Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстандын финансы министри өлкөнүн 240 миллион доллар карызын Орусия кечүүгө даяр экендигин билдирди.

Орусия тарап карыздан баш тартууда кандайдыр бир шарттарды койдубу же башка себеби барбы? Кыргызстандын башка сырткы карыздарын төлөө жөндөмү кандай? Алынган акчаны кандай пайдаландык жана ал өзүн актадыбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков, профессор Айылчы Сарыбаев жана экономика боюнча эксперт Мирсулжан Намазалиев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Финансы министрлигинин Кыргызстандын 240 миллион долларлык карызынын Орусия тарап кечүүгө даяр деген билдирүүсү көп талкууга жем таштоодо. Бир даары карыз азайганына сүйүнүшсө, башкалары Орусия жөн эле кечпейт, анын ордуна ири объекттер берилиши мүмкүн деген пикирлер да айтылууда.

Бакыт Сыдыков: Орусия тараптан кандайдыр бир шарттар коюлган жок. Макулдашуунун документтери бүтүп, күчүнө кирген соң анын текстин маалымат каражаттары аркылуу ачык-айкын, толук түрдө жарыялайбыз. Учурда макулдашуунун тексти эки тараптан иштелүүдө.

“Азаттык”: Орусияга карыз болгон 240 миллион доллар кайсы ишке, кайсы долбоорго алынды эле?

Бакыт Сыдыков: 240 миллион долларды кечүү жөнүндө иштер 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келатат. Мурдагы макулдашууларда жыл сайын 30 миллион доллардан жоюп туруу жөнүндө сүйлөшүлгөн, ал 2025-жылга чейин созулмак. Бул жолу ал убакытты күтүп отурбай эле жоюу тууралуу макулдашууга жетишип жатабыз.

Эми ал акча кайда жумшалган? 180 миллион доллар 1992-жылы пайда болгон карыз, ал эки өлкө ортосундагы соода операцияларына жумшалган болчу. Калган 300 миллион доллар 2009-жылдагы макулдашууларга ылайык алынган акча болчу.

“Азаттык”: Айылчы агай, Кыргызстан эгемендик алган 26 жылдан бери 4 миллиард долларга жакын насыя алынган экен. Сиздин баамыңызда аларды кандай пайдаландык, үзүрүн көрдүкпү?

Айылчы Сарыбаев: Бул карыздар 1990-жылдын башынан бери келатат. Алардын башы Эл аралык валюта фонду жана Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу алынган насыялар болду. Ал акча биздеги импорт-экспорттук таңкыстыкты жоюу, сомдун курсун кармоо үчүн узак мөөнөткө төмөнкү пайыз менен берилип келген.

Алар бизге бир топ шарттарды, талаптарды коюшкан: завод-фабрикаларды жойгула, колхоз-совхоздорду тараткыла, жерди менчиктештиргиле, эгер финансылык кризис болсо коркпогула, биз жардам беребиз деп жатышты. Алардын айткандарынын баарын аткардык, натыйжада завод-фабрикада, колхоздордо иштеген жүздөгөн киши жумушсуз калды. Анын натыйжасында бир жарым миллион кыргызстандык чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Алардын дагы бир талабы - бүт энерго секторду менчиктештиресиңер деген, анын чыры азыркыга чейин созулуп келатат.

“Азаттык”: Орусиянын 240 миллион долларды кечип жатышын сиз кандай баалайсыз? Бул айкөлдүкпү, алар чындап эле жардам бергиси келип жатабы, же башка себеби барбы?

Айылчы Сарыбаев: Эсиңерде болсо 300 миллион доллары 2009-жылдагы макулдашуу боюнча Камбар-Ата ГЭСин курууга берилген. Ал акчага ЦАРИИ деген ээлик кылып, андан ары эмне болгону белгисиз. Берки 180 миллион долларды Кыргызстан 90-жылдардын башында материал, товар түрүндө алган, убагында кайтарып бере албай калганбыз.

Бул карыздарды жоюнун бирден себеби мында: Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аракеттерин жасап келатат. Орусиянын бизге бере турган жардамынын бир формасы ушул – карыздарды жоюу. Бул Орусия үчүн да пайдалуу, саясий утуш, ал Кыргызстан үчүн да пайдалуу, карызыбыз жеңилдеп калды деп биз да сүйүнүп калабыз.

“Азаттык”: Мирсулжан мырза, кайсы мамлекет болбосун сырткы карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын жарымынан ашканда, өлкө экономикасына көйгөй жаралат деп айтылат. Бизде бул көрсөткүч 68 пайыздан ашып кетиптир, бизди эмне күтүп турат, же кабатырланууга негиз жокпу?

Мирсулжан Намазалиев: Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп көрөлүчү. Бир компания бар дейли, ал жылына 100 миң сом табат, анын тышкы карызы 100 миң сом болсо - бул бир аз коркунучтуу. Эгер ошол компания 20 миң сом таап, карызы 100 миң сом болсо – бул абдан коркунучтуу.

Кыргызстандын азыркы өнүгүшүн абдан төмөнкү деңгээлде экендигин эске алганда бул абдан коркунучтуу. Ички дүң продукция менен салыштырганда бюджеттин абалы да оор. Бизде карыздар улам көбөйүп жатат, ошол эле учурда төлөө жөндөмүбүз начарлап жатканы баарыбызды кооптондурушу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG