда айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын облустагы сотторго ишеним көрсөтпөө жана окуяга тиешелүү кылмыш ишин көз карандысыз сотто, болбосо, Бишкек шаары же Чүй, Ысык- Көл, Талас облустарынын биринде кароо тууралуу өтүнүчтөрү алардын арыз-даттанууларына кирише электе эле кыйла ызы-чууну жаратты.

Айыпталуучулардын нааразылыгы

Апелляциялык арызды карамак болгон облустук соттун курамына ишенбөөчүлүк билдирген себебин соттолуучу, милициянын ардагер полковниги Баходыр Жалалов өзүнө коюлган айыптар менен макул эместиги, айыпталуучулардын укугу бузулуп, өкүм негизсиз кабыл алынганы менен байланыштырды:
Айыпталуучулар сот залында

- Сузак райондук соту болгондо да биз тараптан күбөлөр киргизилген жок. Бир гана айыптоочу негизде ошондой өкүм чыкты. Бул сот да ошондой болот, Жалал-Абадда болуш керек эле бул сот, кайра бул тарапка алып келдиңер,бизди жактай турган бир да күбө келбейт.

Өмүр бою эркинен ажыратылган бул айыпталуучунун пикирин кубаттаган ардагер соттолуучу Усманжан Аблазов соттун бир жактуулугун белгилөө менен бирдей шарт түзүлбөй, өзүнүн күбөлөрү катыштырылбай турган болсо, сотко жооп берүүдөн жана ага катышуудан баш тартаарын билдирди:

- Мага отуз жети барак айыптоо жазыптыр, мен ал жерде болгон эмесмин, адам өлтүргөн эмесмин. Менин күбөлөрүмдү толугу менен камсыз кылсын. Ошондуктан Жалал-Абад облусунан башка аймакта сот болсун! Бирдей шарт түзүлсүн, ошондо биз кандай айып болсо да кабыл алганга даярбыз

Айыпталуучулардын мындай билдирүүлөрү өз кезегинде жабырлануучулардын каршылыгын пайда кылды. Окуя маалында Сузак районундагы пахта тазалоочу Санпа заводунун жанында Ош-Бишкек жолу менен таксиде жүрүп келаткан эжеси менен келини набыт болгон жабырлануучу Бакыт Арапов жана башкалар иштин Ноокен райондук сотунун имаратында улантууну жактап чыгышты. Анын айтымында, борбордук жолду тосуу менен жазыксыз жүргүнчүлөрдү мыкаачылык менен өлтүрүп, күмөн туудурган жолоочуларды суракка алууга мурдакы милиционер Баходыр Жалаловго эч ким укук берген эмес. Соттолуучунун кызмат иши менен Оштон Бишкекке кайтып бараткан кызматкерди тергеп-тескегенин райондук сотто далил иретинде көрсөтүлгөн видеотасма тастыктап турат:

- Баходыр Жалалов - бул ИИМдин ардагери. Бул колго түшкөн туткунду барымтага, сурак кылган. Бул пенсионер, юрист катары мунун акысы жок, видеодо турбайбы, биринчи сотто аныкталган мунун айыбы...

Айыпталуучулардын өтүнүчү канааттандырылбады

Соттордун көз каранды эместигине токтолгон мамлекеттик айыптоочу Нурлан Жаныш уулу айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын өтүнүчтөрүн четке кагууну сунуш кылды:

- Эч кандай негиз жок деп эсептеймин, булардын өтүнүчүн кабыл алууга. Себеби конституцияда жазылган, соттор көз карандысыз! Ошондуктан өздөрүнүн көз караштарын толук камтып туруп, өкүм чыгара алат деп эсептеймин. Мен каршымын, соттолуучулардын жана адвокаттардын келтирген өтүнүчтөрүнө.
Соттук коллегия

Облустук соттук коллегиянын төрагасы Жолдош Ибраев жактоочулардын Жалал-Абад облусундагы сотторго ишенбөө жана кылмыш ишин Жогорку Соттун кароосуна жиберүү жөнүндөгү сунушун мыйзамдык талаптарга карама- каршы келет деп, ал өтүнүчтөрдү четке каккан аныктамасын угузду:

- Жогоркулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 268; 284-беренелерин жетекчиликке алуу менен соттук коллегия аныктайт: Соттолуучулар жана алардын жактоочуларынын Жалал-Абад облусундагы бардык сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө келтирген өтүнүчтөрү канааттандырырылбасын. Аныктама даттанууга жатпайт. Соттук олтурум улантылсын!

Соттун жүрүшүндө 6 жабырлануучунун моралдык жана материалдык чыгымдары үчүн соттолуучулардан бир жарым миллиард сом каражат өндүрүп берүү жана айыпталуучу, милициянын ардагер подполковниги Гафуржан Абдурахмановдун ден соолугун текшерүү өтүнүчтөрү да мындан ары карала турган болду.
Айыпталуучулар сот залында.

Облустук соттун эмки олтуруму Ноокен райондук сотунун имаратында 14-январда улантылат.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маалымат кызматы буга дейре 12-13-июнь күндөрү пахта иштетүүчү Санпа аводунун айланасында Ош-Бишкек жолу менен жүргөндөрдүн арасынан 16 адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголуп, тогуз автоунаа өрттөлгөнүн билдирген эле.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG