Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Орусия: каза тапкан мигранттар кайгысы


Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

Акыркы күндөрү эле Орусиядан үч мигранттын сөөгү келди. Алардын бири электричканын алдында калып каза тапса, эки мигранттын сөөгү өзү жашаган үйдүн жанынан табылган.

15-февралдын таңында Санкт-Петербургдан Ошко эки кыргыз атуулунун сөөгү келди. 33 жана 28 жаштагы жигиттердин сөөгү 7-февралда Ленинград облусуна караштуу Волосовский районундагы өздөрү жашаган үйдүн жанында көмүлүп турган жеринен тартип коргоо кызматкерлери тарабынан табылган. Бул эки жигит өткөн жылдын октябрь айынан бери изделип жаткан. Москвадагы кыргыз элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева буларды билдирди:

- Булар былтыр 27-октябрдан тарта эле жумушунан чыккан боюнча дайынсыз кеткен. Ал боюнча ноябрь айында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан иш козголгон жана алар белгисиз жоголгондор катары издөөдө жүргөн болчу. Анан жакында эле алардын сөөгү табылды. Укук коргоо органдарынын бергени боюнча, аларды күч колдонуп өлтүрүшкөн.

Бул эки жигит өздөрү жашаган үйгө жакын жерде кароолчу болуп иштечү экен. Аларды кимдер өлтүргөнүн укук коргоо органдары учурда териштирип жатат.
13-февралда Нарын облусунун дагы бир тургунунун сөөгү Москвадан Бишкекке жеткирилди. Ал Москванын жанындагы Мытище шаарынан электричкага урунуп, каза тапкан. Анын өлүгүн таанып, сөөгүн Кыргызстанга жиберүүгө катышкан Нурбек аттуу жигит окуяны мындайча баяндады.

- Күндүзгү 1ден 40 мүнөт өткөндө электричка сүзүптүр. Анан 1ден 50 мүнөт өткөндө тез жардам жана милиция келген экен. Ал негизи адамдар өтчү жер экен. Бирок электричка келе жатканда эскертүү берилет. Бала өтүп кетем деген экен, артынан кыйкыргандар да болуптур, бирок укпай калган окшойт.

Бул каза болгон кыргыз жигит алданып, бир жылдай Дагестанда кулчулукта жүргөн. Кайрымдуу адамдардын жардамы менен кутулуп чыгып, өткөн жылдын ноябрь айында гана Москвага келген экен.

- Бир жыл мурда “жакшы жумуш бар, айлыгы жакшы” деп, бир дагестандык алып кеткен экен. Бирок аны кул кылып, эмгек акысын бербей коюптур. Дагестандан ал ноябрь айында качып келген. Качканга ошол жердеги адамдар жана милиция да жардам бериптир.

Руслан Эшимов ар кандай күтүүсүз кырсыктардан оолак болуу үчүн Орусияда жүргөн кыргыз мигранттарын жүрүш-туруштарын оңдоого чакырды.

- Көчөгө чыгып Кыргызстанда, айылда жүргөндөй тентектик кылбаш керек. Бир жыл, эки жыл иштегени келет экен, жумуштан чыккандан кийин үйдө тынч отурушса болмок, эч кайда чыкпай. Кечки дискотекага, түнкү клубдарга киргенди, арак-пиво ичкенди токтотуп, үйдө тынч отурса, күндүз жакшынакай жумушка барып келип турса, мындай кырсыктар кыйла азаймак.

Январь айында болсо Москвада 20 жаштагы жигитти өлтүрүп кетишкен. Ага удаа эле Орусиянын Подмосковье аймагында эки кыргызстандык жаран мергенчилик куралдын огунан буттарынан жараат алып, аларды жергиликтүү тургун, өздөрү жашаган үйдүн ээси атканы айтылган. Кыргыз мигранттарына кол салуулар өткөн жылы да бир канча ирет катталган. 2013-жылы болсо Орусияда ар кандай шартта каза таап, Кыргызстанга жеткирилгендердин сөөгү жалпысы 200дөн ашкан.

“Замандаш” партиясынын өкүлү Руслан Эшимовдун айтымында, Бишкектеги кыргыз бийликтери тарабынан мигранттарга эч кандай колдоо байкалбайт.

Балдар каза болуп жатат. Ушул кырсыктардын алдын ала турган деле мүмкүнчүлүктөр бар. Бул жөнүндө кайрылуу жасадык эле, эч кандай деле жооп жок. Сыягы аларга баары бир окшойт, “Орусиядагы мигранттардан мынча акча түштү” деп, ошону гана эсептегенди билет экен. “Кандай жардам кылып жатабыз, жумушка уруксат кагазын кантип алып, кантип жумушка орношуп жатат” деп ойлогон киши жок. Электричкада каза тапкан нарындык бала акыркы бир жарым айдан бери иштебей жүргөн экен. Ушундан улам ал “урдум ушул жашоону” деп, поездге боюн таштаганбы деп да ойлоп кетесиң.

Жыл өткөн сайын Орусия мигранттарга, анын ичинде кыргызстандыктарга шартты катаалдатып жатат. 2015-жылдан тарта кыргызстандыктар Орусияга ID-карт менен эмес, бир гана жалпы жарандык паспорт менен кире алышмакчы. Ошол эле кезде Орусиядагы улутчул жаштардын мигранттарга карата жек көрүү сезими да күчтүү.

XS
SM
MD
LG